6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитика“Синьцзяндын жүрөгү” – Кашгар шаарына болгон сапар

“Синьцзяндын жүрөгү” – Кашгар шаарына болгон сапар

Сүрөт редакцияга таандык

Менин бул жолку Кытай жергесине болгон сапарым Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Кашгар шаары болду. Кытай жергесинде канча жолу болсом дагы, Кыргызстан менен чектеш, жакын аймагы болгон Кашгар шаарына бара элек элем. Менин бул жерге болгон кызыгуум “Кашгар гүлү” кинотасмасынан кийин ойгонду десем жаңылышпайм. Себеби, дал ошол тасмада Кашгар шаары толугу менен сүрөттөлүп, жергиликтүү элдин маданияты, салт-санаасы, меймандостугу жана улуттар аралык достугу таамай көрсөтүлөт.

Сүрөт редакцияга таандык

Бул жерде климат бийик тоолуу, башкача айтканда, жай мезгилинде ысык, кышында суук болот. Жаан-чачындын аз өлчөмдө болушуна карабастан, Кашгар суу жетишсиздигинен жапа чекпейт. Анткени мөңгүлөрдөн келген суулар топурактын абдан түшүмдүү болушуна мүмкүндүк берет. Ошондуктан бул аймакта эл ар качан көп болуп келген. Бул жерде азыркы тапта жеке гана уйгурлар, кытайлар эмес, тажиктер, кыргыздар жана монголдор дагы көп кездешет.

Сүрөт редакцияга таандык

Шаар автономдуу округдун түштүгүнөн орун алып, Кыргызстан, Тажикстан жана Афганистандын чек арасына жакын жайгашкан. Ал Кытайдын батыш шаарларынын бири. Ошондуктан Кашгар соодагерлер үчүн эң ыңгайлуу экономикалык, транзиттик аймак катары дагы белгилүү. Өзгөчө Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн “терезеси” болуп саналат.

     Акыркы мезгилде Кашгар шаары дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтердин сүйүктүү жайына айланууда. Кашгар – Чыгыш мусулман колоритинин жүзү болгон Кытай шаары. Анын көптөгөн ар кандай аттары бар. Мисалы: “Анар шаары”, “Синьцзяндын жүрөгү” жана ошондой эле “базарлар шаары”.  Чыгыш Түркстандын эң белгилүү “Чыгыш базары” дагы дал ушул Кашгар шаарында орун алган.

Сүрөт редакцияга таандык

Ал гана эмес, Кытай элинин башчысы Мао Цзэдундун 18 метрлик айкели дагы ушул жерде, элдик парктын аймагында жайгашкан. Кечке маал шаар тургундары жана меймандары ушул жерге келип сейилдеп, музыка менен бирге термелип, түркүн-түскө боелгон фонтандарды аралап, эң мыкты маанайда эс алып кетишет экен.

     Мага Кашгар шаары өзгөчө таасир калтырды десем болот. Ал жакта ар түрдүү маданияттар айкалышып, эриш-аркак өнүгүп жатканын көрүүгө болот. Муну менен эле катар, жергиликтүү айымдардын кийимдери башкача таасир калтырды. Бардыгынын кийимдери абдан жалтырак болот экен. Ар ачык түстүү көйнөктөргө кошулуп, колдорундагы, моюндарындагы алтындар ого бетер күнгө чагылышып, көнбөгөн адамга өзгөчө көрүнөт экен. Муну менен эле катар, тамак-ашы абдан берекелүү жана даамдуу экендигине күбө болдум.

Чыгыш Базары – Орто кылым дооруна карай сапар

Сүрөт редакцияга таандык

Кашгардын Чыгыш базары Борбордук Азиядагы эң ири эл аралык рынок болуп саналат. Чындыгында Чыгыш Түркстандын эң белгилүү жана ири базарлары дал ушул жерде топтолгон, бирок алардын арасында Чыгыш базары өзгөчө айырмаланып турат. Анткени кардарлар бул жакка Борбордук жана Чыгыш Кытайдан гана эмес, Пакистандан, Индиядан, Афганистандан, Непалдан жана башка кошуна өлкөлөрдөн жана региондордон дагы келишет.

Сүрөт редакцияга таандык

Базар жекшемби күнү өзгөчө көркүнө чыгат. Анткени дал ушу күнү аймактын бардык жакынкы жана алыскы айылдарынан дыйкандар, усталар келип, өз өндүрүштөрүн сатыкка коюшат. Бул жерден товарлардын бардык түрлөрүнүн арасынан уйгурлардын жана башка жергиликтүү улуттардын баштапкы маданиятынын өзгөчө буюмдарын табууга мүмкүн.

    Муну менен эле катар, базар орто кылым дооруна келгендей дагы сезим калтырышы мүмкүн. Ал жерде араба тарткандар, атчандарды кездештирүүгө болот. Ошондой эле салттуу чыгыш жана уйгур даамдары текчелердин көркүн ачып турат. Эң башкысы жергиликтүү сатуучулар улуттук кийимдерин кийип, Улуу Жибек жолундагы чыныгы чыгыш базарынын маанайын сырттан келген адамдарга тартуулап келишет.

Сүрөт редакцияга таандык

Чыгыш базары жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен дагы белгилүү. Бул жактан курал-жарактарды, тиричилик идиштерин, музыкалык аспаптардын түрлөрүн табууга болот.

    Базарда уйгур кол өнөрчүлөрүнүн жаратууларын, ошондой эле жибек буюмдарынын катарларын көрүүгө болот. Көз жоосун алган кийимдер, кездеме түрлөрү жана улуттук көйнөктөр базардын көркүнө-көрк кошот. Ошондой эле сөзсүз түрдө базарда соодалашуу зарыл, бул дагы бир “базар салты” десек болот.

Ид Ках мечитинин жаркыраган сулуулугу жана улуулугу

Сүрөт редакцияга таандык

Кашгардын негизги ажайып жайларынын бири Борбордук Азиядагы жана Кытайдагы эң ири мечит Ид Ках мечити болуп саналат.

    Мечит Шакессимирджи шаарынын башкаруучусунун буйругу менен 1442-жылы курулган. Мечиттин аты перс тилинен “майрамдык” деп которулат. 16800 м2 аянтты ээлеген мечит бир эле учурда 20 миңге чейин кишини ичине батыра алат. Ид Ках XV кылымдын ортосунда курулса да, имараттын пайдубалынын жаш курагы алда канча улуу. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, мечиттин пайдубалы Караханиддердин башкаруусунун учурундагы IX-XI кылымдарга таандык. Ид Ках заманбап мечитинин аянты Караханид доорунун байыркы мечити болгон болушу мүмкүн деген божомолдор дагы бар. Ал Кашгарды XIV кылымда Амир Тимурдун аскерлери басып алганынын натыйжасында талкаланган деп айтышат.

Сүрөт редакцияга таандык

Ид Ках өзүнүн сулуулугу менен эле эмес, улуулугу менен да таасирлентет. Ал Борбор Азия стилинде курулгандай, Кытайдагы заманбап мечиттерге окшош эмес. Мечиттин дубалдары сары жылтыратылган плиткалар менен жабылып, ар кандай жасалгалары куран жазуулары менен кооздолгон.

    Ид Ках мечити өз ишин бүгүнкү күнү дагы аткарып келет. Бирок бош кезинде сырттан келген туристтер үчүн атайын экскурсиялар дагы уюштурулуп турат. Албетте, мечитке баргандар ага ылайыктуу кийимдерде болуусу башкы шарт.

Гаотай-уйгур элинин тарыхы, маданияты жана искусствосу бириккен жер

    Бирок, тарыхый эстеликтердин көптүгүнө карабастан, шаардын эң белгилүү туристтик багыты Кашгардын түндүк-чыгышында жайгашкан Гаотай чакан айылы болуп саналат. Бул жерде, 10 гектар аянтында, уйгурлардын өздөрүнө ылайык, миң жылдан ашык убакытка созулган кол өнөрчүлөрдүн эң белгилүү отурукташкан аймагы жайгашкан.

    Азыркы тапта айылда 4 миңден ашуун тургун жашайт – бул 600гө жакын уйгур үй-бүлөсү.  Алардын кол өнөрчүлүк сырлары муундан-муунга өтүп, кылымдарды карытып келе жатат. Ошондуктан Гаотайда усталар тарабынан жасалган буюм-тайымдардын баасы өзгөчө. Карапачылар, жыгач жана темир оймолордун кол өнөрчүлөрү дал ушул жерде жашашат. Ушул жерде эң мыкты жана эң кооз улуттук уйгур музыкалык аспаптары жаралат.

     Гаотай айылынын жайгашкан жери дагы бир башкача. Бардык үйлөр кичинекей эңкейиште орун алып, андыктан үйлөр катмар-катмар жайгашкан сымал көрүнүштү берет. Айылда көптөгөн кичинекей көчөлөр, ошондой эле дарыялар жана көлмөлөр бар. Үйлөрдүн арасынан 100-400 жылдык өтө эски үйлөрдү табууга болот, алар дагы тарыхтын өзгөчө эстеликтери болуп эсептелет.

     Гаотай-уйгур элинин тарыхы, маданияты жана искусствосу бириккен жер. Бул жерде салттуу уйгур кол өнөрчүлүгү менен таанышуу жана уникалдуу прикладдык искусство чыгармаларын таануу гана эмес, акыркы миң жылда дээрлик өзгөрбөгөн уйгур элинин күнүмдүк жашоосунун салттуу стили менен дагы жакындан таанышууга толук мүмкүн.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии