15-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Бир алкак — бир жол” демилгесинин 10 жылдыгына арналган эл аралык форум өттү. Ага Кытай, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстандын окумуштуу, илимпоз, эксперттери онлайн жана офлайн форматта катышты. Күн тартибине коюлган тема – “Бир алкак — бир жол» демилгесинин бүгүнкү заманбап дүйнөдөгү позитив ролу”.
Демилгенин тарыхы
Мындан туура 10 жыл мурда 2013-жылдын сентябрында Кытай лидери Си Цзиньпин Астанага келип, Назарбаев университетинде лекция окуп, анда Кытай Борбордук Азия менен бир катар тармакта: саясий, транспорттук, каржылык, соода жана башка багыттарда кызматташуусун баштоонун мезгили келди деген кеңири алкактык идеяны жарыялаган. Ал “Жибек жолунун экономикалык алкагы” деп аталган. Эки айдан кийин ал Түштүк-Чыгыш Азияда сөз сүйлөп, байыркы деңиз соода жолун кайра жандандырууга болорун баса белгилеген. Демилгенин тарыхы мына ушул окуя менен башталат.
Улуттук университетте өткөн саамалык
“Бир алкак — бир жол» демилгесинин 10 жылдыгын утурлай Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн эл аралык форумга Кытай, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстандын окумуштуу, илимпоз, эксперттери онлайн жана офлайн форматта катышты. Демилгенин мааниси, бүгүнкү геосаясий, геоэкономикалык абалдагы ролу, Борбор Азия мамлекеттеринде ишке ашып жаткан инвестициялык долбоорлор, маданий-гуманитардык кызматташтык алкагында аткарылган иштер тууралуу баяндамалар жасалды.
Бүгүнкү Кытай жана дүйнө
Экономика илимдеринин доктору, Россиянын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин мурдагы орун басары Мухамед Циканов форумда баяндама жасап, бүгүнкү эл аралык соодадагы Кытайдын ролуна токтолду. Анын айтымында экономикалык өнүгүү, качан гана ошол экономиканын өзүндө өндүрүлгөн товарларды сата баштаганда болот. Бүгүнкү заманбап дүйнөдө Кытай дал ушундай өлкөлөрдун бири. Мындан 15-20 жыл мурда Кытай дүйнөлүк соодадагы ага чейин түзүлүп калган доминанттык абалды өзгөрткөн. Ошондон тарта Кытай жана АКШ ортосундагы атаандаштык башталган. Кытай азыркы учурда дүйнөдөгү эки экономиканын бири. Дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн 18 пайызы дал ушул күн чыгыш өлкөсүнө туура келет. Бул мамлекет Улуу Жибек-Жолу маалында да дүйнөлүк соодада өзүнүн орду бар болчу. Ал эми учурдагы “Бир алкак — бир жол» демилгеси тарыхтагы Улуу Жибек-Жолун кайрадан жандантууга болгон аракет экенин Циканов билдирди.
Борбор Азиянын туруктуу өнүгүү жолу
Эл аралык форумга катышуу үчүн Кытайдан бир нече окумуштуу, илимпоздор келди. Алардын катарында Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтыгы Институтундагы декандын мурдагы орун басары, профессор Лян Цзыцянь чөлкөмдүн экономикалык өнүгүүсү тууралуу доклад жасады. Окумуштуу Борбор Азия чөлкөмү тогуз жолдун тоомунда жайгашып, байыркы Жибек-Жолунун негизги бөлүгү болгонун белгиледи. “Аймактын соода-экономикалык ролу мурда кандай маанилүү болсо, азыр да дал ошондой мааниге ээ. Улуу Жибек-Жолун кайрадан калыбына келтирүү, жаңы соода маршруттарын иштеп чыгууда Борбор Азиянын мүмкүнчүлүктөрүн эске албай коюу мүмкүн эмес. Бул чөлкөм геосаясий жактан маанилүү аймак, мунай, газ, жаратылыш ресурстарына бай”,-деди Лян Цзыцянь. Ал жакында эле болгон Борбор Азия жана Кытай саммити, “Бир алкак — бир жол» демилгеси кызматташуунун жаңы деңгээлине чыйыр салганын айтты.
Кытайлык профессордун билдиришинче Борбор Азиядагы беш мамлекет үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу эл аралык сооданын жаңы барагын ачат. Европанын, Россиянын базарларына тез жана арзан продукция жеткирүүгө өбөлгө түзөт.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу
Бул долбоор “Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында Борбор Азияда ишке ашып жаткан негизги проект. Кытай менен Европаны бириктирген ири темир жолдун техникалык экономикалык негиздемеси даяр болду. Курулуш ушул жылы башталары айтылып келет.
Деңизге чыгууга жолу жок болгон биздин өлкө үчүн «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол магистралын куруу абдан маанилүү. Чыгыш менен Батыштын ортосундагы сооданы байланыштырган транспорттук маршрут ачылат. Кыргызстандын темир жолу азыркы туюк абалынан чыгып, транзиттик жолго айланат. Түндүк тараптан Кытайга түз кирип кетүү мүмкүндүгү пайда болот. Түштүк жактан болсо Тажикстанга, андан ары Афганистан, Иран, Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине жол ачылат.
Бул жерде Россия, Перс булуңундагы өлкөлөр, Иран, Түркия, Араб мамлекеттеринин да кызыкчылыгы чоң. Аларга Өзбекстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
“Бир алкак — бир жол» жана Кыргызстан
Кытай лидери Си Цзиньпиндин демилгеси “Бир алкак — бир жолдун” кыргыз экономикасына, инфратүзүмүнө тийгизген таасири абдан чоң. Бул тууралуу Улуттук университетте өткөн форумда мурдагы элчи Данияр Сыдыков учкай кеп кылды. “Ушул демилгенин аркасы менен ишке ашып жаткан Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган альтернативдик жол тууралуу өзгөчө белгилешибиз керек. Кытай өлкөсүнүн каржылык колдоосу менен салынып жаткан жол өлкө тарыхындагы негизги курулуштардын бири. Андан тышкары Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы да “Бир алкак — бир жолдун” алкагында ишке ашты. Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун модернизациясы, баш калаанын ички жолдорунун курулушу да Кытай өлкөсүнүн каражаты менен жасалды”,-деди экс-элчи Данияр Сыдыков.