11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕУлуттук госпиталдын “Ден соолук кербени” Чүй облусунун айылдарынын тургундарын профилактикалык кароодон өткөрүүдө

Улуттук госпиталдын “Ден соолук кербени” Чүй облусунун айылдарынын тургундарын профилактикалык кароодон өткөрүүдө

Улуттук госпиталдын «Ден соолук кербени» автопоездинин базасындагы көчмө консультациялык-диагностикалык кызматынын бөлүмү айылдардын жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын ооруларын алдын алуу жана диагностикалоону жакшыртуу максатында айыл тургундарын жана алыскы аймактардын жашоочуларын профилактикалык кароодон өткөрөт. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, «Ден соолук кербенинин» камтуу аймагына Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустары кирет.

«Ден соолук кербени» 2022-жылдын май айынан ноябрга чейин Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жети районундагы 129 миң 770 жашоочусу бар 24 айыл округун кыдырып, 41 815 тургундумедициналык кароодон өткөрүп, анын ичинен 4 621и лабораториялык жана диагностикалык жабдууларды колдонуу менен деталдуу текшерүүдөн өткөн.

2023-жылдын март айынан май айына чейин «Ден соолук кербени» Ысык-Көл облусунун 11 айыл округунун тургундарын камтып, анда 16 826 адам текшерилип, анын ичинен 2 437 адам лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын жардамы менен деталдуу текшерүүдөн өттү.

Учурда Улуттук госпиталдын көчмө консультациялык-диагностикалык кызматынын «Ден соолук кербени» Чүй районунун айылдарынын тургундарын профилактикалык кароодон өткөрүүнү улантууда. 2023-жылдын июнь айынын башынан бери 6 миңден ашуун адам текшерүүдөн өткөрүлдү.

Көчмө консультациялык-диагностикалык кызмат бөлүмүнүн иши «Ден соолук кербени» автопоездинин базасында ишке ашырылат. «Ден соолук кербени» автопоезди төрт модулдуу (чиркелген кабина) эки «Камаз 43118» унаасынан турат, булар офтальмологиялык, гинекологиялык, терапиялык, стоматологиялык, эндокринологиялык жана кардиологиялык ооруларды аныктоого ылайыкташтырылган «Флюорограф», «Стоматолог», «Диагностика» төрт модулдуу мобилдүү дарылоо-профилактикалык модулдары.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии