6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаКытай менен Кыргызстан достук кызматташуусун чыңдоодо

Кытай менен Кыргызстан достук кызматташуусун чыңдоодо

Үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдин бир катар Борбор Азия өлкөлөрү боюнча болгон турнеси мамлекет жетекчилеринин “5+1” форматындагы май айындагы жолугушуусуна даярдыктын негизги баскычтарынын бири болду десек жаңылышпайбыз.

Азыркы учурда Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон кызматташуусу, достук алакасы абдан жогорку деңгээлде. Азыркы тапта КЭРдин Борбор Азия өлкөлөрү менен жалпы товар жүгүртүүсү 50 миллиард долларга жакын экендиги белгилүү. Ошондой болсо дагы андан ары аны бекемдөө үчүн олуттуу потенциал сакталууда.

Ошондуктан биз КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун Кыргызстанга болгон сапары, Синьцзяндын Кытай менен Орто Азия өлкөлөрү менен болгон кызматташуусундагы ролу тууралуу кыргызстандык серепчилер менен байланышып, ой-пикирлерин сурадык.

Орозбек Молдалиев, саясат талдоочу: “СУАР стратегиялык жактан абдан маанилүү ролду ээлейт” 

-Кытай Эл Республикасынын  Синьцзян-Уйгур автоном району (СУАР) стратегиялык жактан абдан маанилүү ролду ээлейт. Географиялык жайланышы боюнча ал Афганистан, Пакистан, Индия, Борбордук Азия (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан) жана Монголия менен чектешет.
Кыргызстандын Кытай менен соода-экономикалык, транспорттук байланышы негизинен Синьцзян аркылуу жүргүзүлөт (Торугарт жана Эркештам текшерүү-өткөрүү пункттары, “Манас” – Урумчи авиакаттамдары).

Кыргызстан менен чектеш аймакта коңшу өлкөнүн Кызыл-Суу- Кыргыз автономдук облусу (борбору Артуш шаары) жайгашкан. КЭР экономикалык стратегиясында мамлекеттин түндүк-батыш регионун өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулгандыгы Синьцзяндын өткөн кылымдын аягындагы абалы менен бүгүнкү күндөгү жетишкендигин салыштырганда айкын көрүнөт.

Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондугун Пекин алгачкылардан болуп тааныган жана ошол мезгилден бери эки тараптуу кызматташтык жогорку деңгээлде жүргүзүлүп келе жатат. Чек ара жаатында дагы эч кандай маселелерибиз жок. Кыргызстандагы көптөгөн маанилүү объектилерди – жолдорду, ЛЭП терди (Датка –Кемин сыяктуу) коңшу өлкөнүн көмөгү менен ишке ашырылууда. Ар тараптуу кызматташтыгыбыз да ийгиликтүү уланып жатат. Кыргызстан ШКУнун активдүү мүчөсү катары буга өз салымын кошууда. Акыркы мисал катары, Кытай – Кыргызстан- Өзбекстан Кашгар- Торугарт- Ош – Ташкент темир жолун куруу макулдашылгандыгын айтсак болот.

Кыргызстанга Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун келиши маанилүү саясий окуя. Биз жогоруда айткан мамлекеттер аралык темир жолдун курулушу, салынып жаткан транспорттук курулуштардын бүткөрүлүшү жана Кыргызстандагы гидроэнергетикалык ири объекттер боюнча долбоорлордун ишке ашырылышына көмөктөшүү маселелерин коңшу өлкө менен тыгыз байланышта ишке ашыра алабыз. Орто-Токойдогу чакан ГЭС боюнча макулдашууга жетишилди.

Казакстанда болгон учурунда Ма Синжуй мырзанын “Кытай менен биз тараптын кызматташтыгы Синьцзяндын жоопкерчилиги аркылуу ишке ашырылат” дегени көп нерсени билдирип турат.

Жолдошбек Ботоноев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент: “СУАР Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы көпүрөлүк милдетти аткарып келет” 

— Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун Кыргызстанга болгон иш-сапарын “Кытайдын геосаясий жана геоэкономикалык жактан Улуу Жибек Жолун реконструкциялоонун алкагында Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү бизбиз жана Борбордук Азиядагы негизги геосаясий жана геоэкономикалык оюнчу бизбиз” дегенди түшүндүрөт десек болот.

СУАР Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы көпүрөлүк милдетти аткарып келет. Тарыхый, маданий, экономикалык жана саясий байланышты жакшыртууда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда бир топ иштер жасалып келе жаткандыгы белгилүү. ШКУнун алкагында дагы Кытай менен бир топ кызматташууларыбыз бар.

СУАРдагы Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу облусундагы кыргыздардын жашоо турмушу, тарыхы, маданияты, билим берүүсү, саламаттыкты сактоосу, экономикасы, саясаты жана өзгөчө Манас эпосуна байланыштуу комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Бул багытта биздин СУАР менен кызматташуубуздун мааниси абдан зор.

СУАРдан жана Кытайдын башка аймактарынан өндүрүлгөн продукциялардын СУАР аркылуу Борбордук Азияга жана башка пост-советтик өлкөлөргө чыгуусунда дагы СУАРдын орду жана мааниси абдан чоң.

Бактыбек Саипбаев — тарыхчы, саясат таануучу: “Ма Синжуйдун сапары биздин тыгыз кызматташтыгыбызга өбөлгө болуп бермекчи”

— Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун Борбор Азияга келиши менен Кытай абдан маанилүү сигнал берип жатат. Муну менен ал Орто Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан менен болгон мамилесин дагы да тереңдеп бекемдөөгө, кызматташууга даяр экенин көрсөттү десек болот.

Буга чейин деле коңшу мамлекет ар качан өзүнүн достук мамилесин көрсөтүп келген. Мисал катары белгилүү, кадыр-барктуу Кытай окумуштуусу Ю Тайшандын изилдөөсүн жана табылгасын айтсак болот. Мына, ал байыркы кытай жылнаамаларынын архивинен кыргыздардын биздин заманга чейинки 10-кылымда Кытай менен мамлекеттик мамилеси болгонун далилдеген. Мурда биз кыргыздар тууралуу алгачкы маалымат белгилүү кытай тарыхчысы Сыма Цяндын жазуусу боюнча б.з.ч. 2-кылымга тиешелүү деп билсек, эми андан сегиз кылым эрте эле кыргыздар тууралуу айтылгандыгы табылып жатат. Бул өтө чоң иш. Азыр болсо, бул жазууларды биздин Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен каражат бөлүнүп, толук кандуу изилдене тургандыгы айтылууда. Бул кадам дагы да болсо Кытай биз менен жакшы мамиледе болгусу келгенинин белгиси десек болот.

Ошондуктан, Кытай чиновнигинин биздин өлкөгө болгон сапары, албетте, абдан маанилүү. Бул биздин тыгыз кызматташтыгыбызга өбөлгө болуп бермекчи. Жакында эле Синьцзян менен Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Россияга «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу чечими кабыл алынды. Бул Кытай Борбор Азияда активдүү роль ойной тургандыгы жөнүндө сөз болуп жатат.

Өткөндө Путин менен Си Цзиньпиндин абдан маанилүү жолугушуусу болду. Алар көптөгөн документтерге кол коюшту, стратегиялык кызматташтык боюнча келишим түзүштү. Мына ошол жерде биздин аймак үчүн Кытай менен Россия Жибек Жолун өнүктүрүүнүн алкагында транспорттук коридорлорду жасоону чечкендиги жөнүндө абдан маанилүү чечим кабыл алынды.

Транспорттук коридор-бул мунай түтүгү, газ түтүгү, автомобиль жолдору, электр линиялары, ХАБдар, логистикалык борборлор жайгашып, Кытай менен Россиянын ортосунда кабыл алынган чечимдин аркасында бул жерде да экономикалык ишмердүүлүгүбүз жанданмакчы.

Кыргызстан менен Синьцзяндын ортосундагы кызматташтык жана өнүгүү абдан маанилүү. Ал мурун Кытайдын башка аймактарынан артта калган эле. Азыр СУАРДЫ активдүү өнүктүрүү боюнча стратегиялык чечим кабыл алынды. Билим берүүгө абдан көңүл бөлүнүүдө. Курулуш иштери өтө тездик менен өнүгүүдө. Аймактын өнөр жай тармагы дагы жогорку деңгээлде өнүгүп, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. КЭР Төрагасы Си Цзиньпин айткандай, Кытай элинин, жарандарынын жакшы жашоосу үчүн болгон күч-аракетин жумшап, бардык ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.

Азыркы учурда биз Синцзяндын айыл чарба, тоо-кен жана экология жаатындагы колдонгон ыкмаларын үйрөнүп, ушул багытта дагы кызматташууну бекемдесек жакшы болот деп ойлойм.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии