Жаркыраган жаз айынын кирип келиши менен биздин редакцияга дагы жакшы жаңылыгы менен Юсуп Мейсанов баш бакты. Эсиңиздерде болсо, бул адам “талассемиянын” оор түрү менен ооруган эже-сиңди Асия менен Амиранын атасы. Былтыр, 2022-жылдын июнь айында кыздардын операциясы үчүн “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” редакциясы кайрымдуулук жарманкесин уюштуруп, ага жалпысынан 50дөн ашуун кытай компаниялары катышып, 400дөн ашуун инсандар жардам колун сунуп, өз көмөгүн көрсөткөн.
Жыйынтыгында жалпысынан 30 миң доллардын тегерегинде акча- каражаты чогултулуп, 2022-жылдын 29-июнь күнү “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин жамааты Асия менен Амиранын үйүнө барып, кыздардын атасы Юсуп Мейсановго операция үчүн топтолгон сумманы өткөрүп беришкен.
Ошонун жыйынтыгы менен өткөн жылдын июль айында Юсуп Мейсановдун үй-бүлөсү Туркияга улуу кызы Асияга операция жасатуу үчүн учуп кетишкен.
Мына эми, быйыл жаз айынын башы менен Юсуп Мейсанов дагы биздин редакцияга келип, Асияга жасалган операция тууралуу айтып берди. Анын айтымында операция ийгиликтүү болуп, учурда узак мөөнөттүү реабилитацияны башынан өткөрүп жатышат.
Ал: “Операция өзү 45 мүнөттө эле аяктаганы менен андан кийин калыбына келүү процесси узак убакытты талап кылат экен. Азыркы тапта жүлүн чучугу калыбына келтирилип, акыбалы жакшырды. Асия өзүн жакшы сезүүдө. Күн өткөн сайын кызымдын абалы аста-астадан оңолууда.
Дагы да болсо Туркия дарыгерлери тарабынан онлайн түрүндө үзгүлтүксүз көзөмөл болуп жатат. Тийиштүү дары-дармектер менен күн сайын камсыздалып турат. Асияга донор болгон 30 жаштагы эркек адам экендиги гана белгилүү. Анын аты-жөнү азырынча айтылбайт дешти. Кийин, бардыгы жакшы болсо анын жакындары менен жолуктурушат экен. Ошол кезде аларга өз рахматымды билдире алам деп ишенем.
Убакыт өтүп, кызым чуркап ойнойт деген үмүтүм чоң. Ошондуктан учурдан пайдаланып, дагы бир жолу биздин үй-бүлөгө колдоо көрсөткөн, акчалай жардам берген бардык Кытай элчилигине, Кытай ишкерлерине, жарандарына, кыргызстандыктарга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирмекчимин.
Азыркы тапта кичүү кызым Аминага дагы операция жасоо үчүн акча-каражатын чогултуу иш-аракеттери жүрүп жатат. Донор табылса эле, операцияга Туркияга кайрадан бармакчыбыз”, — деп билдирди.
Юсуп Мейсановдун айтымында, эми Асия беш жыл бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болмокчу. Бул операциядан кийин адамдын толугу менен калыбына келүүсү үчүн ушунча убакыт талап кылынат экен. Ошондон кийин организмде баары жакшы болсо, бул жүлүн чучугу менен өмүр бою жашоого мүмкүнчүлүк болору айтылды.
Учурда Юсуп Мейсанов такси айдап, күнүмдүк керектөөлөрүнө акча табат. Бул кесип анчалык деле кирешелүү эмес, бирок ага зарыл болгон учурларда Аминаны ооруканага алып барып, кан куйдуруп, керек болсо дары-дармек сатып алууга ыңгайлуу. Мындай жашоо ритми менен ал бир нече жылдан бери жашап келет.
Энеси Алия болсо Асиянын жанында 24 саат бою калууда. Анткени ар бир дары берүү убактысы белгиленген. Андан бир мүнөт дагы кеч калууга болбойт. Муну менен катар эле, баланы дагы көзөмөлдөп, жанынан чыкпай кароо зарыл. Ата-эне балдарынын ден соолугу, жаркын келечеги үчүн колунан келген бардык аракеттерин кылышууда.
Балдардын күлкүсү бардыгынан баалуу
Эске сала кетсек, эже-сиңди төрөлгөндөн баштап эле Эне жана баланы коргоо Улуттук борборундагы кан оорулар бөлүмүндө каттоодо туруп, ар 20 күн сайын экөө тең 250 граммдан кан куйдуруп турууга муктаж болгон.
Асия менен Амирага онкологиялык “талассемиянын” оор түрү деген диагноз коюлган. Алардын толук сакайып кетиши үчүн Туркия мамлекетинен жүлүн чучуктарын алмаштыруу зарыл экендиги айтылган. Ал үчүн ар биринин операциясына 110 000 доллардан жалпы 220 000 доллар акча каражаты керектелери белгилүү болгон.
Кыздардын так диагнозун аныктоо дагы оор болгон. Соңунда мындай диагноз Индиядан коюлган. Кыздардын иммунитетинин начардыгынан алар бала-бакчага бара алышпайт, элдүү жерлерге дагы барууга болбойт. Эже-сиңди өзгөчө диетага дагы муктаж. Экөөнүн тең гемоглобиндери бир айга жетпей түшө баштагандыктан, ар дайым көзөмөл керек болгон.
Эми болсо Асиянын операциясы ийгиликтүү өттү. Биздин редакция Асияга дагы, Аминага дагы бактылуу балалык каалап, алардын батыраак сакайып кетишине чын жүрөктөн тилектеш экендигин билдирет. Балдар оорубасын, балдардын күлкүсү бардыгынан баалуу!