6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕБелгисиз адамдар арстандын балдарын таштап кетишти

Белгисиз адамдар арстандын балдарын таштап кетишти

2023-жылдын 30-мартында болжолдуу таңкы саат 5:30 чамасында белгисиз адамдар 2 арстандын балдарын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Бугу-Эне коомдук фондунун (зоопаркына) алдына таштап кетишкен.

Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Бугу-Эне коомдук фондунун кызматкерлери менен биргеликте жеринен акт түзүштү.

Арстандын балдарына ветеринардык кароо жүргүзүлүп, абалдары жакшы эмес экени, тактап айтканда — бирөсүнүн арткы буттары иштебей жатканы аныкталды. Аталган жаныбарларга толук кандуу реабилитациялык иштери жүргүзүү үчүн тиешелүү жака өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган жаныбарларды кимдер таштап кеткен боюнча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына башкармалык тарабынан кат жолдонду.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии