Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Бул күн расмий эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Рысбек Жабировдун сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбоосу үчүн өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген.
Ал эми 5-март Ак калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы “5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган.
Калпак – кара же кызыл сызыктары жана оймолору менен ширетилген, ак кийизден жасалган, өткөн замандан бери келе жаткан көчмөн кыргыз элинин мырзаларына таандык салттуу баш кийим. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр гана сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү катары белгилүү.
Кыргызда калпак “Тилик калпак”, “Айры калпак”, “Сайма калпак”, “Туюк калпак” болуп бир нече түргө бөлүнөт. Бирок, уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртүп жасашат. Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот.
Калпактын ар бир элементи өзгөчө мааниге ээ. Анын ак кийизден жасалганы анын ыйыктыгын, аруулугун түшүндүрөт. Кыргыз калпагы жашоо тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган, ыңгайлуу жеңил баш кийим катары көрүнөт. Бирок калпактын формасы, калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу терең маанини туюндуруп турат.
Ошондуктан ар бир кыргыз баласы улуттун баалуулугу болгон Ак калпакты барктап-баалап, анын касиетин муундан-муунга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Чолпонай ТУРДАКУНОВА