6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕДүйнөнү суктанткан Кытай - Кытай Коммунисттик партиясынын басып өткөн 100 жылдык жолу...

Дүйнөнү суктанткан Кытай — Кытай Коммунисттик партиясынын басып өткөн 100 жылдык жолу талкууланды  

18-июнь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү. Иш-чара “Кытай Элдик Республикасынын өнүгүү/модернизациялоо тажрыйбасы” темасынын алкагында уюштурулуп, жеке гана Кыргызстандын эмес, Кытайдын дагы алдыңкы окумуштууларын, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди, изилдөөчүлөрдү, кытай таануу адистерин, ЖОЖ мугалимдерин, дипломаттык уюмдардын өкүлдөрүн бир арага чогултту.

КР Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, КР мамлекеттик ишмери Медеткан Шеримкулов, окумуштуу, кытай таануучу Муратбек Иманалиев, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Абдрахманов Төлөбек ж.б. конференциянын сыйлуу меймандары болушту.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева өзүнүн куттуктоо сөзүндө, конференциянын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип,  иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо  дагы  өз салымын кошо тургандыгын баса белгиледи. Кытай Эл Республикасы — Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү жана достук алакадагы коңшусу экендигин айтып, Кыргызстан-Кытай ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуу байланышына дагы токтолуп өттү. Министрдин орун басары сөзүнүн соңунда, Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракеси менен коңшу элди куттуктап, ийгилик каалап кетти.

Ал эми легендарлуу парламенттин өкүлү, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов дагы Кытай Эл Республикасын ККПнын 100 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз-кытай алакасына дагы токтолуп өттү. Ал: “Кытай Эл Республикасы бул биздин коңшу мамлекет. Кыргыз эли дагы, кытай эли дагы байыркы тарыхка ээ. Мен учурдан пайдаланып Кытай жетекчилигине, окумуштууларына өз ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Себеби, бир нече жыл мурун Кытайдын архивдик материалдарынан кыргыздардын тарыхын дагы бир миң жылдыкка узарткан маалыматтар табылган. Ушул булактарга ылайык 2000 жылдык тарыхыбыз 3000 жыл болду”, -деп билдирди. Муну менен катар эле Медеткан Шеримкулов Кытай Эл Республикасы жокчулукту жоюу, жумушсуздук багытында дагы жакшы иштерди аткарып жаткандыгын айтып, Кытай Коммунисттик системасы адамзаттын тарыхындагы эң мыкты системалардын бири экендигине басым жасады.

Мындан сырткары өлкөбүздүн окумуштуулары, изилдөөчүлөрү Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракесине арналган атайын илимий баяндамаларын сунуштап, талкууга коюшту. Ар бир баяндама иш-чаранын катышуучулары тарабынан жакшы кабыл алынды. Муну менен эле катар Шанхай шаарындагы Кытай Педагогикалык университетинин Чыгыш борборунун изилдөөчүсү профессор Цуэй Хан дагы өзүнүн илимий докладын онлайн жасады.

Конференциянын материалдары Кытай менен экономикалык, илимий-техникалык жана маданий тармактарда, анын ичинде “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында өз ара пайдалуу кызматташууну өркүндөтүүгө кызыкдар илимий, билим берүү, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн арналды. Ошондой эле азыркы Кытайдын өнүгүшүнө жана кыргыз-кытай кызматташтыгынын келечегине кызыкдар болгон бардык адамдар үчүн пайдалуу болоору шексиз.

Эске сала кетсек, бул масштабдуу эл аралык конференция И. Арабаев атындагы КМУ, КРдин Улуттук Илимдер Академиясы, К. Дикамбаев атындагы ТИМ КРдин Дипломатиялык академиясы ж.б. тарабынан биргеликте уюштурулду.

Адылбек Касымалиев, КР Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары: “Эмгекчил элинин колдоосуна таянып, өлкө жетекчилиги кытай өзгөчөлүгү менен социализм өнүгүү жолун жемиштүү кура алды” 

— Мен үчүн бул эл аралык конференцияга катышуу чоң сыймык. Урматтуу элчи, урматтуу кесиптештер, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын атынан жана өзүмдүн атымдан Кытай Элдик Республикасынын Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракесине байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыздар. Бир кылымдын ичинде Коммунисттик партиянын жетекчилиги астында кытай эли өнүгүүнүн көптөгөн кыйынчылыктарын эмгек жана туруктуулук менен жеңип чыкты.

Эмгекчил элинин колдоосуна таянып, Кытайдын жетекчилиги кытай өзгөчөлүгү менен социализм өнүгүү жолун жемиштүү кура алды. Ал реформалар жана ачыктык саясаты аркылуу өлкөнүн социалисттик жаңылануусун ийгиликтүү жүргүзүүдө. Кытайда жаралган ийгиликтер мамлекеттин өзүндө жана башка өлкөлөрдө жашаган миллиард адамдын жашоо деңгээлин көтөрүүгө көмөкчү болууда.

Коронавируска каршы күрөшүү жолунда биздин өлк

өлөр бири-бирине таяныч болуп, достук алакасын актады. Мунун бардыгы мамлекеттик деңгээлде гана эмес, биздин өлкөбүздүн элдеринин ортосунда дагы чын ыкластуу достуктун жана өз ара колдоо көрсөтүүнүн айкын далили болуп саналат. Пандемиянын терс кесепеттерине карабастан, биздин өлкөлөрдүн ортосунда эки тараптуу байланыштар жана өз ара кызматташуу аракеттери жогорку деңгээлде сакталып келе жаткандыгын өзгөчө белгилегим келет.

Жакында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толот. 1992-жылы КЭР дүйнөдөгү мамлекеттерден биринчилерден болуп биздин өлкөнүн көз карандысыздыгын тааныган. Ошол мезгилден баштап эки өлкө ортосунда достук жана өнөктөштүк мамилелеринин жаңы тарыхы башталган.

Ушул жылдар аралыгында биздин өлкөлөр чоң ийгиликтерге жетишти. Саясий өз ара ишеним бекемделип, соода-экономикалык алака кеңейип, коопсуздук жаатындагы кызматташтык тыгыз өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү.

Президент Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө тараптар мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү керек деген бүтүмгө келишти. Алдыда Президентибиз Садыр Жапаровдун Кытайга боло турган иш сапары эки өлкөнүн мамилелеринин тарыхында дагы жаңы баракты ачат деп ишенем.

Бүгүнкү күндө Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Кытай билим берүү жаатында тыгыз кызматташат. Кыргызстанда кытай тилинин өнүгүшү активдүү колдоого алынууда. Өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында Синология факультеттери ийгиликтүү иштеп жатат. Өлкөдө 4 Конфуций институту бар, Бишкекте кытай тилин окуткан өзүнчө мектеп бар. Бүгүнкү күндө Кытайдагы кыргыз студенттеринин жалпы саны 4 миңден ашуун адамды түзөт.

Учурдан пайдаланып дагы бир жолу коңшу мамлекетти мындай маанилүү датасы менен куттуктайм. Эки мамлекет ортосунда достук алака өнүгүп, ар тарапуу кызматташуулар чыңдала берсин.

Ду Дэвэнь, КЭРдин КРдагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси: “Кытайда аймактык жакырчылык маселеси биротоло чечилди” 

-Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Кытай Коммунисттик партиясынын негизделгенинин 100 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленмекчи. Андыктан Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана жеке өзүмдүн атымдан бул эл аралык илимий конференциянын уюштуруу тобуна ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Муну менен катар эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Өкмөтүнүн өкүлдөрүнө жана иш-чаранын бардык катышуучуларына салам жолдойм.

Кытай улуту беш миң жылдык цивилизацияга ээ. Ал адамзаттын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон. Бирок, 19-кылымдын 40-жылдарынан баштап, Батыш державаларынын баскынчылыгынан жана бузулган феодалдык башкаруудан улам, Кытай бара-бара жарым колониялык жана жарым феодалдык коомго айланып, андан Кытай эли бир топ  кыйналып, жапа чеккен.

1919-жылы Кытай Биринчи Дүйнөлүк Согуштун жеңүүчү өлкөсү катары Париж Тынчтык конференциясына катышкан. Бирок Кытай элинин көз карандысыздыгын жана суверендүүлүгүн калыбына келтирүү каалоосу бул жыйында четке кагылып, Кытайдын Шаньдундагы немистер тарабынан мыйзамсыз алынган бардык артыкчылыктары Японияга өткөрүлүп берилди. Ички жана тышкы кыйынчылыктарга туш болгондо, Кытайдын чечкиндүү патриоттору өлкөнү өнүктүрүүнүн ар кандай жолдорун издеп, сынап башташты, бирок алар кытай элинин трагедиялуу тагдырын түп-тамырынан бери өзгөртө алышкан жок.

1921-жылы Кытайдын Коммунисттик партиясы түзүлүп, Кытай революциясы таптакыр жаңы жүзгө ээ болду. Кытайдын Коммунисттик партиясынын жетекчилиги астында кытай эли Кытай Эл Республикасын түзө алды. Жаңы Кытайда элдин карапайым массасы чыныгы кожоюнга айланды. Кытай улутунун өнүгүүсү үчүн жаңы барак ачты.

1978-жылы Кытайдын Коммунисттик партиясы 11- чакырылышта Борбордук Комитеттин үчүнчү пленардык жыйынын чакырып, жаңылыштыктарды оңдоо жана укукту калыбына келтирүү иштерин баштап, экономикалык курулушту көңүл чордонуна коюп, реформалоо жана ачыктык саясатын жүргүзүүнү чечти. Кытай экономикасы динамикалык өнүгүү жолуна түштү.

Реформа жана ачыктык саясатын жүзөгө ашыруунун 40 жылдыгында Кытай өнүккөн өлкөлөр жүздөгөн жылдар бою басып өткөн индустриялаштыруу процессин аяктады. Бүгүнкү күндө кытай эли «оокаттуу коомго» (Сяокаң коому) жетишүү жолунда ишенимдүү алга жылууда.

2017-жылдын 18-октябрында Кытайдын өнүгүүсүндөгү жаңы тарыхый мезгилди, башкача айтканда, Кытай өзгөчөлүктөрү менен социализм жаңы доорго кадам таштады. Кытайдын экономикалык кубаты, илимий-техникалык потенциалы, мамлекеттин жалпы кубаттуулугу жана элинин жашоо деңгээли жаңы деңгээлге көтөрүлдү. ККПнын негизделгендигинин жүз жылдыгына карата оокаттуу коомду толук куруунун биринчи жүз жылдык максаты аяктап жатат.

Элдин турмуш деңгээли бир кыйла жогорулады. 1978-жылдан 2020-жылга чейин Кытай калкынын ар бир адамга эсептелген кирешеси иш жүзүндө 28 эсеге өстү. Калктын жашоо узактыгы 1980-жылы 65 жаштан 2019-жылы 77 жашка чейин жогорулады. Медициналык камсыздандыруу жана социалдык камсыздандыруу калктын 95% камтыйт. Мектеп курагындагы бардык балдар тогуз жылдык милдеттүү билим алышат. Орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 50% дан ашыгы жогорку окуу жайларына тапшырышат.

Ушул жылдын башында КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кытай жакырчылыкка каршы күрөштө толук жеңишке жетишти деп салтанаттуу түрдө жарыялаган. Учурдагы эрежелерге ылайык, 98 миллион 990 миң айылдык жакырлар жакырчылыктан чыгарылды. Аймактык жакырчылык маселеси биротоло чечилди.

БУУнун түзүүчүсү жана анын Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Кытай БУУнун Уставынын негизги максаттарын жана принциптерин жүзөгө ашырууда, тынчтыкты коргоодо жана дүйнө жүзү боюнча биргелешип өнүгүүгө көмөктөшүүдө. Кытай менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн мамлекеттердин саны 18ден 180ге чейин өстү. Кытай 110дон ашык өлкөлөр, региондор жана эл аралык уюмдар менен ар кандай формада өнөктөштүккө ээ жана дүйнө жүзү боюнча өнөктөштүк тармактарын түздү.

Пандемия маалында Кытай өз тарыхындагы эң ири дүйнөлүк гуманитардык өнөктүктү баштады, 150дөн ашуун өлкөгө жана 13 эл аралык уюмдарга эпидемияга каршы материалдык жардам берди, дүйнөгө 280 миллиард маска, 3,4 миллиарддан ашык коргоочу костюм жана төрт миллиарддан ашуун тест топтомун берди. Кытай дүйнөдөгү биринчилерден болуп COVAX планына кошулган жана буга чейин өнүгүп келе жаткан 80ден ашуун өлкөгө коронавирус вакциналарын белек кылган жана 43 өлкөгө вакциналарды экспорттогон. Кытай вакцинаны көптөгөн өлкөлөргө жана өзгөчө өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге жеткиликтүү кылды жана алдыда дагы ушул багытта иш алып бара бермекчи.

Кытай дүйнөлүк системада маанилүү күчкө айланды, дүйнө жүзүндөгү тынчтыкты коргоого жана адамзаттын прогрессинин өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатат.

Кытай Коммунисттик партиясы 100 жылдык өмүрүндө кытай элинин бактысы жана кытай улутунун кайра жаралышы үчүн тынымсыз күрөшүп келген деп айтууга болот. Кытай эли ККПнын жетекчилиги астында кытай элинин улуу кайра жаралуу тилегин орундатуу үчүн болгон күчүн жумшоодо.

Кытай Кыргызстандын достук мамиледеги коңшусу катары Кыргызстандын өнүгүү жолун табууга, ошондой эле өлкөнүн гүлдөп өсүшү жана элдердин бактылуу жашоосу үчүн болгон иш-аракеттеринин бардыгы ийгиликтүү жүзөгө ашуусун чын жүрөктөн каалайт.

Төлөбек Абдрахманов,  И. Арабаев атындагы КМУнун ректору: “Кытайдын Коммунисттик партиясы — улуу элдин улуу адамдары негиздеген, мыкты идеяларга бай улуу партия” 

— Кытайдын Коммунисттик партиясы — улуу элдин улуу адамдары негиздеген, мыкты идеяларга бай улуу партия. Кытай Эл Республикасынын бүгүнкү күндөгү жетишкендиги элге кызмат кылып, элинин жаркын келечеги үчүн кам көргөн, узак мөөнөттүү туура чечимдерди кабыл алган партия гана ушундай бийиктиктерди багынта ала тургандыгын тастыктап турат. Мындай партия алдыда 100 жылдыгын гана эмес 1000 жылдыгын дагы белгилей алат. Эң башкысы, мындай ишмердүүлүктүн учуру дагы, келечеги дагы жаркын болоору шексиз.

Биз дагы эң төмөндөн туруп, ушундай бийиктиктерге жетиштик, бирок тилекке каршы Советтер Союзунун тарыхы башкача жолду басып өттү. Тарыхчы катары мен дагы ушул теманы изилдедим. Жана ККПнын башка жолго түшкөнүнө кубанычтамын. Азыркы учурда, Кытай дүйнөдөгү экинчи чоң экономикага эгедер, космосту өздөштүрүп жатат.

Эң башкысы, бул экономикалык жаңылануунун оптималдуу, сарамжалдуу жолунун далили. Бүгүн абдан жакшы пикирлер айтылды, Кытай боюнча илимий докладдар болду. Бул дагы биз үчүн кандайдыр бир өрнөк, өлкөбүздү өнүктүрүүдө жаңы экономикалык моделдер боюнча тажрыйба болмокчу. Учурдан пайдаланып, кесиптештерибизди, коңшуларыбызды ККПнын 100 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Кытайдын бүгүнкү жетишкендигинин артында Кытай Коммунисттик партиясы жана кытай эли тургандыгы талашсыз.

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии