11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕПрезидент Садыр Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына келди

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Армения Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу Президенттин Администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

— Коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армения Республикасынын Уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Беларусь Республикасынын төрагалык мезгилинде ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматтарды угат.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии