2.1 C
Бишкек
Пятница, 22 ноября, 2024
ДомойАналитикаАньхой – тоолор менен көлдүн кучагынан орун алган тарыхый жана табийгый сулуулук

Аньхой – тоолор менен көлдүн кучагынан орун алган тарыхый жана табийгый сулуулук

Кытай жергесине болгон кезектеги сапарыбызда Аньхой провинциясы чет элдик журналисттерди тосуп алды. Бул саякатыбыз дагы абдан кызыктуу өттү. Жергиликтүү бийлик жогорку деңгээлде тосуп алып, атайын расмий жолугушуу  өткөрдү.

Аньхой провинциясынын көпчүлүк бөлүгү тоолордун кучагында орун алган. Тоолор өтө бийик эмес, бирок абдан кооз. Мисалы, биз Хэфэй шаарынан Хуаншань шаарын көздөй автобус менен бара жатканда, айланадагы жаратылыштын кол менен жасап койгондой сулуулугуна күбө болдук.

Чындыгында, көпчүлүк үчүн Кытайдагы дүйнөгө белгилүү жайлар бул Улуу Кытай дубалы, Шанхай, дүйнөдөгү жалгыз панда коругу болгон Чэнду, Сиань аймактары. Ушул багыттар боюнча саякаттагандар абдан көп. Бирок булардан тышкары, Кытайда экзотикалык жана өтө кооз жерлер дагы арбын. Алардын бири – Аньхой провинциясы. Көптөгөн туристтерди Аньхой аймагынын тарыхы, маданияты жана жаратылышы өзүнө тартып турат.

Хэфэй провинциянын борбору Кытайдын эң байыркы шаарларынын бири. Ал Аньхойдогу эң чоң шаар. Мурда айыл чарба районунун борбору маанилүү жолдордун кесилишиндеги соода шаары катары дан жана өсүмдүк майын сатуу менен белгилүү болсо, бүгүнкү күндө Кытай электроникасынын жана кездемелерин чыгарган ири өнөр жай шаарына айланган. Ошондой эле, азыркы тапта Хэфэй шаары жасалма интеллект тармагына да барандуу салым кошуп, мыкты жетишкендиктерди көргөзүп жаткандыгына күбө болдук.

“iFLYTEK” – компаниянын алдыдагы максаты өзү ойлонуп, ой жүгүртө алган жасалма интеллекти иштеп чыгуу 

Хэфэй шаарында жайгашкан “iFLYTEK” компаниясы Азия-Тынч океан аймагындагы интеллектуалдык сүйлөө жана жасалма интеллект жаатында рыноктогу белгилүү компания. Ал 1999-жылы негизделген. Компания түзүлгөндөн бери акылдуу сүйлөө, табигый тилди таануу жана компьютердик көрүү (компьютерное зрение) сыяктуу технологиялар боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп, эл аралык деңгээлде алдыңкы технологияларды өнүктүрүүнү колдоп келет. Компания машиналарды “угууга жана сүйлөөгө, түшүнүүгө жана ойлонууга” үйрөтүп, жакшы дүйнөнү куруу үчүн жасалма интеллектти колдонууга умтулуп, жасалма интеллект өнүмдөрүн жана тармактык программаларды киргизүүнү активдүү илгерилетүүдө.

2016-жылы компаниянын илимий-техникалык базасы “котормочу” чыгарып, акылдуу өндүрүмдөр боюнча керектөө рыногунда кеңири кабыл алынган жаңы категорияны түздү. 2018-жылы бул автоматтык которуу системасы биринчи жолу кесипкөй котормочунун деңгээлине жетип, С ATI  котормочусунун кесиптик квалификациясынын деңгээлин аныктоо боюнча мамлекеттик тестирлөөгө катышкан.

2019 — жылдын жаңы муундагы үн которуу системасы жасалма интеллект багытында дүйнөлүк конференциянын эң жогорку сыйлыгы болгон Академия («жасалма интеллекттин көрүнүктүү лидери») сыйлыгына татыган. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында компания 2022-жылы Пекинде өткөн кышкы Олимпиада жана Паралимпиадада оюндарда тоскоолдуксуз байланыш түзүүнү көздөгөн расмий автоматтык үн которуу кызматын көрсөткөн жалгыз провайдер катары белгилүү. Котормонун сапаты дагы текшерилип, жылдан-жылга жакшыртылып келет.

Туристтердин сүйүктүү жайы болгон Хуаншань аймагы 

Хуаншань шаары өзүнүн узун тарыхына ээ. Азыркы учурда шаар 3 райондон (Туньси, Хуаншань жана Хуйчжоу) жана 4 уезден (Шэсянь, Сюнинсянь, Исянь жана Цименсянь) турат. Анын жалпы аянты 9807 чарчы км, калкы 1,5 млн.адам. Ал 1987-жылдан бери Хуаншань деп аталып келет. Ага чейин Синьань,  Шэчжоу жана Хуэйчжоу деп дагы атап келишкен. Бул жердин башкы өзгөчөлүктөрү бул – туризм, Сары тоолор (Желтые горы), байыркы шаарлар, архитектура жана чай болуп саналат. Негизи “Хуаншань” сөзүн кытайчадан которгондо “Сары тоолор” дегенди түшүндүрөт.

Хуаншань шаарында мамлекеттик деңгээлдеги 12 аймак жана элүүдөн ашык 5А деңгээлиндеги кооз аймактар жайгашкан. Хуаншань аймагын коңшу мамлекеттин тоолуу пейзаждарынын эң көрүнүктүү белгиси десек болот. Бул жакта дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастары, геопарктар орун алган.

Маданият бул аймактарда 5000 жыл мурун башталган. Бул жердеги эң эски өкмөттүк имараттардын жашы 2220 жылдан ашканы белгилүү. Шаар мурда маданий борбор, бүгүнкү күндө өнүккөн аймак, архитектуралык эстелик жана жакын жердеги Хуаншань тоолоруна саякаттагандар үчүн өткөөл пункт болуп саналат. Чай плантацияларынан тышкары, ал жерде дары чөптөр өстүрүлүп, көпчүлүк жергиликтүү шаркыратмаларга жана булактарга ден-соолукту чыңдоо максатында дагы келишет экен.

Хунцунь – байыркынын изи менен келечекке карай ачылган жол 

Бүгүнкү күндө дагы, гаджеттердин жана космостук шаттлдардын доорунда, жүз, эки жүз жыл мурунку жылдардагыдай сакталган айылдар бар. Алардын бири  Хунцунь айылы. Бул айыл Аньхой провинциясынын Хуаншань аймагында жайгашкан. Хунцунь айылы 880 жашта. Бул жердеги курулуштар Кытай императорлугунун 17, 18, 19-кылымдарга тиешелүү архитектуралык стилине ээ.  Жыгач пол, тар көчөлөр менен таш үйлөр…

Хунцунь айылы Хуаншандын түштүк этегиндеги Исянь округунун түндүк-чыгышында орун алган. Бул бука сымал суу системасы бар байыркы айыл. Ал “Кытай живописиндеги айыл” катары дагы дүйнөгө белгилүү. Түштүк Сун династиясынын Шаосин жылдарында хунцун эли алгачкы жолу жасалма суу системасын ишке ашырган. Биз муну “Кытайдын улуу жаратуусу” деп дагы атап койсок болот. Айылдын формасы жашыл тоолордун арасында жайбаракат, тынч жаткан буйволго окшош.

Тээ байыртан Мин жана Цин династияларынын доорунан бери бул жерде бүгүнкү күнү 140тан ашык турак жай сакталып калган. Чындыгын айтканда, айыл өзгөчө бир кооздуктун кучагынан орун алган. Бул жерде көл менен тоолор айкалышып, табият дагы бир башкача маанай тартуулап турат.

Хунцунь 2000-жылы Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген. Бул жерден Аньхой аймагынын жүздөгөн жылдар аралыгындагы соодагерчиликтин жеңиштери жана утулуштарын көрүүгө болот. Аньхой аркылуу улуу Янцзы дарыясы агат, ал кытай доорунда негизги соода жолу болгон. Айылда эски мектеп, сыйынуу жайлары бар. Азыркы тапта бул аймакта 1000дин тегерегинде адам жашайт. Жергиликтүү тургундар негизинен көптөгөн туристтерди тейлөөгө тартылган. Алар үйлөрүн сувенирлерди жана азык-түлүктөрдү саткан дүкөндөргө айлантышкан. Ошондой эле тамактануу жайлары дагы көп кездешет экен.

Бирок, айыл Эски архитектурасы менен гана белгилүү эмес. Ал атактуу “Крадущийся тигр, затаившийся дракон” тасмасынын тартуу аянтчаларынын бири болгон. Тасма 2000-жылы жарык көрүп, эл аралык кино рыногунда “жылдызы” аталган. Ал 15 миллион чыгым менен, дүйнөлүк кассадан 213 миллион доллар чогулткан.  “Оскардын” рекорддук 10 номинациясына көрсөтүлүп, төрт жеңүүчү статуэткага (чет тилдеги эң мыкты тасма катары, ошондой эле сүрөтчү, оператор жана композитордун эмгеги үчүн) ээ болгон.

Ошондой эле бул айылга дүйнө жүзүнүн ар тарабынан сүрөтчүлөр дагы келип турушат экен. Алар негизинен лотос гүлдөгөн маалда келишип, табияттын сулуулугун, байыркы архитектуралык курулуштарды тартып кетишет дешти.

Аньхой провинциясынын башкы байлыгы Хуаншань, Сары тоолор. Ал кооздукту сүрөттөп айтып берүү такыр мүмкүн эмес. Дал мына ушул тоого болгон сапарыбыз тууралуу гезиттин кийинки санында айтып бермекчимин.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии