“Кытай эл аралык басма сөз байланыш борбору” долбоорунун алкагындагы Кытай жергесинде болгон сапарым уланууда. Өткөн санда Шанхай шаарындагы V Кытай эл аралык импорттук товарлар көргөзмөсү (China International Import Expo CIIE 2022) тууралуу маалымат берген элем. Бул жолу болсо Шанхай шаары жөнүндө айтып бермекчимин.
Чындыгында, бир кезде Янцзы дарыясынын оозундагы кичинекей балыкчылар айылы болгон Шанхай бүгүнкү күндө ири мегаполис. Ал дүйнөдөгү эң жыш шаарлардын бири болуп эсептелет. Анын архитектурасы кылымдарды карыткан, улуттук каада-салттар менен заманбап технологияларды айкалыштырып курулган, асман мелжиген имараттарга бай. Акыркы жылдары Кытай жетекчилиги экологияны коргоо, айлана-чөйрөгө кам көрүү жана энергияны үнөмдөө багытына өзгөчө басым жасап, көңүл бургандыгы үчүн Шанхайдагы курулуштарда дагы бул талаптар сакталып, жаратылышка зыян келтирбөө максаты башкы орунду ээлеп келет.
Шаардын борбору асман тиреген заманбап курулуштарга бай – Пудонг району болуп саналат. Бул жерде кеңсе имараттары жана шаардын көркүн ачып, ажайып жайга айланган курулуштар топтолгон. Алар дүйнө жүзүнө “Шанхай символдору” катары белгилүү. Мисалы: Шанхай мунарасы — дүйнөдөгү асман тиреген имараттардын ичинен экинчи орунда турат. Аны менен катар эле көз жооосун алган Джин Мао мунаралары жана Шанхай дүйнөлүк каржы борбору курулган. Ошол эле жерде «Чыгыштын бермети» теле мунарасы жана Шанхай аквариуму жайгашкан. Учурда бул курулуштар шаардын өзгөчөлүгүнө айланып, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген саякатчылардын сөзсүз түрдө барчу жери болуп саналат.

Кечки Шанхай – бул чыныгы жомок! Кечки жарыктардын жарыгындагы шаар сиз күткөн кооздуктан дагы ашып түшөт. Вайтань жээги, Шанхайдын түнкү пейзажынан ырахат алуу үчүн эң мыкты жер. Түстүү жарыктар менен жарыктандырылган архитектуралар жана Хуанпу дарыясынын аркы өйүзүндөгү заманбап асман тиреген имараттар 18:00дөн 22:00гө чейин жарыктандырылып, кечки шаардын көркүнө-көрк кошот. Кечинде дарыядагы круиз жагымдуу маанай тартуулап, эң мыкты көз ирмемдергерге бай болоору шексиз.
Шанхай мунарасы – инженердик шедевр жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун үлгүсү
Шанхай мунарасынын бийиктиги 632 метрди түзөт. Ичинде ири кытай жана чет элдик компаниялардын кеңселери жайгашкан. 118, 119 жана 121-кабаттарда дүкөндөр жана бутиктер, мейманканалар, ресторандар, СПА, фитнес клуб, бассейн, концерт жана көргөзмө залдары, көрүү аянтчалары бар. Төмөнкү жер астындагы кабаттар экскурсиялык зонага (В1), метро станциясына (В2) жана унаа токтотуучу жайга (В1 — В5) кирүүгө арналган.
Бул мунаранын жер үстүндөгү кабаттарынын саны 128, ал эми жер астындагы кабаттардын саны 5. Кадимки лифттер мынчалык көп кабаттарды жана адамдардын агымын көтөрө алмак эмес, ошондуктан долбоор дүйнөдө экинчи болуп эсептелген эки жогорку ылдамдыктагы лифтти камтыган. Алар секундасына 20,5 метр ылдамдыкта кыймылдашат.
Шанхай мунарасы JunXia архитектору тарабынан жасалган уникалдуу дизайнга ээ. Анда жамгыр суусун чогултуу мүмкүнчүлүгү камтылган, ал андан ары чарбалык муктаждыктар үчүн колдонулат. Асман тиреген имараттын бара-бара ийилген формасы шамалдын жүгүн азайтууга жардам берет. Бул дизайн куруучуларга материалдарды жана элүү миллион доллардан ашык каражатты үнөмдөгөн. Имараттын жалпы аянты 578 000 чарчы метрди түзөт.
Бул курулуштун үстүнө электр энергиясын өндүрүүчү шамал турбиналары орнотулган. Имараттын маңдайындагы айнек да геотермалдык энергияны камтыган муздатуу жана жылытуу системаларындагы стрессти азайтат. Чындыгында, Шанхай мунарасын инженердик шедевр жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун мисалы деп айтсак эч жаңылышпайбыз.
Жерден 562 метр бийиктикте жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик “көрүүчү аянтчасы” Шанхай мунарасында жайгашкан. Ошондуктан бул жакка туристтер абдан көп келет. Бул аянтчадан Шанхай шаарынын кооздугун үстүнөн көрүүгө болот. Ал чоң айнектер менен тосулуп, жабык тибинде.
Шанхай мунарасынын көрүүчү аянтчасына асманда булут жок, мыкты аба-ырайы учурунда баруу керек. Анткени, булут каптаган учурда эч нерсе көрүнбөй калат. Менин жеке пикиримде бул жерге кечинде баруу абдан жакшы. Себеби, түнкү Шанхайдын панорамасы өзгөчө кооздукка ээ. Ошондой эле, жогорку кабаттарда мунаранын сүрөтү түшүрүлгөн буюмдарды саткан кафе жана сувенир дүкөндөрү бар.
Бирок, мага Шанхай мунарасындагы өзгөчө таасир калтырган нерсе бул – “Ажыдаар көзү” инсталляциясы болду. Ал мунаранын эң жогорку кабатында жайгашып, жарыктандыруу технологиясынын жана музыканын жардамы менен “ажыдаар көзү” ачылганда укмуштуудай таасир калтырат экен. Бул жерде өтмүш менен келечек айкалышып тургандай сезим болду.
Вайтань – Кытайдын “Европа аралчасы”
Шанхайдын борборунда, Хуанпу жээгин бойлой, Кытайдын эң белгилүү жерлеринин бири – Вайтань аймагы жайгашкан. Анын узундугу бир жарым километрге жетет. Бул шаар тургундарынын жана туристтердин сүйүктүү жери, “Европанын чоң Азия өлкөсүндө жоголгон кичинекей аралчасы” десек дагы болот. Вайтань өзүнүн ар түрдүүлүгү менен суктандырып, анын архитектурасында көрүлгөн инновациялык идеялар менен таң калтырат. Анын экинчи тарабында биз жогоруда айтып өткөн, Пудонг бизнес районунун асман тиреген имараттары жайгашкан.
Вайтань аймагынын тарыхы 19-кылымдын ортосунда Кытай өкмөтү чет элдиктерди жайгаштыруу үчүн Хуанпунун сол жээгиндеги өзгөчө бир жарым миль аралыкты берүү чечимин кабыл алган учурдан башталат. Ошондо эч ким бир нече ондогон жылдар өткөндөн кийин бул жер Шанхайдын өнүккөн каржы борборуна айланат деп эч ойлобосо керек.
ККПнын эң алгачкы съезди болуп өткөн жай
Шанхайда дагы тарыхый белгилүү жерлердин бири бул — Кытай Коммунисттик партиясынын Биринчи Конвенциянын мемориалдык музейи. Бул музей Кытайдын Коммунисттик партиясынын Улуттук биринчи класстагы музейи болуп саналат. Коммунисттик партиянын эң алгачкы съезди дал ушул жерде болуп өткөн.
Бул жерде ант берүү жана жаңы көргөзмө залдары орун алган. ККПнын алгачкы съезди өткөн курулуш Шанхайдагы 19-кылымда таркатылган турак үйлөрдүн архитектуралык Шикумэнь стилинде 1920-жылы курулган. Ал эми 1921-жылдын 23-июль күнү Кытай Коммунисттик партиясынын биринчи курултайы болуп өткөн.
Дал ошол жыйында ККПнын биринчи программасы жана партиянын алгачкы резолюциясы кабыл алынган. Ошондой эле борбордук башкаруу органы шайланып, Кытай Коммунисттик партиясынын курулушу жарыяланган. 1952-жылы сентябрь айында Биринчи курултай өткөрүлгөн жайдын орду оңдолуп-түздөлүп, эл үчүн атайын мемориалдык зал ачылган. 1961-жылдын март айында Мамлекеттик Кеңеш бул жайды маданий баалуулуктарды коргоо боюнча улуттук объект катары жарыялаган.
Музей ичинде толугу менен Кытай Коммунисттик партиясынын кыскача тарыхы менен таанышып чыгууга болот. Бул жерде жеке гана тарыхый документтер, буюм-тайымдар сакталбастан, заманбап технологиялардын жардамы менен эң таасирдүү кыскача тасмалар дагы коюлуп, элге тартууланат. Ошондуктан музейди кыдырып чыккан соң, ККПнын басып өткөн тарыхый жолу менен толук кандуу таанышууга мүмкүн болгондугуна күбө болдук.
Чолпонай ТУРДАКУНОВА