-0.9 C
Бишкек
Пятница, 18 октября, 2024
ДомойВ КИТАЕExpo CIIE 2022 – Кытай рыногуна чыгуу үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк

Expo CIIE 2022 – Кытай рыногуна чыгуу үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк

4-ноябрь күнү Кытай Эл Республикасынын “Бизнес борбору” – Шанхай шаарында V Кытай эл аралык импорттук товарлар көргөзмөсүнүн (China International Import Expo CIIE 2022) ачылыш аземи болуп өттү. Бул күнү көргөзмөнүн медиа-борбору дагы толук кандуу өз ишин баштады. Аталган иш-чараны чыгылдыруу үчүн 79 мамлекеттен журналисттер катталып, жалпысынан чет өлкөлүк жана жергиликтүү 2900 ЖМК өкүлдөрү катышты. Көргөзмөнүн ачылыш аземи онлайн форматында өтүп, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин видео кайрылуу аркылуу сөз сүйлөп, алты күндүк көргөзмөнүн максаты-дүйнө жүзүндөгү компанияларга өз өнүмдөрүн сунуштоого жана бизнес өнөктөштөрүн табууга мүмкүнчүлүк берүү экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал, ачыктык-адамзат цивилизациясынын прогрессинин маанилүү кыймылдаткыч күчү жана бүткүл дүйнөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө карай жол экендигин белгилеп, азыркы учурда, тездетилген темп менен дүйнөдө акыркы жүз жылда болуп көрбөгөндөй зор өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын айтып өттү.

КЭР Төрагасы: “Дүйнөлүк экономика акырындык менен калыбына келүүдө. Биз өнүгүүнү, кызматташтыкты, инновацияны жана жалпы утушту стимулдаштыруу үчүн ачыктык жолунда бекем жүрүшүбүз керек. Экономикалык глобалдашууну алдыга жылдыруу, өнүгүү үчүн жаңы драйверлерди өстүрүү жана дүйнөнүн бардык элдерине өнүгүүнүн жемишин берүү маанилүү.

          Кытай Коммунисттик партиясынын 20-съездинде Кытай тышкы дүйнөгө ачыктыктын негизги мамлекеттик саясатын туруктуу жүргүзүп, өз ара пайда алуу үчүн ачыктык стратегиясын ырааттуу карманып, экономикалык ааламдашуунун туура жолун ишенимдүү басып, ички жана тышкы рыноктордун ресурстарынын синергиясын күчөтө тургандыгы баса белгиленди. Жаңы өнүгүү аркылуу Кытай бүткүл дүйнө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү, ачык дүйнөлүк экономиканын калыптанышына дем берүүнү улантат.

Биз бардык өлкөлөр жана өнөктөштөр менен өзүбүздүн чоң рыноктун кеңири мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүшөбүз. Кубаттуу ички рынокту түзүүнү тездетип, товарлар менен сооданы оптималдаштырууну жана модернизациялоону илгерилетмекчибиз. Кызмат көрсөтүүлөр менен сооданы өнүктүрүү механизмин жаңыртабыз, жогорку сапаттагы продукциянын импортун кеңейтүү менен катар “Жибек жолунун электрондук коммерциясы” пилоттук зонасын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну инновациялык өнүктүрүүнүн мамлекеттик үлгүлүү-көрсөтмө аймактарын түзмөкчүбуз. “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде жогорку сапаттагы кызматташууну, сооданы креативдүү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөбүз” – деп, билдирди.

Ошондой эле, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кытай бардык өлкөлөр жана өнөктөштөр менен институционалдык ачыктыктын мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүшүп, эрежелерди, жөнгө салууну, башкарууну жана стандарттарды камтыган системалык планда ачыктыкты ишенимдүү түрдө кеңейте тургандыгын баса белгиледи.  Муну менен катар, кошуна мамлекет чет өлкөлүк инвестициялар үчүн колдоого алынган өнөр жай тармактарынын жаңыланган тизмесин толугу менен ишке киргизип, реформаларды жана ачыктыкты илгерилетүү үчүн комплекстүү пилоттук платформанын потенциалын ачуу маанилүүлүгүнө дагы басым жасай тугандыгы белгилүү болду.

Сөз соңунда, Си Цзиньпин: “Кытай бардык өлкөлөр менен чыныгы көп тараптуулукту ишке ашырууга, ачыктык жөнүндө өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө, глобалдык экономикадагы кыйынчылыктарды жана чакырыктарды биргелешип жеңүүгө даяр”,  — деп билдирди.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине салтка айланып калгандай эле, бир катар мамлекеттердин өлкө башчылары жана өкмөт мүчөлөрү катышты. Алар дагы ааламдашуу доорунда мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешип, ЭКСПО жалпы катышуучулар үчүн ийгиликтүү кызматташуу, Кытай рыногуна чыгуу үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк экендиктерин баса белглешти.

Шанхай — дүйнөнүн эң мыкты өндүрүмдөрү  көргөзмөсүнө меймандарын тосуп алды

Ал эми 5-ноябрь күнү Эл аралык Кытай импорттук товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр көргөзмөсү ачылды –  China International Import Expo CIIE 2022. Көргөзмөгө 145 мамлекеттен 300гө чукул компания катышууда.

Жогоруда айтылгандай бул иш-чараны өткөрүү демилгеси Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан 2017-жылдын май айында Пекинде өткөн «Бир алкак-бир жол» эл аралык кызматташтык форумунда көтөрүлгөн. Көргөзмөнүн уюштуруучулары Кытайдын соода министрлиги жана Шанхай шаарынын элдик өкмөтү болуп саналат.

Бул жылы Кытай эл аралык импорттук көргөзмөсүнүн 5 жылдык мааракесин белгилөөдө. Ошондуктан бул дагы көргөзмөнүн өтүүсү үчүн өзгөчө шаң берүүдө десек жаңылышпайбыз. Мен алгачкы жолу мындай эл аралык деңгээлдеги ЭКСПОго катыштым. Чындыгында иш-чара абдан жогорку деңгээлде уюштурулду. Журналисттердин иштөөсү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилди. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, ооруну жайылтпай алдын-алуу боюнча Кытай өлкөсү бүтүндөй дүйнөгө мыкты үлгү боло алат деп ишенимдүү түрдө айта алам. Себеби, көргөзмөдө дагы бардык санитардык талаптар аткарылды.

Чындыгында көргөзмөнү толук кандуу кыдырып, бардык коюлган товар, продукциялар менен жакындан таанышуу үчүн бир күн аздык кылды. Бирок жалпысынан маалымат алдык десек болот. Бул көргөзмө Кытай рыногуна чыгып, кошуна мамлекет менен соода жаатында алака түзүү үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк. Ошондуктан сырттан келген ишкерлер, катышуучулар өз өлкөсүнүн эң мыкты продукциялары менен келип, катышууда. Иш-чарага жүздөгөн жаңы продукциялар, технологиялар жана кызмат көрсөтүүлөр коюлду. Бул жылы ЭКСПОнун алкагында үрөнчүлүк жана жасалма интеллектке арналган жаңы көргөзмө зоналары ачылды.

Менин өзгөчө көңүлүмдү бурган көргөзмө залдары бул автоунаа жана жасалма интеллект аймактары болду. Музыкант, футболист, унаа куруучу роботтор, айдоочусу жок, өзү башкарылган автоунаалар – жасалма интеллект доорунун босогосунда тургандай сезим калтырды.

Көргөзмөнүн алкагында жүздөгөн бизнес иш-чаралар, семинарлар, конференциялар, В2В жолугушуулары өткөрүлмөкчү. Бул дагы ЭКСПОнун катышуучуларына бизнес байланыштарын түзүүгө кошумча мүмкүнчүлүк бермекчи.

CIIE-бул дүйнөдөгү биринчи улуттук импорттук көргөзмө жана сооданы либералдаштырууну, экономикалык ааламдашууну жана Кытай рыногун бүткүл дүйнөгө активдүү ачууну бекем колдоо үчүн маанилүү кадам. Анын максаттары бүткүл дүйнө өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты чыңдоого дем берүү, дүйнөлүк сооданын жана дүйнөлүк экономиканын өсүшүн илгерилетүү, ошондой эле ачык-айкын жана таза дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүн колдоо болуп саналат.

Эске салсак, 2018-жылы биринчи импорттук ЭКСПОнун ачылышында КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жакынкы 15 жылда Кытай товарларынын жана кызматтарынын импортунун жалпы көлөмү 40 триллион долларды түзөөрүн, анын ичинен 30 триллион долларлык товарлар жана 10 триллион долларлык кызматтар импорттолоорун айтканы бар. Учурдагы дүйнөлүк кырдаал, коронавирус пандемиясы жана ар түрдүү күтүүсүз тоскоолдуктарга карабастан, Кытай бул планды толугу менен аткарат деп ишенсек болот.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии