6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитика“Партиянын жоопкерчилиги өтө чоң, ал эми миссиясы — ардактуу” - КЭРде...

“Партиянын жоопкерчилиги өтө чоң, ал эми миссиясы — ардактуу” — КЭРде ККПнын XX курултайы өтүүдө

Менин Кытай жергесине болгон сапарым ар тараптуу жана абдан кызыктуу өтүүдө. Бирок бул сапарымдын эң башкы белеги бул – менин Кытай Коммунисттик партиясынын (ККП) XX курултайына (съезд) катышуу жана аны чагылдыруу болду десем эч жаңылышпайм. Кытай Эл Республикасынын келечектеги багыттары белгиленип, өлкөнүн эң башкы маселелери  талкууга алынып жаткан  иш-чарага катышуу, Элдик жыйындар үйүндө КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин докладын угуу мен үчүн, чындыгында чоң сыймык болду. Бул кадам журналисттик жолумда чоң тажрыйбалардын бири болуп калды.

Чындыгында бул иш-чара абдан жогорку деңгээлде уюштурулду. Дүйнөнүн 80 мамлекетинен келген 300дөн ашуун журналисттер үчүн ККП жыйынын толук кандуу чагылдыруу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жергиликтүү мейманканада атайын Пресс борбор уюштурулуп, ал жакта репортаж, маектешүүлөр үчүн жумуш бурчтары, заманбап техникалар менен жабдылган иштөө орундары жана суроо-жооп үчүн атайын чоң залдар бөлүнүп берилди.

Ошентип, 16-октябрь күнү Кытай Коммунисттик партиясынын XX Курултайы өз ишин баштады. Бул жерде КЭРдин бардык аймактарынан келген эл өкүлдөрү өлкөнүн мындан аркы өнүгүү багытын аныктап, жогорку партиялык жетекчиликти шайлашмакчы.

Съезд КЭРдин саясий календарындагы негизги окуя болуп саналат. ККПнын биринчи курултайы 1921-жылы уюштурулуп, андан кийин партия мүчөлөрүнүн жалпы саны 50дөн ашкан бир нече гана өзүнчө «ийримдер» болгон. Бүгүнкү күнү Кытайдын Компартиясы 96,7 миллион мүчөдөн турган гигантка айланып, дээрлик 1,5 миллиард калктуу өлкөдө бардык процесстерди башкарып келет. Мурда жыйындар ар кандай тыныгуулар менен өткөрүлүп келсе, 1977-жылдан баштап ал беш жылда бир жолу өткөрүү салтка айланган.

Бул жолу Курултайга катышуу үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан 2340 делегат келди. Алардын бардыгы ККПнын мүчөсү, жогорку идеологиялык-саясий сапаттарга ээ, өз ишинин мыктысы, жана мамлекеттик иштерди талкуулоодо компетенттүү жана көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкен эл өкүлдөрү.

Съезд 22-октябрда ишин аяктамакчы. Ошол мезгилде делегаттар 19-чакырылыштагы ККП БКнын (Борбордук комитет) баяндамасын карап чыгышат. ККП Уставына өзгөртүүлөрдү карап чыгышат жана жактырышат, ошондой эле БК жана 20-чакырылыштагы тартипти текшерүү боюнча борбордук комиссияны шайлашат.

Съезд жабылгандан кийин 20-чакырылыштагы Борбордук Комитетинин биринчи Пленуму болот. Белгиленген салтка ылайык, ал Курултай бүткөн күндүн эртеси өтүшү керек. Пленум Борбордук Комитеттин Саясий Бюросунун жаңы курамын жана саясий бюронун туруктуу комитетин дайындайт. Тактап айтканда, жакынкы беш жылда өлкөнү башкарууга тийиш болгон партиялык жана саясий элитаны дайындамакчы.

Элдик демократия — эң чыныгы жана натыйжалуу демократия 

ККПнын XX курултайынын ачылыш аземинде КЭР Төрагасы Си Цзиньпин жыйындын маанилүүлүгүн белгилеп, анын негизги темасы “Кытай өзгөчөлүгү менен социализмдин Улуу туусун бийик көтөрүп жүрүү, заманбап социалисттик мамлекеттин ар тараптуу курулушу үчүн биргелешип күрөшүү” деп билдирди. Төрага ККП жүз жылдык күрөш жолун басып өткөнүнө токтолуп: “Партия өзүн кытай элинин түбөлүктүү улуу ишине арнайт. Анын жоопкерчилиги өтө чоң, ал эми миссиясы  – ардактуу” деп баса белгиледи.

КЭР Төрагасы: Кытай эпидемияга каршы элдик согуш жүргүзүп жатат жана Синьцзянда, Тайванда жана Гонконгдо Кытайдын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо ККПнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калды.

XVIII съездден бери Компартия үч маанилүү окуяны башынан өткөрдү: ККП жүз жылдыгы, Кытай өзгөчөлүктөрү менен социализмдин жаңы доорун баштоо, жакырчылыкты жоюу менен катар орто бай коомду түзүү. Бул жетишкендиктер ККП менен кытай элинин тарыхый жеңиши, алар кытай элинин өнүгүү тарыхынын жылнаамаларында эң жарык учур болуп калууга татыктуу.

Ачыктык реформасы жана социалисттик модернизациялоо жаатында чоң ийгиликтерге жетишип, бекем өзөк түзүп, алдыга жылуу үчүн жагымдуу шарттарды түздү. Ошол эле учурда, топтолгон курч карама-каршылыктар шашылыш чечимдерди талап кылды. Ушул курч көйгөйлөргө карабастан, партиянын борбордук комитети кырдаалды талдап, чечкиндүү кадамдарды жасады.

Биз марксизм-ленинизмди, Мао Цзэдун жана Дэн Сяопиндин идеяларын карманып, жаңы доордун Кытай өзгөчөлүктөрү менен социализм идеяларын ишке ашырдык… биз бир катар стратегиялык чараларды көрүп, реформаларды өркүндөтүп, маанилүү натыйжаларга жетиштик. Биз саясий экономикалык жана идеологиялык чөйрөлөрдө пайда болгон сыноолорго туруштук бере алдык. Тарыхый өзгөрүүлөр болду. Кытай модернизацияланган социалисттик мамлекеттин ар тараптуу курулушунун жаңы өнөктүгүнө багыт алды.

Кытай марксизм-ленинизмди кытайлаштырууда жаңы секирик жасап, партиянын лидерлигин күчөттү. 96 миллион мүчөдөн турган марксисттик саясий партия биримдикке жетишип, кытай элинин көптөн берки кыялын ишке ашырып, жакырчылык менен күрөшүүдө адамзат тарыхындагы эң ири жеңишке жетишти.

Бул жылдар аралыгында өлкөнүн ИДПсы 54 трлн. 114 трлн. юанга чейин өскөн. Дүйнөлүк экономикада Кытай экономикасынын үлүшү 18,5% га жетип, 7,2 пайыздык пунктка жогору болуп, бул көрсөткүч боюнча экинчи орунду ээледи. ИДП 33,9 миң юандан 89 миң юанга чейин өскөн. Кытай дан өндүрүү жана иштетүү өнөр жайы боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи. Партия космостук учууларда, айды жана Марсты изилдөөдө, кванттык маалыматтарда, биомедицинада, биотехнологияда мыкты көрсөткүчтөргө жетише алды. Кытай инновациялык мамлекетке айланды”, — деп билдирди.

Ошондой эле, Си Цзиньпин модернизацияланган социалисттик державаны толук куруу боюнча жалпы стратегиялык план эки этаптан турарына токтолду. Биринчиси, 2020-жылдан 2035-жылга чейин негизинен социалисттик модернизацияны жүргүзүү болсо, экинчиси 2035-жылдан азыркы кылымдын ортосуна чейин Кытайды бай жана күчтүү, демократиялык жана цивилизациялуу, гармониялуу жана кооз модернизацияланган социалисттик күчкө айландыруу болуп саналат.

Бардык процесстеги Элдик демократия  бул социалисттик демократиянын саясий түзүлүшүнүн, ошондой эле эң кеңири, чыныгы жана натыйжалуу демократиянын негизги атрибуту, деп билдирди Си Цзиньпин.

“Биз элдин, өлкөнүн кожоюну катары абалын камсыз кылуу боюнча институттар системасын өркүндөтүшүбүз керек. Кытай элдин саясий ишмердүүлүккө кеңири жана иреттүү катышуусун камсыз кылат, мыйзам боюнча демократиялык шайлоолорду, демократиялык консультацияларды, демократиялык чечимдерди иштеп чыгууну, демократиялык башкарууну жана демократиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу укугуна кепилдик берет.

Элдик массанын жигердүүлүгүн, демилгесин жана чыгармачыл күчүн мобилизациялоо, жандуулук жана сергектик, туруктуулук жана биримдик менен мүнөздөлгөн саясий кырдаалды бекемдөө жана өнүктүрүү зарыл”, –деди ал.

Си Цзиньпин Кытай модернизациясынын уникалдуу өзгөчөлүктөрүн баса белгилеп, ал Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан социалисттик модернизация экендигине токтолду.

“Кытай модернизациясы калктын эбегейсиз санын камтыйт, өлкөнүн элинин жалпы жыргалчылыгына жетишүүнү болжолдойт, материалдык жана руханий маданияттын эриш-аркак өнүгүүсүн, адам менен жаратылыштын гармониялуу жанаша жашоосун талап кылат, ошондой эле тынчтык жолу менен өнүгүү ишке ашырылат. Ал дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүн модернизациялоонун жалпы мүнөздөмөсүнө эгедер болуу менен катар, өзүнүн дагы улуттук реалдуулугуна негизделген Кытай өзгөчөлүгүнө ээ”, — деп баса белгиледи КЭР Төрагасы.

ККП 2035-жылга карата Кытайдын жалпы өнүгүү максатын аныктады 

Отчетто айтылгандай, 2035-жылга карата өлкөнү өнүктүрүүнүн жалпы максаты төмөнкүлөр:

  • Кытайдын экономикалык, илимий-техникалык жана жалпы улуттук күчү кыйла жогорулайт, адам башына ИДП жаңы баскычка көтөрүлүп, орто өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетет;

  • Кытай өзүнүн илимий-техникалык потенциалын чыңдоонун жогорку деңгээлине чыгат жана инновациялык типтеги алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет;

  • Заманбап экономикалык система түзүлүп, өнүгүүнүн жаңы архитектору түзүлөт, негизинен жаңы типтеги индустриялаштыруу, маалыматташтыруу, урбанизация жана айыл чарбасын модернизациялоо жүргүзүлөт;

  • Мамлекеттик башкаруу системасын жана анын потенциалын модернизациялоо ишке ашырылат, бүткүл процессте элдик демократия системасы дагы өркүндөтүлөт, жалпысынан укуктук мамлекетти, укуктук өкмөттү жана укуктук коомду куруу аяктайт;

  • Кытай билим берүү, илим жана техника, адам ресурстары, маданият, спорт жана дене тарбия жаатында эбегейсиз потенциалга ээ болгон державага айланат, “Дени сак Кытай” түзүлөт, өлкөнүн маданий «жумшак күчү» кыйла жогорулайт;

  • Элдин жашоосу бактылуу жана жаркын болот, калктын адам башына болгон орточо кирешеси жаңы деңгээлге көтөрүлөт, кирешенин орточо деңгээли менен калктын үлүшү кыйла өсөт. Негизги коомдук кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүк камсыз кылынат, айыл жери негизинен заманбап турмуш-тиричилик шарттары менен камсыз болот. Коомдо узак мөөнөттүү туруктуулук сакталат, адамдын ар тараптуу өнүгүүсүндө жана калктын жалпы байышына жетишүүдө кыйла көрүнүктүү жана олуттуу прогресс болот.

  • Өндүрүштүн “жашыл” ыкмасы жана “жашыл” жашоо образы кеңири жайылып, экологиялык чөйрө кескин жакшырат, негизинен кооз Кытайды куруу максаты ишке ашат.

  • Улуттук коопсуздук системасы ар тараптан бекемделип, тиешелүү потенциал көбөйтүлөт, негизинен Улуттук коргонуу жана Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо ишке ашырылат.

Модернизация ишке ашырылгандан кийин, ККП 2050-жылга карата Кытайды улуттук күч жана эл аралык таасир боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турган модернизацияланган социалисттик державага айлантуу үчүн күрөштү уланта берет деп айтылат докладда.

ККПнын  XX Курултайына берилген докладда жакынкы беш жылга карата максаттар жана милдеттер түшүндүрүлдү

ККПнын  XX Курултайына берилген докладда жакынкы беш жылга коюлган негизги максаттар жана милдеттер түшүндүрүлдү.

Төмөндө ушул мезгилдеги негизги максаттар жана милдеттер турат:

  • Экономиканы сапаттуу өнүктүрүүдө жаңы жетишкендиктерге жетишүү, көз карандысыздыкты бир кыйла жогорулатуу жана илим жана техника жаатында өз потенциалын чыңдоо, өнүгүүнүн жаңы архитекторун калыптандырууда жана заманбап экономикалык системаны түзүүдө олуттуу жылыштарга жетишүү;

  • Реформаларды жүргүзүүдө жана ачыктыкты кеңейтүүдө жаңы кадамдарды жасоо, мамлекеттик башкаруу системасын жана потенциалын модернизациялоону ар тараптуу илгерилетүү, социалисттик базар экономикасынын кыйла өнүккөн системасын түзүү, жалпысынан ачык типтеги жана жогорку деңгээлдеги экономиканын жаңы системасын түзүү.

  • Бардык процессте элдик демократияны институтташтыруу, жөнгө салуу жана процессуалдаштыруу деңгээлин кыйла жогорулатуу, Кытай өзгөчөлүгү менен социалисттик укуктук системаны кыйла өркүндөтүү;

  • Элге ар кандай руханий жана маданий жашоону камсыз кылуу, кытай элинин консолидациялоочу күчүн жана кытай маданиятынын таасирин тынымсыз бекемдөө;

  • Жалпысынан калктын жана экономиканын кирешелеринин синхрондуу өсүшүн колдоо, ошондой эле эмгек акыны жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн синхрондуу жогорулатуу, негизги коомдук кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу деңгээлин олуттуу жогорулатуу, социалдык камсыздоонун бир кыйла өнүккөн көп деңгээлдүү системасын түзүү;

  • Шаар жана айыл жергесинде жашоо чөйрөсүн кыйла жакшыртуу, кооз Кытайдын курулушунда көрүнүктүү натыйжаларга жетишүү;

  • Улуттук коопсуздукту кыйла ишенимдүү камсыз кылуу, КЭРдин 100 жылдык мааракесине белгиленген планды ишке ашыруу, “Тынч Кытайды” түзүүнү кылдат илгерилетүү;

  • Эл аралык аренада өзүнүн статусу жана таасири кыйла жогорулаган сайын, Кытай глобалдык башкарууда кыйла чоң роль ойнойт.

2050-жылга чейин КЭРди өнүктүрүүнүн жаңы модели жана милдеттери 

Мындан ары партиянын узак мөөнөттүү келечектеги негизги милдети – “кылымдын экинчи максатына” жетишүү, тактап айтканда, Кытай Эл Республикасынын 100 жылдыгына карата Кытайды “Улуу, модернизацияланган социалисттик өлкөгө айландыруу жана кытай улутунун кайрадан жаралуусу”. Бул 2049-жылы белгиленмекчи.

Эске салсак, “кылымдын биринчи максаты” өткөн жылы жетишилген: 2021-кылымда кытай Компартиясында белгиленгендей, өлкө жакырчылыкты жок кылган (акыркы 10 жылда абсолюттук жакырчылыктын чегинен улам 98,99 миллион адам чыгарылган) жана дүйнөдөгү эң көп – 400 миллион адам менен орто кирешелүү коом курган. Өткөн 10 жылдын ичинде КЭРдин ИДПсы эки эсеге көбөйгөнү белгиленди: 55 трлн дан 114 трлн юанга чейин өстү. Кытайдын глобалдык ИДПдагы үлүшү 18,5% га жеткен. Бүгүнкү күндө Кытай валюта запастарынын көрсөткүчтөрү, дан өндүрүү, кайра иштетүү өнөр жайынын көлөмү боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат.

“Кылымдын экинчи максатына” Кытай эки этапта жылат. 2035-жылга чейин өлкө “негизинен социалисттик модернизацияны ишке ашырууну аяктайт”, ал эми 2050 – жылга чейин “күчтүү, модернизацияланган социалисттик күчкө” айланат.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА
СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии