11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (13-бөлук)

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (13-бөлук)

Сиз айым элчисиз. Россияда, Тажикстанда, Казакстанда иш алып бардыңыз. Кытайда кызматтык тепкичтерден жогорулоо үчүн аял киши кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Мен 30 жылдан ашык убакытта дипломатия менен алектенип, көптөгөн өлкөлөрдө эмгектендим. Дипломат деген асыл жана ыйык кесип деп  эсептейм. Анын миссиясы улуттук кызыкчылыктарды жана кадыр-баркты коргоо жана аккредитацияланган өлкөлөр менен достук кызматташтыкты өнүктүрүү менен тыгыз байланышкан. Тажрыйбалуу дипломат болуу үчүн адам көптөгөн  асыл сапаттарга ээ болушу керек. Мен  алардын бир нечесин тизмектеп берейин.

Биринчиден, мекенге болгон сүйүү. Дипломатия улуттук кызыкчылыктарды сактоонун жана кеңейтүүнүн маанилүү каражаты болуп саналат. Ар бир дипломат биринчи кезекте өз мекенинин кызыкчылыктарын коргоп, элин коргоп,  кызмат кылышы  абзел.

Экинчиден, үйрөнүүгө умтулуу. Анткени дүйнө жана илим тездик менен өзгөрүп, мамлекеттер ортосундагы кызматташтык да кеңейүүдө. Дипломатты алгач  саясатчы десек, азыр дипломат экономист деп  айтабыз. Дипломаттар бардык нерсени тездик менен үйрөнүшү керек.

Дипломатиялык иш өтө татаал жана дипломаттардан жогорку деңгээлдеги жөндөмдүүлүктү көрсөтүүнү талап кылат.  Үзгүлтүксүз өзүн өзү өнүктүрүүнүн  бир гана жолу ‒ тынымсыз жана тырышчаактык менен  билим алуу.

Үчүнчүдөн, рухий демилге. Дипломаттар көбүнчө чет өлкөлөрдө иштөөгө туура келет жана алардын көбү узак убакыт бою жана өтө оор шарттарда, анын ичинде согуш, оору, табигый кырсыктарда иштөөгө туура келет. Анан жакындарынын алыстыгы. Жан дүйнөсү менен берилгендиги дипломаттар үчүн күчтүү рухий колдоо болуп саналат.  Дипломат үчүн сүйлөө, аңгемелешүү, түшүнүү, ынандыра билүү сыяктуу техникалык маселелер дагы бар. Бирок аял кишиге дипломаттык кесип өтө ылайыктуу деп ойлойм, себеби, аялдарда керектүү сапаттар бар, айымдар абдан назик, түшүнүктүү жана бул сапаттар тематикалык иштерде көп жардам берет.

Кыргызстандагы Элчи катары,  мындан ары да колумдан келген нерселердин баарын ишке ашыра бермекчимин жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы тагдырлар шериктештигин куруу, Кытай менен Кыргызстандын салттуу достугун бекемдөө үчүн бардык аракетимди жумшоого даярмын.

Белек алмашуу.

Абдан кооз сүрөт, мааниси терең, маанисин түшүндүм. Мен дагы сиз үчүн белек камдап койгом. Жакында кытай элинин салттуу майрамы — Ай майрамы болот. Жыл сайын  ай календарына ылайык белгиленип, өзгөрүп турат. Быйыл бул дата 10-сентябрга туура келди. Бул үй-бүлөлүк майрам. Адатта, бул иш-чарада адамдар үй-бүлөлөрү менен чогулуп, ай токоч жеп, чай ичип, айга суктанышат, жумуш, үй-бүлөлүк жашоо жана алардын келечеги жөнүндө аңгемелешет. Бул майрам кытай эли үчүн руханий иш-чара болуп саналат. Ошонун урматына мен сизге чай кошулган  ай токоч  тартуулагым келет, сиз дагы үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен ушундай майрамдык иш-чараны белгилеп коюңуз.

      Бир нече убакыттан кийин кайрадан  маектешүүнү кааласаңыз, мен сизди көргөнүмө кубанычта болом.  Кайрылып туруңуз. Ыракмат сизге!

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии