6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (12-бөлук)

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (12-бөлук)

-Батыштын маалымат каражаттарында мусулмандар үчүн кайра тарбиялоо лагерлери темасы бир нече жылдан бери активдүү талкууга алынып келе жатат. Айтыңызчы, мындай лагерлер чындап эле адамдарды жана алардын  ишенимдерин өзгөртүүгө жардам берип жатабы?

-Чынында эле, сиз байкагандай, акыркы жылдары батыштын маалымат каражаттары, жалпы эле батыш өлкөлөрү көптөгөн калптарды ойлоп таап, Синьцзянга байланышкан көйгөйлөрдү жасалма түрдө жаратышты. “Мажбурлап иштетүү”, “тукум курутчулук”, “кайра тарбиялоо лагери” дегендер пайда болду.Бирок мунун баары кара ниеттик менен жалган жалаа жана ойдон чыгарылган нерселер. Чындыгында Синьцзянда адам укуктары боюнча көйгөйлөр такыр жок, тескерисинче, ал жакка байланышкан маселелердин өзөгүн терроризм менен күрөш, улуттук эгемендүүлүктү, коопсуздукту жана аймактык бүтүндүктү коргоо түзөт.

Мындан бир нече жыл мурун, тышкы күчтөрдүн уюштуруусу жана манипуляциясы менен Синьцзянда көп сандаган зордук-зомбулук террордук окуялар орун алган, алар Синьцзяндагы карапайым калктын өмүрүнө жана мүлкүнө чоң  зыян келтирген. Терроризмге каршы  натыйжалуу күрөшүү үчүн Кытай тарап БУУнун терроризмге каршы алдын алуу чакырыгына активдүү жооп кайтарды, бул боюнча алардын олуттуу тажрыйбасы бар. Бул багытта биз Синьцзянда көптөгөн  иштерди аткардык, анын ичинде кесиптик-техникалык борборлорду курдук, башкача айтканда, бул борборлордо билими тайкы адамдар ошол жерден маданиятты, кытай тилин, ар кандай өнөрдү үйрөнө алышат, ошондуктан кийинчерээк алар өз алдынча жашоо куруп кете алат.

Чынында эле, окууну аяктагандан кийин алар жакшы жашай башташат жана провокациялардан жана террордук аракеттерден баш тартышат, алар бул террордук күчтөр менен байланыштарын үзүшкөн, башкача айтканда, алардын жашоо тиричилиги бир топ өзгөрүлгөн.  Жана бул борборлордун аркасы менен Синьцзянда да абал өзгөрүп, дээрлик беш жылдан бери бир дагы терракт каттала элек. Синьцзян көптөгөн кытайлар үчүн эс алуу жаыйына жана туризм үчүн сүйүктүү жайга айланган. Жыл сайын 100 миллиондон ашык кытайлык туристтер бул жакка саякатка аттанышат. Бул албетте Синьцзяндын экономикалык өнүгүүсүнө жана социалдык туруктуулугун сактоого жардам берет. Ошондуктан Кытайдын терроризмге каршы алдын алуу жаатындагы тажрыйбасы дүйнөлүк коомчулукта жогору бааланат. Кытайдын Синьцзянды дерадикализациялоо боюнча аракетин колдоп, ачык билдирүүлөрдү бир нече жолу жасаган исламдык кызматташтык уюму дагы бар.

Жакында БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Бачелет айым Кытай өкмөтүнүн чакыруусу менен, балким өз ыктыяры мененби же  атайын тапшырма мененби, Кытайга келип, СУАРдын чыныгы өнүгүүсүнө күбө болду. Ал Синьцзянды өз көзү менен көргөндөрдүн баары мурда уккандарынан таптакыр башкача экендигин ачык айтты. Сапардын соңунда журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда көргөн бардык нерселери, Синьцзянда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы, Синьцзяндагы  абал кандай, Синьцзянда дин эркиндиги кандай, этникалык топтор кандай жашап жатканы тууралуу кеңири айтып берди. Ал көп жакшы нерселерди айтып өттү, чындыкты айтты десек болот.  Бирок, ал адам укуктары боюнча жогорку комиссары болгондуктан, анын мыйзамдуу жана адилеттүү жүрүм-туруму АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн кескин сынына кабылды. Алар анын кызматтан кетишин, Синьцзянга каршы кайра арыз жазышын талап кылышууда. Ага абдан катуу кысым көрсөтүлдү, бирок, чын чынына келгенде, кээ бир күчтөр чындыкты  атайылап  жашырып, “Синьцзян көйгөйүн” жаратып, мындан пайдаланып, Кытайга бут тоскусу келип жатканын көрсөтүп турат.

Бирок, албетте, биз биринчи кезекте экономиканы өнүктүрүп, Синьцзянда социалдык өнүктүрүүнү уланта беребиз. Алгач өз ишибизди жакшы аткара бермекчибиз, экинчиден, мындай кара ниет күчтөр менен күрөшүп, Синьцзяндагы чындыкты айтууга аракетибизди уланта беребиз.  Жеке  мен миң уккандан бир көргөн жакшы деп ойлойм. Мүмкүн болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кыргызстандык досторубузга да Синьцзянга барып, көрүп кетүүнү каалайт элем. Ал эми туруктуу, гүлдөгөн жана кооз Синьцзян ар бир адамга жакшы таасир калтырат деп ойлойм. Жана бул провокацияларга эң жакшы жооп.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии