6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (11-бөлук)

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (11-бөлук)

-Мен мындан туура 10 жыл мурун Кытайда болгон элем. Ошондо сиздердин өлкө өтө тездик менен өнүгүп жаткан жана бул он жылдын ичинде дүйнөдөгү экинчи экономиканын ордун бекем ээлеп алдыңыздар. Кытайдын бардык тармактарда туруктуу өнүгүүсүнүн сыры эмнеде?

-Чынында эле, мен буга чейин белгилегендей, акыркы он жылдын ичинде Кытайдын Коммунисттик партиясы көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти, бирок бул он жыл эл аралык абалдын көз карашынан алганда, өтө оор болгондугун белгилей кетүү керек. Пандемияга, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көптөгөн кыйынчылыктар болду. Бирок Коммунисттик партиянын жетекчилиги астында Кытай кыйынчылыктарды жеңип, бүткүл дүйнө тааныган чоң ийгиликтерге жетишти. Кытай, экономикалык тез өнүгүү менен узак мөөнөттүү социалдык туруктуулукту айкалыштырып турган “кереметти” жаратты десек болот. Бул процессте көптөгөн тажрыйбаларды жалпылоо негиздүү. Мен маанилүү төрт учурга токтоло кетейин.

Биринчиден, Кытайдын Коммунисттик партиясынын тартиптерин кармануу. Бул кытайлык өзгөчөлүктөргө ээ болгон социализмдин эң маанилүү өзгөчөлүгү. Кытай элинин революциясынын курулушунун жана реформасынын тарыхый фактылары, Кытайдын Коммунисттик партиясы ар дайым кытай элинин эц ишенимдуу таянычы болуп келгендигин далилдейт.

Экинчиден, өлкөнүн  абалына ылайык өнүгүү жолуна түшүү. Тагдырды жол чечет деген сөз бар. ККП марксизмди кытайлаштыруу жана модернизациялоону дайыма талап кылып келген, Марксизм азыркы Кытайга туура келип, кытайлык өзгөчөлүктөр менен социализмдин жолун калыптандырды. Бул элдин турмушун жакшыртуу үчүн улутту көтөрүүнүн эң туура жолу. Анан, албетте, бул жол Кытайдын андан  ары өнүгүүсүнө жардам берет жана бул жол өз алдынчалыгын сактап, өнүгүүнү тездетүүнү каалаган дүйнөдөгү өлкөлөр жана элдер үчүн жаңы тандоону камсыз кылды.

Үчүнчүдөн, элдин борбору аркылуу өнүгүү идеологиясын кармануу. Си Цзиньпин айткандай, өлкө – эл, ​​эл – өлкө. Кытай элинин жакшы жашоого болгон каалоосун орундатуу — КПССтин күрөшүнүн  максаты. Демек, Кытайдын өнүгүүсүнүн натыйжасы элдин жашоо деңгээлин көтөрүүдө абдан пайдалуу жана ар бир кытайлык бул өзгөрүүлөр алар үчүн абдан маанилүү жана зарыл экенин билет жана алар өкмөт ар дайым аларга  жардам берерине ишенишет. Мен айтып өткөндөй, кытай эли ККПны жана өкмөттү колдойт. Кытай элинде, ар бир адам өзүнүн келечегине ишенгендиктен  эч талыкпастан эмгектенип келет.

Төртүнчүдөн,  реформа жана ачыктуулук саясатын туруктуулук менен тереңдетүү. Реформа жана ачык-айкындуулук кытай улутунун заман  агымы менен кадам таштоо жана тез өнүгүүгө жетишүүдөгү эң негизги  кадамы болуп эсептелет.  Реформа жана ачыктуулук саясаты 1978-жылы Кытайда ККПнын XI Борбордук Комитетинин III пленумунда башталган.

Кытай болгону 40 жылдан ашык убакытта башка өнүккөн өлкөлөр 100 жылда басып өткөн жолду басып өтүп койду.  Ал эми бул 40 жыл аралыгында Кытай көп нерсени өзгөрттү, өтө борборлоштурулган пландуу экономикалык системадан динамикалуу социалисттик базар экономикасына тарыхый кайра курууга жетишти, салыштырмалуу артта калган өндүрүштүк күчтөн дүйнөдөгү экинчи ири экономикага, тарыхый бурулушка жетишти жана аз камсыз болгон адамдардан орточо өнүккөн коомго тарыхый секирик жасады. Алдыда жаңыланган социалисттик державаны толук куруу максатына жетүүнүн жолунда Кытай мындан ары да жогорку ачык-айкындуулукту сактай бермекчи.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии