2.1 C
Бишкек
Пятница, 22 ноября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (9-бөлук)

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (9-бөлук)

-Украинадагы согуш алты айдан бери уланууда. Ал толугу менен дүйнөлүк тартипти өзгөрттү жана өзгөрүүлөр дагы деле болуп жатат. Көптөгөн эксперттер бул согуш Кытайдын аймактагы позициясын бекемдөө мүмкүнчүлүгү деп эсептешет. Чынында ушундайбы? Кытайдын аймактагы же дүйнөдөгү лидер болуу амбициялары барбы?

-Украинадагы кризис тууралуу Кытай тараптын позициясы ырааттуу жана так. Кытай ар дайым украин кризисин тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылып келет. Калыңдыгы метр болгон муз бир күндө тоңбойт деген кеп бар. Анан, албетте, бул  татаал маселени чечүү үчүн отко май тамызып, карама-каршылыктарды курчуткандан көрө сарамжалдуу мамиле талап кылынат. Биз кризистен тынчтык жолу менен чыгууга чын  дилибизден үмүттөнөбүз.

 Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү, дүйнөдөгү эң  ири өнүгүп келе жаткан жана экономикасы боюнча экинчи өлкө катары анын эл аралык таасири жана ролу тынымсыз өсүүдө. Сиздин сурооңузга жооп катары мен төмөндөгүлөрдү баса белгилеп кетким келет.

Биринчиден, Кытай көз карандысыз жана тынчтыкка ыктаган тышкы саясатты чечкиндүү жүргүзүп жатат. Кытай эли «тынчтык ар дайым баалуу» деген түшүнүктү дайыма жогору баалайт. Ынтымак менен айкалышуу маданияты кытай элинин тынчтыкты сүйгөн улуттук мүнөзүн тарбиялайт.

КЭР негизделгенден бери, Кытайдын өкмөтү тынчтык жолунда өнүгүүнү эч талыкпастан карманып келет. Биз ар дайым, бардык өлкөлөр, чоң же кичине болобу, байбы  же кедейби, күчтүү же алсыз болобу, баары тең укуктуу болушун талап кылабыз. Кытай бардык өлкөлөрдүн элдеринин өнүгүү  жолун өз алдынча тандоо укугун урматтайт. Ошондой эле, Кытай өкмөтү коңшу өлкөлөргө карата “кайрымдуулук, ак ниеттүүлүк, өз ара пайдалуулук жана инклюзивдүүлүк” концепциясына таянып иш алып барат. Мына ушундай маанайда биз коңшу мамлекеттер менен, анын ичинде Кыргызстан менен мамилени өнүктүрөбүз жана чыңдап жатабыз.

Экинчиден, кытай эли “күчтүү өлкө сөзсүз түрдө баскынчы болушу керек” деген логиканы кабыл албайт. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кытай элинин канында баскынчылардын жана гегемондордун гени жок экенин, кытай эли дүйнөнүн бардык элдери менен ынтымакта жашап, өнүгүүнү каалай турганын ачык айтты. Жаңы Кытай негизделгенден берки 73 жыл ичинде Кытай эч качан башка мамлекетке каршы согуш ачкан эмес, башка мамлекеттин жерлерин басып  алган эмес. Кытай өз конституциясында тынчтык жолу менен өнүгүү жолун белгилеген.  Демек, Кытай ар дайым чыныгы көп тараптуулукту ишке  ашырууну жана дүйнөлүк башкаруу системасын өркүндөтүүнү жактап келет.

Үчүнчүдөн, Кытай адамзат үчүн бирдиктүү тагдырга ээ болгон биримдикти курууну алдыга жылдырууну талап  кылууда. «Адамзаттын бирдиктүү тагдыры» деген сөздүн өзү бардык элдердин жана бардык өлкөлөрдүн тагдырынын өз ара тыгыз байланышын ачык-айкын чагылдырат. Биздин планетаны  ынтымактуу чоң үй-бүлөгө айландыруу үчүн, бардык өлкөлөрдүн элдеринин жакшы жашоого болгон  умтулуулусун  ишке  ашыруу үчүн биргелешип күч-аракет жумшообуз абзел.  Кытай Эл  Республикасынын төрагасынын өзү да адамзаттын биримдиктүү тагдыры менен биримдикти куруунун маанилүү концепциясын бир нече жолу түшүндүргөн.

COVID-19  пандемиясынын капыстан чыгышы,  дүйнөдө адамзат туш болгон ар кандай кыйынчылыктар менен бир дагы өлкө жалгыз күрөшө албасын эскертти. Кытай башка өлкөлөр менен биргелешип, өз ара урматтоого, адилеттүүлүккө, кызматташтыкка жана утушка негизделген эл аралык мамилелердин жаңы түрүн курууга жана жалпы адамзаттын тагдыры үчүн жалпы биримдикти куруу ишин биргелешип алга жылдырууга даяр.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии