2.1 C
Бишкек
Пятница, 22 ноября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (8-бөлук)

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (8-бөлук)

-Кыргызстанда кайсы ЖМКларды окуйсуз жана биздин өлкөдөгү сөз эркиндиги тууралуу кандай ойдосуз? Сөз эркиндиги барбы?

-Кыргызстандагы элчи болуп иштеген үч жыл аралыгында мен күн сайын Кыргызстандагы көптөгөн мамлекеттик, жеке маалымат каражаттарын жана социалдык тармактарды карап турам. Алар аркылуу Кыргызстанды жана жалпы эле дүйнөнү түшүнүү үчүн маанилүү маалыматтарды алам. Акыркы мезгилде, кыргыз маалымат каражаттары Кытай менен Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыгына көбүрөөк көңүл буруп, тийиштүү билдирүүлөр объективдүү жана активдүү болуп жатканына абдан кубанычтамын.

Учурдан пайдаланып, кыргыз медиасынын досторуна өзүмдүн куттуктоомду жана ыраазычылыгымды билдиргим келет. Биз «милдет», «синофобия» сыяктуу темаларды козгодук. Бирок ошол эле учурда басма сөздө да пассивдүү көрүнүштөр бар экенин жашыра албайм. Активдүү үндөрдүн жалпы аракети аркылуу гана биз бул пассивдүү нерселерди түбөлүккө жеңебиз деп ойлойм. Кыргызстандын  маалымат каражаттары эки өлкөнүн достугунун көпүрөсү, жарандарыбыздын кызматташтыгынын көпүрөсү болот деп ишенем. Кыргызстандын маалымат каражаттары аркылуу өз ара түшүнүшүүбүз артат деп үмүттөнөбүз.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии