Кээ бир саясатчылар Кытай менен эки тараптуу кызматташтыкты сынга алууда. Мындай синофобия эки тараптуу мамилелерге кандай таасир этет деп ойлойсуз?
«Синофобия» дегенге кошулбайм. Кытай менен Кыргызстан кылымдар бою коңшу болуп, достугубуз муундан муунга өтүп келген. Кытай-кыргыз достугун жана кызматташтыгын колдоо Кыргызстанда да, Кытайда да аныктоочу коомдук пикирге айланган. Демек, синофобия деген нерсе Кыргызстанда жок. Ошол эле учурда коомдо, маалымат каражаттарында, жада калса Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде, айрым адамдар Кытайга карата достукка каршы келген, ызы-чуу сөздөрдү көтөрүп жатышат. Кытайга каршы демонстрацияларга чындыкты билбеген адамдар катышкан учурлар да болгон.
Мисалга алсак, 2019-жылы кытайлык инвесторлор Торугарт постунун жанына Нарын районундагы Ат-Башы индустриалдык-логистикалык борборун курууну пландаган. Бул, чынында эле, абдан жакшы долбоор болчу. Бул долбоордогу инвестициянын жалпы көлөмү эки жүз миллиондон ашуун АКШ долларына бааланган. Борбордун курулушу 15 миңге жакын жумушчу орундарын түзүп, Кыргызстандын транзиттик потенциалын ишке ашырууга салым кошмок. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул долбоорду Ат-Башы индустриалдык-логистикалык борборун Борбордук Азиядагы эң заманбап логистикалык борборго айландыруу үмүтү менен колдоого алган. Бирок айрым жергиликтүү тургундар долбоорго каршы митингге чыккандыктан борбордун курулушу токтоп калган.
Акыркы жылдары, пандемиянын фонунда бул долбоордун мааниси көбүрөөк байкала баштады. Жергиликтүү тургундар долбоордун курулушун кайра баштоону каалашат, бирок бул мүмкүн болбой калды, кытайлык инвесторлор тарап кеткен, долбоорду кайра баштоо үчүн жаңы инвесторлорду тартуу керек. Биз үчүн абдан өкүнүчтүү. Ошондуктан мындай туура эмес, бир тараптуу билдирүүлөр жана өзгөчө Кытайга каршы аракеттер биздин мамилелерибиздин өнүгүшүнө ар дайым терс таасирин тийгизет. Мурунку суроого жооп берип жатып айттым эле, саясатчы катары, маалымат каражаттары жана карапайым жарандар катары мамилебиз, достугубуз ар дайым сакталып турушу үчүн мындай чагымчылдык менен күрөшүшүбүз керек.
Биз Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук кызматташтыгыбызды бекемдөө үчүн тынымсыз күч-аракетибизди жумшайбыз, ошондо биздин кызматташтык элдерибизге көбүрөөк коопсуздук, пайда жана бакыт алып келет. Биринчиден, мен мындай билдирүүлөр менен макул эмесмин, экинчиден, чындыкты карап, мындай провокация, жаман ойлор менен күрөшүшүбүз абзел.