-Кытай Кыргызстандын эң ири кредитору. Өткөн жылдын январь айына карата биздин сиздердин өлкөгө болгон карызыбыз 4 миллиард 221,61 миллион долларды түздү.
Биздин бийлик тышкы карызды Жетим-Тоо кенин иштетүү аркылуу жабуу мүмкүнчүлүгүн айтып жатат. Биз чийки зат менен төлөйбүз. Бул долбоор кытайлык компаниялар үчүн канчалык жагымдуу? Ал эми Кыргызстандын мынчалык чоң карызы бар экени мамлекетибизди Кытайга көз каранды кылып койбойбу?
-Акыркы мезгилде Кыргызстандын Кытайга болгон карызы тууралуу маселе басма сөздө көп жазылып, айрым кыргыз маалымат каражаттары, менимче, “Кытайдын карыз тузагы” деген теорияны көбүртүп-жабыртып, аябай апыртып жатышат. Менимче, мындай отчеттор объективдүүлүктү жана илимий иликтөөнү жок кылат.
Маселен, сурооңузда Кыргызстандын Кытайга болгон карызы төрт миллиард эки жүз миллион АКШ долларынан ашык экенин айттыңыз, бирок бул туура эмес маалымат. Чындыгында төрт миллиард эки жүз миллиондон ашуун АКШ доллары Кыргызстандын жалпы тышкы карызы болсо, анын Кытайга болгон карызы болгону бир миллиард жети жүз миллион АКШ долларын түзөт, бул 42%га жакын. Башкача айтканда, Кыргызстандын Кытайга болгон карызы Кыргызстандын жалпы тышкы карызынын жарымына да жетпейт. Кытай Кыргызстандын негизги кредиторлорунун бири гана.
Экинчиден, Кытайдын бардык насыялары Кыргызстанга кыргыз тараптын, Кыргыз Өкмөтүнүн өтүнүчү менен гана берилип жатат. Кытай насыясынын бирден-бир максаты – Кыргызстандын элинин бакубаттуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
Үчүнчүдөн, Кытай насыялары менен ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун жыйынтыгына таянсак, бул каражаттар, долбоорлор Кыргызстан үчүн абдан маанилүү жана зарыл экенин көрсөтүп турат. Бул долбоорлор Кыргыз Өкмөтү көптөн бери пландап, бирок чече албаган бир катар инфроструктуралык маселелерди чечүүгө жардам берип жатат.
Мына бир нече мисалдар: Датка-Кемин электр өткөргүч линиясынын долбоору Кыргызстан үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор. Бир өлкө үчүн бирдиктүү энергетика системасынын жоктугу эмнени билдирет, бул дагы мамлекеттин эгемендүүлүгүнө байланыштуу деп ойлойм. Ал эми бул долбоордун жардамы менен Кыргызстандын энергетика системасынын энергияны өз алдынча өткөрүү маселеси чечилүүдө. Бул долбоордун курулушу абдан оор болгон, анан Кыргызстандын басма сөзүндө көп жазып, абдан жогору баа берип, бул долбоорду “кылымдык” деп аташкан. Дагы, мен министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров менен чогуу, “Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолу” долбоорунун экинчи этабын ачканбыз. Эсимде, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жапаров өзү айткандай, бул жолдун курулушу менен Кыргызстанда жүз жылдан ашык тарыхта жол болбогон жерлерде жолдор пайда болгон. Себеби, алыскы, барууга татаал жерлерге жол салуу оор болчу.
Анан, албетте, бул долбоор аяктагандан кийин Кыргызстандын автобайланыш боюнча тарыхы кайрадан жазылат. Жаңы жол пайда болот, анын жардамы менен Кыргызстандын тургундары жылдын төрт мезгилинде түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө каттай алышат, бирок азыр андай кыла алышпайт. Бул албетте элдин жыргалчылыгын бир топ жакшыртып, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жардам берет.
Бишкек ЖЭБ долбоору тууралуу дагы кеп кылалы, бул дагы абдан жакшы долбоор. 2018-жылдын башында Бишкек ЖЭБинин эски агрегаты иштен чыккан. Ал эми жаңы блоктордун аркасы менен Кытай тараптын реконструкциясынын жардамы менен жылуулук мезгилинде ЖЭБдин коопсуз жана туруктуу иштешин камсыздап, Бишкектин тургундарын сууктан сактап калышты. Ал эми бул долбоордун мамлекеттик чиновниктердин коррупциялык иштерине катыштыгы бар экенине келсек, бул кыргыз тараптын ички маселеси.
Ал эми Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча айтсам, бул Кытай менен кызматташуубу же жокпу, билбейм. Эгерде кытайлык компаниялар бул долбоорго көңүл бурса, анда Жетим-Тоо кенин иштетүү кыргыз өкмөтүнүн толук укугу деп ойлойм. Бул долбоордун карызды кайтарууга эч кандай тиешеси жок. Карызды чийки зат төлөп бере албайт, мындай нерсе биздин сүйлөшүүлөрдө эч качан айтылган эмес.
Насыя боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кытай тарап ар дайым Кыргызстандын өкмөтүнүн каалоосун жана чечимин толугу менен урматтап, Кыргызстандын абалын жана кыйынчылыктарын толук эске алат. Кытай тарап карыз маселеси боюнча кыргыз тарапты эч качан коркуткан эмес. Карыз маселеси Кыргызстандын эгемендигине коркунуч жаратат деген билдирүү негизсиз. Кошумчалай кетсек, Кытай өкмөтү акыркы он жылда Кыргызстанга бир нече жүз миллион АКШ доллары өлчөмүндө гранттык жардам берген. Андыктан, карыздын кыргыз эгемендүүлүгүнө коркунуч келтиргенине эч кандай тиешеси жок, акылга сыйбайт. Мен Кытайдын «карыз тузагынын теориясы» деп аталган нерсе Кытайга каршы кээ бир күчтөр тарабынан жасалган ойдон чыгарылган тема деп ойлойм. Кытайды каралоо, Кытайга кол салуу, “Бир алкак — бир жол” демилгесинин кызматташтыгына доо кетирүү, кыргыз коомчулугунда Кытайга каршы маанайды тутантуу, достук мамилебизди бузууга алып келет. Ал эми саясатчы катары айтарым, албетте, муну менен күрөшүшүбүз керек. Мындай теорияны, жана мындай билдирүүлөрдү тараткандарга карата кыраакылыгыбызды күчөтүшүбүз керек. Анан, албетте, элчилик бул багытта иш алып барууда. Кыргыз массалык маалымат каражаттарынын достору туура багытта иштеп, кытай жана кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоо тарабында болуп, адилеттүүлүк, адептүүлүк тарабында ар дайым ишенимдүү турушуна ишенебиз.