2.1 C
Бишкек
Пятница, 22 ноября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (4-бөлук)

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (4-бөлук)

-Сиз атаган нерселер абдан олуттуу. Кыргызстанда бир нерсе өнүгүп жатса Кытайдан келген боордоштордун жардамы менен десек болот. Июль айынын аягында маанилүү окуя болуп өттү – КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ван И визити учурунда анын кесиптеши, биздин тышкы иштер министрибиз орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү өнүгүүнүн перспективалары. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташуунун келечеги талкууланды. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча кененирээк айтып берсеңиз. Эмнегедир, көп жылдардан бери бул долбоорду ишке ашыруу кийинкиге калтырылып жатты. Көптөгөн саясий сүйлөшүүлөр болду. Айтсаңыз, бул долбоор чындап ишке ашат деген кепилдик барбы, Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан үчүн анын мааниси кандай?

-Практикалык кызматташуу эки өлкөнүн жетекчилеринин жакында болуп өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнүн маанилүү күн тартиби болуп саналат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан Темир жол долбооруна сиздин көңүл бурганыңызга карап, ушул долбоорго көбүрөөк токтолоюн.

Сиз туура белгилегендей, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан 20 жылдан бери талкуулап келет. Алар бул долбоорду талкуулай баштаганда, мен ал кезде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинде Борбор Азиялык департаментинин башчысынын орун басары болчумун, азыр болсо элчимин. Чынында эле, бул долбоор көп жылдардан бери талкууланып келе жатат жана бул, албетте,  үч мамлекет үчүн эле эмес, регион, коңшу өлкөлөр же алыскы коңшу өлкөлөр үчүн чындап маанилүү долбоор экендигинен кабар берет.  Менин көз карашымда бул долбоордун маанилүү жактары:

Биринчиден, долбоор Кыргызстанга байланыш жана транзит тармагындагы артыкчылыгын жогорулатууга жардам берет, ошол эле  учурда, мамлекет деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Экинчиден,  Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон мамилесин чыңдоого жардам берет, Кыргызстан Кытай аркылуу Тынч океанга чыгууга жана Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү мамлекеттер менен байланышты чыңдоого, бул долбоор аркылуу бир эле убакта Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен мамилесин бекемдөөгө болот жана Индия океанына чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.  “Бир алкак — бир жол” кызматташтыгынын алкагында жаңы Азия-Европа трансконтиненталдык көпүрөсү үчүн маанилүү долбоор катары бул темир жол Жакынкы Чыгыш, Африка жана Европа менен да байланыша алат.

Үчүнчүдөн, долбоор экономикалык өнүгүүгө жана соода жана экономикалык кызматташууга, ошондой эле трассанын боюнда жайгашкан өлкөлөрдүн адамдарынын алмашуусуна, кызыкдар өлкөлөр үчүн, өзгөчө Кыргызстан менен Өзбекстан үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшөт. Азыркы эл аралык жана регионалдык татаал кырдаалда долбоордун маанилүүлүгү айдан ачык көрүнүп турат.

Ошол себептен, ушул жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарында бул долбоорго өзгөчө көңүл бурган. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырза менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мырза бул долбоорду ишке ашырууну тездетүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга иш сапары менен келгенде, пресс-конференцияда Борбордук Азия өлкөлөрүн кыдырганда , башкача айтканда, Кыргызстан менен Өзбекстанга болгон иш сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи. Кыргыз жана өзбек тарап бул долбоорго чоң көңүл буруп, чоң үмүт артып жатышат. Анан албетте Кытай тарап баарын колдойт. Ван И мырза Кыргызстанга келген учурда, долбоордун жергиликтүү изилдөөсүн жүргүзүү, техникалык экономикалык негиздемени иштеп чыгуу үчүн кытайлык эксперттердин биринчи тобу кошо келди. ТЭН ийгиликтүү бүтүшү үчүн үч тарап тең тыгыз кызматташуусу зарыл, анткени бул ТЭН абдан маанилүү, себеби бул темир жолдун тарыхы кылымдык болот. ТЭН эң  негизгиси ийгиликтүү ишке ашса,  ал долбоордун мындан  ары алга илгерилешине бекем негиз түзөт.

Ушул жылы бул долбоордо олуттуу өзгөрүүлөр башталганы бизди абдан кубандырат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн ШКУнун саммитинде кыргыз-өзбек тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча тиешелүү документтерге кол коюуну сунуштаган. Кытай тарап бул сунушту колдоого алып, азыркы тапта эксперттер тиешелүү документтерди даярдап жатышат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бул жол “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагындагы кызматташуунун флагмандык долбоору болорун айткан. Анан, албетте, бул долбоор ишке  ашып, пландалгандай илгерилеп кетишине чын жүрөктөн тилектешпиз, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу чындап кызматташтыктын жолуна, достуктун жолуна жана өнүгүү жолуна айланышын чын жүрөктөн каалайбыз.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии