Ушул жылы Кыргызстан менен Кытай дипломатиялык алакаларынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатышат. Учурга чейин биргелешип ишке ашырган кайсыл долбоорлорду белгилей аласыз?
Ооба, сиз туура белгиледиңиз, быйыл биздин өлкөлөр Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет. Эсимде, 1992-жылдын 5-январында Кытай жаңы Эгемендик алган Кыргыз Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча коммюникеге кол койгон. Ошентип, биз эки тараптуу мамилелердин жаңы тарыхын баштаган элек. Бул 30 жылдык маараке болгондуктан, мамилебиздин өнүгүшү тууралуу көбүрөөк сөз кылмакчымын.
Биринчиден, саясий чөйрөдө. Биздин өлкөлөр саясий өз ара ишенимди тынымсыз чыңдап, консультациялардын, өз ара түшүнүшүүлөрдүн жана өз ара жеңилдиктерге баруунун негизинде тарыхтан калган чек ара маселелерин чечтик. Биз стратегиялык өнөктөштөр катары, эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарына тиешелүү болгон негизги маселелер боюнча бири-бирибизди ар дайым колдойбуз. Мисалы , Кытай Кыргызстандын өнүгүү жолун тандоодо ар дайым колдоо көрсөтүп келет, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн коргоо боюнча Кыргыз Өкмөтү көрүп жаткан чараларды дайыма колдоп турат. Жана колдообуз экономиканы өнүктүрүүгө дагы багытталган. Кытай тарап кыргыз элине, Кыргызстандын өкмөтүнө ар дайым жардам көрсөтүп келет, мүмкүн болушунча, албетте, биз ар дайым чын жүрөктөн жардам берип келебиз. Кыргыз тарап Тайвань, Гонконг, СУАР сыяктуу маселелерде Кытайды чечкиндүү колдоп, “бир Кытай” принцибин карманат жана Кытай өкмөтүнүн өлкөнү бириктирүүгө багытталган бардык аракеттерин колдойт.
Биздин алакалар барган сайын жакындап бара жатат. Практикалык чөйрөдө да биз кызматташуубузду тынымсыз чыңдап жана кеңейтүүдөбүз. Кытай тараптын статистикалык маалыматына таянсак, 1992-жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болгону 35 миллион АКШ долларын түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч жети миллиард беш жүз миллион доллардан ашкан. Албетте, бул чоң жана олуттуу көтөрүлүш. Кыргыз тараптын статистикасына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айынан май айына чейин биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү бир миллиард төрт жүз миллион АКШ долларынан ашты, бул да абдан жакшы көрсөткүч. Сизге белгилүү болгондой, 2013-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин «Бир алкак — бир жол» биргелешкен курулуш демилгесин көтөргөн. Кыргызстан биринчилерден болуп бул демилгени колдоп, ага катышкан. Тогуз жылдан бери эки өлкө “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында Кыргызстанда көптөгөн маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырып келүүдө.
Мен алардын бир нечесин гана атай кетейин: «Датка-Кемин» электр өткөргүч линиясынын долбоору, бул Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген көз карандысыз бирдиктүү энергетика системасын курууга жардам берген абдан маанилүү долбоор. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автожолун куруу долбоору, бул жол Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук артерия болуп саналат. Бишкек шаарындагы №95- гимназияны курууга да жардам бердик жана бул мектеп Кыргызстандагы эң таасирдүү мектептердин бири болуп калды. Жана ошондой эле Оштогу оорукана комплексин өткөрүп бердик, бул комплекс Борбордук Азиядагы эң заманбап хирургиялык оорукана катары белгилүү.
Ал эми Бишкек шаарыны тургуну катары, сиз өзгөрүүлөрдү байкаган чыгарсыз, бул Бишкек шаардык жол тармагын реконструкциялоо долбоору, бирок көп фазалар бар, Бишкектин көптөгөн көчөлөрү реконструкциялоону аяктап бүттү, албетте бул жолдордун абалын жакшыртып эле койбостон, шаардын транспорттук жана коммуникациялык абалы менен бирге Кыргызстандын борборун да абдан кооздоп турат. Айылдардагы ирригациялык системаларды реконструкциялоо долбоору дагы бар, бул долбоор соңуна чыкса Кыргызстандын төрт облусунун тургундарына пайда алып келет, 40 миңден ашуун жашоочуну камтыйт. Ошондой эле абдан чоң долбоор – “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолу , бул тууралуу басма сөз кызматтарында кеңири чагылдырылмакчы. Ал Кыргызстан үчүн азыркы мааниде түндүк менен түштүктү бириктирген абдан маанилүү магистраль болот, албетте бул долбоор эң нагизгиси бүтүндөй өлкөнүн тургундарынын жашоо шартын жакшыртса, экинчиден трассанын боюндагы экономиканы көтөрүүгө жардам берет.
Жогоруда аталган долбоорлордун баары негизинен Кытай өкмөтүнүн гранттарынын эсебинен ишке ашырылган. Бул ири долбоорлордон тышкары кытайлык компаниялар Кыргызстанда 700гө жакын биргелешкен ишканаларды түзүшкөн. Бул ишканалар Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндө чоң роль ойноп, салыктын түшүүсү жана жумушчу орундарын түзүү аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошушкан жана кошуп келишет.
Пандемияга каршы биргелешип күрөшүү тууралуу да бир аз айтып берсек туура болот. Бул биргелешкен күрөштө биздин өлкөлөрүбүз жана элдерибиз дайыма бирге турушат. Ухань шаарында эпидемия чыкканда Кыргыз Өкмөтү жана кыргыз эли Кытай тарапты колдогон. Ал эми Кыргызстанда пандемия башталганда Кытай биринчи болуп жардам берүү үчүн колун сунган. Кытай Кыргызстанга пандемияга каршы кайтарымсыз каражат бөлгөн биринчи өлкө. Кытай Кыргызстанга эксперттер тобун жөнөткөн биринчи өлкө. Кытай Кыргызстанга биринчилерден болуп акысыз вакцина берген. Бул биргелешкен күрөштө биздин элдерибиздин жүрөгү мындан дагы көбүрөөк жакындашты. Кыргызстанда акыркы эки жылда “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген сөздү көп уктук.
Албетте, маданий-гуманитардык кызматташтык алакасы жөнүндө дагы сөз кылбасак болбойт. Биз кошунабыз. «Манас» эпосу кытай жана кыргыз элдеринин орток маданий казынасы. “Манас” эпосун жайылтуу, сактоо жана улантуу багытында тыгыз иш алып баруудабыз. Кыргыз Өкмөтү кытайлык атактуу манасчы Жусуп Мамайдын бюстун эскерип Бишкекке орнотту. Ал эми кытайлык артисттерибиз “Манас” операсын сахнага койгондон кийин, атайын чакыруу менен келип бишкектиктерге операны кыргыз сахнасында коюп, кубаныч тартуулашты.
Жакында эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна барып «Манас» эпосунун көргөзмөсүн жана аткарылышын көрүп, «Манастын» материалдык эмес маданий мурастарынын мураскерлери менен баарлашты. Манас муундан-муунга өтүп, гүлдөп өсүшү үчүн аны өтө кылдаттык менен коргоо керектигин айтып өттү. Бул маалымат абдан тез тарап, Кыргызстандын коомчулугунда талкууга алынган. Жана албетте, менин түшүнгөнүмдөй, кыргыз тарап жана кыргыз эли кытай тарапты, тактап айтканда, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин айткандарын абдан сүйүнүү менен кабыл алып, абдан жогору баалашкан.
Кыргыз жаштарына кытай тилин жана кытай маданиятын үйрөнүүгө жардам берүү максатында Кытай менен Кыргызстан биргеликте 4 Конфуций институтун түзүштү, жыл сайын 4000ге жакын кыргызстандык студенттер университеттерде жана Конфуций класстарында билим алышат. Кытай Өкмөтү жыл сайын Кыргызстан тарапка 300гө жакын стипендияга квота берип, 5 миңге жакын кыргызстандык студент Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алышат. Соңку мезгилде өз ара маданий борборлорду түзүү, адабий чыгармаларды өз ара которуу, көркөм кинотасмаларды, телекөрсөтүүлөрдү өз ара көрсөтүү боюнча көптөгөн иштерди жүргүзүп жатабыз.
Дипломатиялык мамилелер орнотулган 30 жылдын ичинде кытай-кыргыз мамилелери ар дайым жакшы, сергек өнүгүү темпин сактап келген деп айтууга болот. Мына ушул 30 жылдын ичинде биздин мамилебиз ар кандай сыноолорго туруштук берди жана барган сайын өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө Кытай менен Кыргызстан чындап эле жакшы коңшу, жакшы дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууган болуп калышты.