6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (2-бөлук)

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (2-бөлук)

Сиз ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен Тышкы иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ичинен биринчилерден болуп жолугуштуңуз. Биздин мамилебиздин ушунчалык тездик менен өнүгүп, тереңдей башташына өткөн кылымдын 50-жылдарында президенттин ата-энесинин Кытайдан Кыргызстанга кайтып келиши кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгиздиби?

Ооба, эгерде жаңылбасам, ошол кездеги Президенттин милдетин аткаруучу, урматтуу Садыр Жапаров жолуккан  алгачкы элчи Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси,  мен андан кийин жолуккан элчи болчумун. Бул түшүнүктүү. Кытай дагы, Орусия дагы Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү. Кытай  Кыргызстандын эң чоң коңшусу. Бул жолугушууда Садыр Жапаров өзү  мага чоң атасы менен атасынын Кытайдагы жашоосу тууралуу айтып берип, аталарынын Кытайдагы жергиликтүү тургундар менен болгон достук мамилесин эстеп, жакшы көз-карашта экендигин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кытай менен Кыргызстандын салттуу достугун жогору баалайт жана Кытайга карата достук саясатын чечкиндүү жүргүзүп келет. Ал президент болгондон кийин,  Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы биздин мамилелелер COVID-19 пандемиясынын жайылышына карабастан жаңы өнүгүүгө, жаңы деңгээлге көтөрүлдү.  Үстүбүздөгү жылдын февраль айында ал Кытайга алгачкы сапарын жасап, Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин аны менен алгачкы эки тараптуу жолугушуусун өткөргөн.  Лидерлерибиз эки тараптуу кызматташуу жана аймактагы кырдаал боюнча пикир алмашып, биргелешкен билдирүү жасап, анда көптөгөн макулдашууларга жетишилди. Акыркы жарым жылдын ичинде эки тарап тең биздин мамлекет башчыларынын келишимдерин ишке ашырууну тездетүүгө аракет кылып жатышат.

Кытай менен Кыргызстандын көзөмөл-өткөрүү пунктарындагы жүктөрдүн көлөмү кыйла көбөйүп, эпидемияга чейинки деңгээлден ашты; жана ушуга байланыштуу биздин өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмү да эпидемияга чейинки деңгээлден ашты. Муну менен катар эле биз эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарын кайрадан жандандырдык; «Бир алкак – бир жол» демилгесинин негизинде бардык иштер калыбына келтирилди; жана эң  негизгиси Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Чүй каналын айланып өтүүчү жол (ЧК-2) сыяктуу жаңы стратегиялык ири долбоорлор тездетилген темп менен өнүгүүдө. Ал эми бул кыска убакыттын ичинде биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлүп, Кытай менен Кыргызстандын жалпы тагдырлар шериктештигин биргелешип түзүүгө абдан бекем өзөк түздү деп айта алабыз. Мен бул тууралуу кийинчерээк айтып берем.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии