6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (1-бөлук)

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен болгон маек (1-бөлук)

Урматтуу Ду Дэвэнь айым, саламатсызбы, маектешүүгө  убакыт  бөлгөнүңүз  үчүн сизге ыраазычылык билдирем.  Сиз Кыргызстанда элчи катары үч жылдан бери эмгектенип келесиз. Бул убакытта биз өлкөнүн Президентин алмаштырдык, Конституцияны өзгөрттүк, үч жолу тышкы иштер министри алмашты. Саясий агымдар тез өзгөрүп, кээде селге айланып,   баарын жууп кеткен мындай шарттарда иштөө кандай болуп жатат?

Биринчиден биздин Кыргызстандагы элчиликтин аймагына кош келипсиз.Сиз менен таанышканыма жана суроолоруңузга жооп берүүгө кубанычтамын. Мен  Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын  Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси катары 2019- жылдын март айында келгенмин.  Кыргызстанды жакшы билем. Буга чейин Кытайдын Тышкы Иштер Министирлигинин Россия жана Борбордук Азия багытында ишин алып баргам. Борбор Азиянын мамлекеттерин көп кыдыргам. Кыргызстандын кооз пейзаждары, кыргыз элинин меймандостугу, Кыргызстандын кайталангыс салттуу маданияты мага ар дайым абдан жакшы таасир калтырат.

Албетте, мен Кыргызстандагы  миссиямды эң жакшы түшүнөм жана кытай-кыргыз мамилелеринин деңгээли ар дайым жогорулашы үчүн өзүмдүн  командам менен ар дайым талыкпай иштейм.  Албетте, Кыргызстандын Өкмөтү мага ар дайым чоң колдоо көрсөтүп, ушул убакыт аралыгында Кыргызстандагы коомдун ар кайсы тармагындагы көптөгөн кыргыздар менен жакындан таанышып, достошууга жетиштим, алар да мага ар дайым өз  жардамын көрсөтүп келишет.  Ооба, чынында  үч жылдын ичинде Кыргызстандын саясий жана коомдук  турмушунда  зор өзгөрүүлөр болду. Кыргызстандын алты премьер-министри менен иш алып бардым. Бирок бул окуялардан кийин мен Кыргызстандын өкмөтү Кытайга карата достук саясатын ар дайым бекем карманып келгенине, кыргыз эли Кытай менен достукту жана кызматташтыкты чын  дилинен каалап жана кытай-кыргыз мамилелеринин келечеги кеңейе тургандыгына, алакабыз мындан да жакшы болоруна, бекемдешине жана  улана берерине ынандым.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии