6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаСиань шаарында Кытай жана Борбордук Азия мамлекеттеринин Достук форуму болуп өттү

Сиань шаарында Кытай жана Борбордук Азия мамлекеттеринин Достук форуму болуп өттү

27-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын административдик борбору болгон Сиань шаарында Кытайдын эл аралык достук ассоциациясы жана Шэньси провинциясынын Эл Өкмөтү биргелешип уюштурган Кытай жана Борбордук Азия мамлекеттеринин Достук форуму болуп өттү.

Форумдун ачылыш аземинде КЭРдин бүткүл элдик өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Цао Цзяньмин сөз сүйлөдү. Видео байланыш режиминде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Тажикстан парламентинин спикеринин орун басары Мансури Дилрабо Сайдулло жана башка чет элдик саясий ишмерлер чыгып сүйлөштү. Ошондой эле Форумга Шэньси провинциясынын Кытай Коммунисттик партиясынын (КПК) комитетинин катчысы Лю Гочжун дагы катышып, өз ою менен бөлүштү.

Иш-чаранын алкагында бир катар тематикалык талкуулар болду. Анын ичинде салттуу медицина, археология жана маданий мурастарды коргоо темалары боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан тышкары, катышуучулар жакырчылык менен күрөшүү, айыл чарбасын жана билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бир нече биргелешкен программаларды ишке киргизишти. Виртуалдык көргөзмөлөр үчүн төрт аянтча дагы курулуп, Кытайдын Борбордук Азия өлкөлөрү менен биргелешкен ишинин жетишкендиктери көрсөтүлдү.

Кытайдын Шэньси провинциясы аймактагы мамлекеттердин ортосундагы гуманитардык жана соода байланыштары үчүн негизги аянтча катары таанылды. Ал эми Сиань административдик борбор катары узак убакыттан бери Азия менен Европанын ортосундагы көпүрө катары эсептелип келген. Жергиликтүү аэропорт 88 эл аралык жана аймактык каттамды аткарат.

Цао Цзяньмин белгилегендей, ушул жылдын январь айында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан Кытайдын Борбордук Азиянын беш өлкөсү менен дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган видеосаммитте Кытай менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы достук форумун өткөрүү боюнча сунуш киргизген. Бул Кытай менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы достук мамилелерди узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө багытталган.

Анын айтымында, Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн достук кызматташтыгынын 30 жылдык тажрыйбасы элдердин ортосундагы байланыш мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү үчүн негиз болуп саналат. Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биз күчтөрдү бириктирип, элдердин достугун жалпы кызыкчылыктар менен бекемдөөгө, достукту өнүктүрүү үчүн социалдык негизди бекемдөөгө, ошондой эле Кытай менен Борбордук Азиянын бирдиктүү тагдырынын тыгыз жамаатын түзүүгө тийишпиз.

Ошондой эле Кытай Элдик Чет өлкөлөр менен достук коомунун төрагасынын орун басары Цзян Цзян: “Аймактык кызматташтык мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү өлкөнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Борбор Азия өлкөлөрү менен байланышты чыңдоодо Шэньси провинциясынын уникалдуу артыкчылыгы бар. Акыркы жылдары биз айыл чарба, маданият, билим берүү жана башка көптөгөн тармактарда кызматташууну күчөтүп жатабыз. Бул биздин элдер үчүн абдан пайдалуу” — деп билдирди.

Ал эми Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысынын орун басары Джанеш Кейн Борбор Азия аймагы Уюмдун мейкиндигинин өзөгүн түзөт деп белгилеп, “ШКУ анда жайгашкан мамлекеттердин өкмөттөрүнүн гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга жана жакшы коңшулук, ишеним жана достук мейкиндигин түзүүгө багытталган аракеттерин колдойт” деген оюн баса белгиледи.

Форумдун алкагында Кытай-Казакстан салттуу медицина борборунун, Кытай-Борбордук Азия айыл чарба кызматташтык борборунун жана Кытай-Борбордук Азия айыл чарба илиминин жана технологиясынын комплекстүү демонстрациялык паркынын ачылыш аземи болуп өттү.

Кытай жана Борбордук Азия мамлекеттеринин элдеринин достугу форумунун жыйынтыгында “Сиань декларациясы” кабыл алынды.

“Сиань декларациясы” – салттуу достукту улантуу, элдик кызматташтыкты тереңдетүү

Бул форумдун темасы — салттуу достукту улантуу, элдик кызматташтыкты тереңдетүү. Тараптар кытай жана Борбордук Азия мамлекеттеринин Достук форумун өткөрүү Кытай менен Борбордук Азия элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, “Бир алкак — бир жол” демилгесин алга жылдырууга өбөлгө түзөт деп эсептешет. Форумдун жыйынтыктарын бекемдөө максатында Тараптар төмөнкүлөрдү билдиришет.

  1. Ар дайым “өз ара сый-урмат, жакшы коңшулук, өз ара жардамдашуу жана өз ара пайда” принциптерин кармануу, тилектештикти жана өз ара ишенимди дайыма бекемдөө, өз ара байланышты жакшыртуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү, жалпы өнүгүүгө жана жалпы гүлдөп-өнүгүүгө жетишүү жана Кытай менен Борбордук Азиянын бирдиктүү тагдырынын тыгыз коомчулугун курууга көмөктөшүү.
  2. Кытай менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган «жакынкы 5-10 жылда Кытай менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн ортосундагы эгиз шаарлардын санын жалпысынан 100 түгөйгө чейин көбөйтүүгө умтулуу» аттуу видеосаммитте КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган демилгени активдүү ишке ашыруу, Кытай менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн ортосундагы жергиликтүү кызматташтыктын сапатын жана деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, эгиз шаарларды түзүү аркылуу Кытай менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн ортосундагы достук мамилелердин прагматикалык мазмунун байытуу.
  3. Уникалдуу өзгөчөлүктөрү менен заманбап айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, инновациялар үчүн аянтчаны түзүү жана заманбап айыл чарба илимин жана техникасын көрсөтүү, айыл чарба илимий изилдөөлөрү, өнөр жай долбоорлору, кадрларды окутуу жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты тереңдетүү, артыкчылыктардын бири-бирин толуктап туруу, өнүгүү тажрыйбасы менен бөлүшүү жана “Бир алкак-бир жол” долбоорунун курулушуна көмөктөшүү, бардык өлкөлөрдө жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү процессин тездетүү.
  4. Жибек жолун археологиялык изилдөө жана маданият маселелери боюнча өз ара аракеттенүү үчүн ачык, биргелешкен, өз ара пайдалуу платформаны түзүү, Кытай менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн ортосунда археологиялык жана маданий мурас жаатында биргелешкен изилдөө иштерин кеңейтүү жана Шэньси провинциясына Жибек жолунун археологиясы жана маданий мурастарын коргоо жаатында адистерди даярдоонун атайын базасын курууга колдоо көрсөтүү, Жибек жолунун цивилизациялары диалог форумун даярдоо, ошондой эле Жибек жолунун боюндагы өлкөлөрдүн ортосундагы маданий алмашууларга көмөктөшүү.
  5. Билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөө жана эл аралык көз карашы жана эл аралык баарлашуу көндүмдөрү бар жогорку квалификациялуу кадрларды тарбиялоо. 2022-жылдан тартып Сиань шаарында Шэньси провинциясы жыл сайын Борбордук Азия мамлекеттеринин студенттерине өкмөттүк стипендияга 150 квота бөлүп берет. Кытай жана Борбордук Азия жаштарынын искусство фестивалына, Кытай жана Борбордук Азиянын жаш лидерлеринин “келечекке көпүрө” лагерине, ошондой эле Жибек жолунун билим берүү жаатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча семинарга активдүү катышуу.
  6. Салттуу медицина жаатында алмашууга жана кызматташууга көмөктөшүү жана эл аралык эпидемияга каршы кызматташууга көмөктөшүүнү улантуу. Салттуу медицина маселелери боюнча академиялык алмашууларды, технологиялык кызматташтыкты, дары-дармек каражаттарын жана дары-дармектерди биргелешип пайдаланууну, элдердин ден соолугун коргоону жана Кытай-Казакстан салттуу медицина борборунун Шэньси провинциясындагы курулуштун базасында Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда Саламаттык сактоо чөйрөсүндө бирдиктүү тагдырдын коомчулугун курууну биргелешип илгерилетүү.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии