6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаSINOVAC Biotech Ltd компаниясы чет элдик журналисттерди тосуп алды

SINOVAC Biotech Ltd компаниясы чет элдик журналисттерди тосуп алды

Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрь күнү чет элдик журналисттер үчүн Кытайдын белгилүү Sinovac Biotech Ltd биофармацевтикалык компаниясы ачык эшик күнүн уюштурду. Бул сапарда биз компаниянын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, лабораторияларын кыдырып, чыгарылган препараттары, вакциналары тууралуу толук маалымат алдык.

Чындыгында, компаниянын лабораторияларында кызматкерлердин коопсуздугу биринчи орунда турат экендигине күбө болдук. Препараттарды өндүрүү негизинен автоматташтырылып, адистердин көзөмөлүндө жүзөгө ашырылат экен.

SINOVAC Biotech Ltd. (SINOVAC) — башкы кеңсеси Кытайдын борбору Пекин шаарында жайгашкан, ал адамдын жугуштуу ооруларынан коргоочу вакциналарды изилдөө, инновациялоо, өндүрүү жана коммерциялаштыруу боюнча адистешкен алдыңкы биофармацевтикалык компания болуп саналат. SINOVAC компаниясынын портфелине COVID-19, Enterovirus 71 (EV71), инфекцияланган кол жана бут ооруларына (HFMD), А жана В гепатитине, сезондук сасык тумоого, пневмококк тумоосуна, H5N1 пандемиялык тумоосуна (канаттуулар тумоосуна), чечек, паротит жана полиомиелитке каршы вакциналар кирет.

Бизге бул компания коронавируска каршы чыгарган  Corona Vac вакцинасы арыкылуу белгилүү болгон десек жаңылышпайбыз. Бул препарат Кытайда колдонууга уруксат берилген экинчи вакцина катары белгилүү, биринчиси болсо Sinopharm кытай компаниясы тарабынан чыгарылган вакцина болуп саналат. Sinovac Biotech компаниясы биофармацевтика тармагында 20 жылдан ашуун ийгиликтүү өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Тактап айтканда, ал  1999-жылы негизделген.

SINOVACдын COVID-19 вакцинасы Corona Vac 60тан ашык өлкөдө шашылыш колдонууга же шарттуу сатууга уруксат алган. 14 өлкөдө ​​жашы жете электер үчүн Corona Vac вакцинасын колдонууга уруксат берилген. Анткени, бул вакцинанын жалпы дүйнөлүк камсыздоосу дээрлик 2,9 миллиард дозаны түзөт. Клиникалык сыноолордун жана реалдуу изилдөөлөрдүн 400дөн ашык изилдөө натыйжалары жана отчеттору Corona Vac ар кандай тобокелдеги топтор үчүн, анын ичинде жаш балдар, өспүрүмдөр, кош бойлуу айымдар жана карылар үчүн коопсуз жана натыйжалуу экенин далилдеген. 2022-жылдын сентябрына карата жалпы дүйнөлүк (Кытайды кошкондо) CoronaVac 2,88 миллиард дозаны чыгарып, анын 1,75 миллиард дозасы Кытайга жана 1,13 миллиард дозасы чет өлкөлөргө жана аймактарга жөнөтүлгөн.

 SINOVAC вакциналар тармагындагы жаңы изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар менен тынымсыз алектенип келет. Ошондуктан жаңы комбинациялуу жана жаңы технологиялык вакциналар учурдун талабына ылайык өндүрүлүп келет. Ички рынокту изилдөө менен, SINOVAC дайыма эл аралык рыноктогу мүмкүнчүлүктөргө дагы терең маани берет. Ар дайым кызматташууга даяр.

Sinovac компаниясында жылына 4 миллиард доза вакцина өндүрүү кубаттуулугу менен үч COVID-19 вакцина цехи бар. Бүгүн биз COVID-19 вакцина өндүрүшүнүн II цехине баратабыз, ал инактивдештирилген COVID-19 вакцинасынын (Vero Cells) болжол менен 1 миллиард дозасы үчүн партияларды чыгара алат. Цех жогорку тактыктагы жогорку автоматташтырылган приборлор менен жабдылган жана өлкөдөгү эң ири BSL-3 вакцинасын чыгаруучу база болуп саналат.

COVID-19 вакцинасы (Vero Cell) негизинен эки өндүрүштүк линияда өндүрүлөт: массалык өндүрүш цехи жана формула чыгаруучу цех. Вакцинанын партиясын алуу үчүн клеткаларды өстүрүү, вирустарды көбөйтүү, вирусту инактивациялоо, тазалоо жана тестирлөө өткөрүлөт.

Андан кийин негизги бөлүгү COVID-19 вакцинасынын акыркы продуктусун (Vero Cell) өндүрүү үчүн формалоочу аймакка өткөрүлүп берилет. Формуляция цехтеринде вакцинанын негизги бөлүгү стерилдүү чөйрөдө даярдоо, толтуруу жана таңгактоо процесстеринен өтөт.

Бул препараттардын бардыгы сапатты көзөмөлдөө лабораториясына алынып келинет. Сапатты көзөмөлдөө лабораториясы 3000 чарчы метр аянтты камтыйт жана анын негизги милдети COVID-19 вакцинасынын чийки заттан даяр продукцияга чейинки бүткүл өндүрүү циклин сыноо болуп саналат. Бүгүнкү күнү бул лаборатория 2 миллиарддан ашык вакцинанын 3,5 миллион дозасын сынап, продукциянын 100% сертификациядан өткөргөн.

Компания ар дайым изилдөө, иштеп чыгууга жана инновацияга чоң маани берет. Учурда компанияда 150дөн ашык адамдан турган илимий-изилдөө тобу бар. Бул команда ар тараптуу мыкты адистер менен камсыз болгон. Компания улуттук деңгээлде доктордон кийинки илимий-изилдөө жумушчу станциясына ээ жана көптөгөн университеттер, институттар жана илимий-изилдөө институттары менен өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде дагы кызматташтык алакага ээ.

Ошондой эле бул компания кызматташкан өлкөлөргө дагы өз демөөрчүлүгүн кылып келет. Мисалы, 24-сентябрда Египеттин биологиялык продукциялар жана вакцина компаниясына Ковид-19 вакцинасын өткөрүп берүү жана SINOVAC демөөрчүлүк кылган вакциналарды сактоо үчүн автоматташтырылган комплексти жеткирүү аземи болуп өткөн.

Аталган автоматтык комплекс 2800 чарчы метр аянтка курулуп, 150 миллион доза вакцина сакталган. Ал жүктөө жана түшүрүү диспетчерлерин автоматтык түрдө башкара алат. Сактоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу муздак сактоонун эксплуатациялык чыгымдарын азайтып, вакциналарды сактоонун коопсуздугун камсыз кылат.

Компаниянын башкы максаты жалпы адамзатка жогорку сапаттагы жана эффективдүү вакциналарды берүү, чың ден соолук коомун курууга көмөктөшүү менен бирге өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде мамлекеттерге пайда алып келүү болуп саналат.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА
СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии