-0.9 C
Бишкек
Суббота, 23 ноября, 2024
ДомойАналитикаПекинде ШКУнун медициналык жана фармацевтикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конференциясы болуп өттү

Пекинде ШКУнун медициналык жана фармацевтикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конференциясы болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында гибриддик форматта ШКУнун медициналык жана фармацевтикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конференциясы болуп өттү. Бул иш-чара Кытай фармацевтикалык инновациялар жана илимий-изилдөө иштери боюнча Кытай ассоциациясы (КФИИКА) менен биргеликте Өзбекстан Республикасынын КЭРдеги элчилигинин колдоосу менен уюштурушту.

Конференциянын катышуучулары жана уюштуруучулары “Калктын саламаттыгы үчүн фармацевтикалык кызматташтыкты чыңдоо” деген темада маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча терең талкууларды жүргүзүп, консенсуска келишти.

Катышуучуларга саламдашуу сөзү менен ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин, ШКУнун жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча Кытай комитетинин төрагасынын орун басары Цуй Ли, Өзбекстан Республикасынын КЭРдеги элчиси Фарход Арзиев жана КФИИКА аткаруучу директору Сун Хуэйлинь кайрылышты.

Иш-чаранын уюштуруу иштерин ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин жогору баалап, аны уюмдун ичинде медицина жана саламаттыкты сактоо жаатында алмашууну бекемдөө үчүн маанилүү аянтча деп атады.

Ошондой эле Чжан Мин: “Адамдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртуу — ШКУга катышкан өлкөлөрдүн башчыларынын жогорку деңгээлдеги консенсусу. Алардын бардыгы медициналык жана фармацевтикалык кызматташтыкка чоң маани беришет жана бул тармактагы алмашууну тереңдетишет. Азыркы учурда ШКУнун алкагында саламаттык сактоо жаатында кызматташуу механизми иштеп жатат. Эпидемиянын алдын-алуу боюнча ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу Ковид-19га каршы күрөшүүдө маанилүү ролду ойнойт. Мындан тышкары, өткөн жылы Душанбе декларациясында жугуштуу оорулардын алдын-алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндө кызматташууну улантуу жөнүндө макулдашуу колдоого алынган»-деп, билдирди.

Конференцияга Казакстандын, Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистандын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын Саламаттык сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Эл аралык медициналык жана фармацевттик кызматташтыкты күчөтүү жана ШКУнун алкагында фармацевтикалык башкаруунун жана жөнгө салуунун натыйжаларын өз ара таануу маселелери талкууланды.

Кыргызстандын атынан онлайн форматта Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директору Нурдин Кагаздиев катышты. Нурдин Кагаздиев өз сөзүндө бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, азыркы ааламдашуу доорунда бардыгы кызматташып, биргеликте иш алып баруу зарылчылыгын белгиледи.

Конференциянын атайын дискуссиялык сессиясында ШКУнун өлкөлөрүнүн ортосундагы фармацевтикалык кызматташтыкка тиешелүү маселелерди талкуулоо үчүн   China Biologics компаниясынын Төрагасы Ян Сяомин,  Luye Life Science Group компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы  Лю Дяньбои,  Betta Pharmaceutical  компаниясынын вице-президенти жана  башкы операциондук директору  Ван Цзян чакырылган. Фармацевтикада инновациялык жана илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана мамлекеттик колдоо саясатын калыптандыруу жагынан катышуучулар фармацевтика тармагында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана ШКУнун алкагында дары-дармек көзөмөлүн өз ара таанууга көмөктөшүү менен маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча бир пикирге келишти.

Кытай тарабынан “ШКУнун алкагында фармацевтикалык өнөр жай чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү демилгеси” жарыяланды.

Фармацевтикалык кызматташтыкты чыңдоо жана адамзаттын жаркын келечеги үчүн биргелешкен күч-аракеттерди түзүү максатында Конференциянын уюштуруучулары төмөндөгүдөй багыттарда иш алып барууну сунушташты:

  • Өкмөттөрдүн жана ишканалардын катышуусу менен ШКУга мүчө мамлекеттердин, байкоочу мамлекеттердин жана өнөктөштөрдүн фармацевтика чөйрөсүндөгү диалогуна өз ара аракеттенүүсүнө көбүрөөк көңүл буруу, өз ара ишеним, өз ара пайдалуу принциптерди камтыган “Шанхай рухун” жетекчиликке алуу , теңчилик, кеңешүү, маданияттардын көп түрдүүлүгүн урматтоо жана жалпы өнүгүүгө умтулуу, биримдикти жана ишенимди чыңдоо, адамзаттын сонун келечеги үчүн чакырыктарга биргелешип каршы турууда практикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана тыгыз байланыштарды өнүктүрүү;

  • фармацевтикалык көзөмөлдөө маселелери боюнча кызматташтыкты чыңдоого колдоо көрсөтүү, ШКУнун алкагында дары-дармектерди жана медициналык техниканы өнүктүрүүдө өз ара пайдалуу кызматташтыктын кыйла натыйжалуу моделин түзүүгө жигердүү көмөк көрсөтүү, дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты стимулдаштыруу, жалпы ден соолук үчүн артыкчылыктуу продукциялар жана тармактар ​​боюнча көзөмөлдүн натыйжаларын өз ара таанууга көмөктөшүү;

  • ШКУнун алкагында инновациялык жетишкендиктерди жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү үчүн фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн аянтчаны түзүү идеясын колдоо, клиникалык мааниси чоң жаңы дары-дармектерди көрсөтүү. Клиникалык керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн экинчи тараптын рыногуна жалпы таанылган стандарттарга ылайык келген дары-дармек каражаттарын өз ара киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Уюмдун алкагында фармацевтика тармагында мамлекеттер аралык кызматташтыкты жана алмашууну кеңейтүүнү жана тереңдетүүнү колдоо.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча Тараптар “Медициналык жана фармацевттик кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча демилгени” жарыялашты, анда тараптардын фармацевтика тармагында жөнгө салуу жана контролдоо жаатында алмашууну жана кызматташтыкты бекемдөөгө, изилдөөлөр боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн натыйжалуу моделдерин иштеп чыгууга даярдыгы айтылды.

Конференциянын уюштуруучулары бир добуштан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн фармацевтика тармагындагы көзөмөл органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүү үчүн ШКУ өлкөлөрүндө фармацевтиканы тереңдетүү планында консолидацияланган өнүктүрүү үчүн платформаны биргелешип түзүү зарыл деген пикирлерин билдиришти. Тараптар адамзаттын дени сак жана жаркын келечеги үчүн элдин саламаттыгын сактоонун деңгээлин жогорулатуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярдыгын дагы баса белгилешти.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии