Салттуу Кытай майрамдары кылымдарды карыткан тарыхты, өзгөчө кызыктуу маданиятты ичине камтып келет. Мына, ошондой майрамдардын бири Күз фестивалы. Тактап айтканда, ай жылнаамасы боюнча түшүмү мол күздүн жарымында белгилене турган Күз жарымы майрамы. Күз жарымы фестивалы ар дайым сегизинчи айдын 15-күнүнө туура келет. Ай жылнаамасы боюнча эсептелгендиктен анын датасы улам жылып турат. Негизинен бул майрам сентябрь, октябрь айларында белгиленип жүрөт. Быйыл, 2022-жылы бул күн 10-сентябрга дал келип, жалпы кытай эли бул майрамды өзгөчө кубануу менен тосуп алды.
Мына ушундай мыкты саамалыктын урматына Кытай тарап дагы чет элдик ЖМК өкүлдөрү үчүн атайын майрамдык иш-чара уюштуруп беришти. Бул иш-чарага КЭРдин Кытай коомдук дипломатиялык ассоциациясынын төрагасы У Хайлун, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медиа өкүлдөрү жана башка сыйлуу меймандар катышып, чет элдик журналисттердин иштерине ийгилик каалашты. КЭРдин Тышкы иштер министринин жардамчысы Хуа Чуньин дагы өз сөзүндө майрамдын маанисине токтолуп, Пекиндин Чаоян районунун өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын дагы белгилеп кетти.
Чындыгында иш-чара абдан кызыктуу болду. Атайын журналисттер үчүн кытайдын салттуу маданияты көрсөтүлдү. Ошондой эле каалоочулар үчүн кытай элдик медицинасынын дарыгерлери тамыр кармап, массаж кылып, өз кеңештерин берип жатышты.
Иш-чаранын соңунда атайын концерттик программа сунушталып, андан соң каалоочулар үчүн караоке уюштурулду. Ошондой эле, майрамдын башкы символу болгон “ай токочтордун” ар түрдүү даамдарын татып көрдүк.
Бир жагынан эс алып, бир жагынан коңшу элдин кылымдарды карыткан маданиятын жакындан таанып, күбө болдук. Бул майрам тууралуу канча жолу жазганым менен, аны жакындан көрүп, кытай эли менен кошо майрамдоо мага өзгөчө кубаныч тартуулады десем жаңылышпайм.
Бул күнү жаратылыштын, толгон айдын сулуулугуна арналган ырлар окулат (подзаголовок)
Күз жарымы фестивалы жогоруда айтылгандай, Кытай маданиятындагы абдан маанилүү майрамдардын бири болуп саналат. Аны “Толгон ай” же болбосо “Ай токоч” майрамы деп дагы атап келишет. Бул майрам жеке гана Кытай жергесинде белгиленбестен, Азиянын башка мамлекеттеринде дагы майрамдалат. Фестиваль өзүнүн кадыр-баркы жагынан жалгыз гана Кытай жаңы жылынан артта болбосо, калган майрамдардын алдыңкы сабында турат. Бул күнү эл шаан-шөкөт менен майрамды тосуп алып, “ай токочун” бир-бирине, жакындарына тартуулашат. Бул токочко ар түрдүү даамдар кошулат, ошондуктан, ар бир адам өзүнө жаккан даамын тандап алат.
“Ай токочтору”- бул кичинекей болгон, кулинардык продукция. Аны негизинен кол менен кармап жешет. Ал толгон айдын белгиси катары тегерек жасалып, бетине ар түрдүү каалоо-тилектер жазылып, оймо-чиймелер менен кооздолот. Ар бир таттуу өзүнчө бир кооз баштыкчага салынып, чыгарылат. Ал кичинекей болгону менен, абдан калориялуу.
Күз майрамы бул үй-бүлөлүк майрам болуп саналат. Ошондуктан, бардыгы аны жакындары, үй-бүлөсү менен биргеликте өткөрүүгө аракет кылышат. Бул күнү жаратылыштын, толгон айдын сулуулугуна арналган ырлар окулуп, ар бир үй-бүлө ичи өзгөчө бир шаңга бөлөнөт. Берекелүү күздүн майрамы айдын толгон убактысына дал келип, көпчүлүк ачык асман алдында, толгон айга суктануу менен майрамды улантышат. Ошондуктан, акыркы мезгилдерде бул майрамды байыркы ажайып жайларда, жаратылышта, асман тиреген имараттардын эң үстүнкү кабатында белгилөө дагы эл арасында популярдуу болууда.
Кытайда толгон айдын орду дагы өзгөчө. Анткени, толуп турган ай-биригүүнүн, биримдиктин , ынтымактын символу катары дагы белгилүү. Бул күнү парктарда, эс алуу жайларында майрамдык маанай орун алып, кытайдын салттуу символикалары болгон ажыдаар менен арстандын бийи майрамга өзгөчө шаң кошот. Көчөлөргө асма шамдар илинип, кандайдыр бир сыйкырдуу дүйнөгө сапар алгандай таасир калтырат. Соңунда, шамдар асманга карай учуп, толгон ай менен айкалышып, майрам көркүнө чыгат.
Ай ханышасы Чанъе же төңкөрүш “токочтору” (ПОДЗАГОЛОВОК)
Күз жарымы фестивалы 3 миң жылдан ашуун майрамдалып келет. Башка майрамдар сыяктуу эле анын келип чыгышы дагы көп сырдуу уламыштарга бай. Алардын көпчүлүгү айга барып жашап калган Чанъе ханышанын окуяларына байланыштуу. Алардын биринде, ай ханышасы Чанъе легендарлуу жаачы Хоу Инин аялы болгон. Жаачы асмандагы тогуз күндүн бирөөсүн гана калтырып, калганын жерге атып түшүрүүгө буйрук алат. Бул ишти ийгиликтүү жүзөгө ашырган соң, ага өлбөстүн суусун белекке беришкен. Хоу И түбөлүккө жашагысы келсе дагы, сүйүктүү аялы Чанъе менен калууну чечип, эликсирди үйүндө сактап коет. Бирок, жаачы алыска сапарга кеткенде, анын окуучуларынын бири өлбөстүн суусун уурдоого келет. Ошол маалда Чанъеге жолугуп калат. Ошондо Чанъе айласыздан эликсирди ичип алып айга учуп кеткен деп айтылат. Ошондон бери, ал бүгүнкү күнгө чейин айда жашап, жер бетине көз салып турат деген уламыш бар.
Ал эми, башка бир уламыш боюнча монголдордун Юань династиясы учурунда, жергиликтүү калк башкарууга нааразы болуп, төңкөрүш өткөрүүнү чечишет. Алар “ай токочторун” ойлоп чыгып, токточтун ортосуна атайын каттарды салып бир-бирине беришкен. Ал каттарда төңкөрүш качан жана кайсы жакта болоору жазылган. Төңкөрүш толгон ай учурунда болуп, карапайым эл жеңишке жеткен. Ошол күндөн бери бул майрам эл арасында өзгөчө шаан-шөкөт менен майрамдалып келет деп дагы айтылат.
Чолпонай ТУРДАКУНОВА