15-16-сентябрда Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өтүп, ага уюмга мүчө мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жетекчилери жана чакырылган президенттер катышты. Жума күнү Самаркандда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү. Ага Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары, ошондой эле чакырылган президенттер, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Ошентип, 16-сентябрда Конгресс-борбордо эки жыйын өттү: тар чөйрөдө, ага ШКУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилери гана: Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Пакистандын Премьер-министри Шехбаз Шариф жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин катышты. Ал эми кеңейтилген жыйынга чакырылган лидерлер дагы катышышты.
Саммиттин жыйынтыгында документтердин кеңири пакети кабыл алынып, Самарканд декларациясына кол коюлуп, жолугушууда мамлекет башчылары көптөгөн маанилүү билдирүүлөрдү жасашты.
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында учурда дүйнө башаламандыкка туш болуп жатканын айтып, “бул чакырыктардын алдында биз биримдикти чыңдап, ШКУну жалпы тагдырлардын коомчулугуна айландырышыбыз керек”, — деп баса белгиледи.
Ал бул үчүн биргелешкен колдоону күчөтүү, ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ички иштерине тышкы күчтөрдүн кийлигишүү аракеттерине каршы туруу жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты кеңейтүү зарыл экенин белгиледи.
Ал ошондой эле Кытай Афган бийлигин терроризмге жана анын өбөлгөлөрү менен күрөшүүдө жигердүү колдоорун билдирди.
Си Цзиньпин маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөө демилгесин көтөрүп, БУУ менен иштешүүнүн жана алар адилеттүү болушу үчүн эл аралык процедураларды биргелешип күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин жыйынтыгында Самарканд декларациясына жана 44 документке – макулдашууларга, концепцияларга, программаларга жана башкаларга кол коюлду.
Самарканд декларациясында саммиттин негизги жыйынтыктары жана уюмду мындан ары өнүктүрүү маселелери жана глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча ШКУга мүчө бардык мамлекеттердин консолидацияланган позициялары белгиленди.
ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны 2023-жылы Индияда өтмөкчү.
Серепчилер ШКУ — жаңы дүйнөлүк эл аралык система тең укуктуулукту, сый-урматты калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет деп эсептешет.
Самарканддагы Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити эл аралык кызматташтыктын жаңы институттары кандай багытта өнүгөрүн жана келечектин пайдубалын кандай принциптер түзөрүн көрсөттү. ШКУнун өлкөлөрү дагы беш мамлекетти кошууга даяр. Алар Египет, Катар, Сауд Арабиясы, Бахрейн жана Мальдив аралдары, Иран болсо ШКУга кирүү жөнүндө меморандумга кол койду. Серепчилердин айтымында, уюм Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн эсебинен кеңейе бермекчи.
Президент Садыр Жапаров: “Кыргыз Республикасы ШКУну уюштуруучу өлкөлөрдүн бири катары Уюмдун алкагында ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет”
Саммиттин жүрүшүндө Садыр Жапаров ШКУну түзүү тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча уюштуруучу өлкөлөрдүн өз ара ишениминин жана максаттуу ишинин табигый натыйжасы болгондугун билдирди.
Ал: “Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын дээрлик жарымын жана дүйнөлүк ички дүң продуктунун төрттөн бирин бириктирген биздин Уюм мүчө-мамлекеттер тарабынан коюлган максаттар менен милдеттерди ийгиликтүү аткаруу менен ыкчам өнүгүп жаткан трансаймактык бирикмеге айланып баратат. Аталган милдет-максаттардын ичине өз ара ишенимди, достук менен ынак коңшулук мамилени, коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөө; заманбап чакырыктар менен коркунучтарга биргелешип каршы туруу; ШКУ мейкиндигинде өлкөлөр менен элдердин экономикалык жактан өсүшүнө, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө көмөктөшүү маселелери камтылган”, — деди.
Садыр Жапаров Уюм коопсуздукту камсыз кылуунун жана мамлекеттер аралык мамилелерди туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп калганын белгиледи. Мамлекет башчысы ШКУга мүчө-мамлекеттер эң татаал социалдык-гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүдө Афганистанга көмөк көрсөтүүнү улантып жатышканын белгиледи.
Бул маселелерде Садыр Жапаров белгилегендей, көп азап чеккен афган элинин кызыкчылыгы үчүн координацияланган аракеттерди көрүшүү зарыл.
Президент ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” аттуу тышкы саясий демилгесине көңүл бурду. Ал бул демилге – ШКУга мүчө мамлекет тарабынан сунушталып жаткан азыркы учурдун эң олуттуу жана маанилүү эл аралык инфратүзүмдүк долбоорлорунун бири экендиги талашсыз экенин белгиледи.
Ал “Бир алкак – бир жолду” мындан ары ийгиликтүү ишке ашыруу, өлкөлөрдүн улуттук жана аймактык өнүгүү стратегиялары менен коштоо экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, инфратүзүмдү жакшыртууга, өз ара маданий алакаларды жандандырууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди. “Кыргызстан деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон өлкө катары дүйнөлүк транспорт түйүндөрү менен коридорлоруна кошулуу, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн аракеттерди көрүп келет”, — деди Садыр Жапаров.
Президент Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун чыңдалышына мындан ары да салымын кошо берерин белгилеп, Бишкекте эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүү борборун ачуу демилгесин көтөрдү. Мындан тышкары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында флагмандык долбоор болушу керектигин баса белгиледи.
Самаркандда КР аймагындагы тилкеде “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду
14-сентябрь күнү Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду (Кыргызстандын аймагындагы тилке).
Макулдашууга КР транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана видеоконференция форматында катышкан КЭР өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Хэ Лифэн кол койду.
Документте Кыргыз Республикасынын аймагындагы тилкеде “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” каттамынын бириктирилген варианты боюнча “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.
Тараптар активдүү кызматташат жана Кыргызстанда жүргүзүлө турган техникалык-экономикалык негиздеме боюнча Кытай темир жол корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтуна биргелешип колдоо көрсөтүшөт.
Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштерди аяктоо мөөнөтү (баалоо жүргүзүү убактысын кошкондо) — 2023-жылдын 1-июнунан кеч эмес.
Тараптар техникалык-экономикалык негиздеменин каржылоосун үч тараптуу келишим түзүү жолу менен ТЭНге кеткен чыгымдарды Тараптардын ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүүнү ниеттенишет.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Кыргыз Республикасынын транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болуп саналат.
Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат. Бул каттам Кытайдан жүктөрдү Кыргызстанга, ошондой эле Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркия жана Евробиримдикке жеткирүүнү камсыздайт.
Долбоор транзиттик жүк ташуунун эл аралык рыногунда атаандаштыкка туруштук берүүнү аралыктын жана жүк жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу арттырат. Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө жалпы социалдык-экономикалык оң таасирин тийгизет жана калкка транспорттук кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө таасир этет.
Президент Садыр Жапаров КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту
15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды: Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу; Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо” № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.
Чолпонай ТУРДАКУНОВА