2.1 C
Бишкек
Пятница, 22 ноября, 2024
ДомойАналитикаКак поживаешь, кыргыз тил?

Как поживаешь, кыргыз тил?

Мындан туура 33 жыл мурда, 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тили ошол кездеги Кыргыз ССРинде мамлекеттик тил болуп жарыяланган. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул аралыкта эгемен Кыргыз Республикасында кыргыз тили кенен жайылып, өлкөнүн калкы бири-бири менен баарлашуу үчүн кыргыз тилинде сүйлөп, бардык иш кагаздар Манастын тилинде жүрүп, орто мектепте гана эмес, жогорку окуу жайларда да дарстар толук кандуу кыргыз тилинде өтүлүп калыш керек эле. Бирок, андай болбой, тескерисинче кыргыз тилинин дүйнөсү тарыгандан-тарып барат.

Кыргыз тилин оку, оку жана оку!

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын мамлекттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиеванын айтымында, мыйзам 1989-жылы кабыл алынганы менен, мамлекет тарабынан тил маселесине 2014-жылдардан баштап гана олуттуу көңүл бура баштаган.

  • 2014-2020-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө Улуттук программа кабыл алынып, атайын каражат бөлүнгөн, — дейт Аида Ишеналиева.

Программанын арты менен, көп жыл көйгөй болуп келген кыргыз тилин үйрөтүүчү китептер маселеси аздыр-көптүр чечилген. Мисалы, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мектептер, бала-бакчалар, жогорку окуу жайлар үчүн адабияттар басылып чыккан. Андан тышкары Улуттук илимдер академиясында кыргыз тили боюнча илимий эмгектер басылып, көркөм-адабий китептер жарык көрө баштаган. Эң кызыгы, бул китептердин баары республика боюнча мекеме-уюмдарга, китепканаларга бекер таратылган. Ал тургай, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да азыноолак китептер басылып чыккан.

  • Китептердин таңсыздыгы аз да болсо жоюлду. Бирок, тилекке каршы, эл ал китептерди окубайт экен, — дейт маектешибиз.

Окубагандыгынын бирден бир себеби – жаңы маалымат технологияларынын кириши жана сабатсыздык. Аида Ишеналиеванын айтымында, беш жылдан бери бул маселеге да мамлекет тарабынан көңүл бурулууда.

  • Муну жоюу үчүн, быйыл үчүнчү жолу “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүн өткөзүп жатабыз, — дейт бөлүм башчы.

Буга чейин 35-45 миң киши каалоочулар жазып келсе, бул өнөктүккө быйыл  ар бир мамлекеттик орган милдеттүү  түрдө катышууда. Мисалы, учурда 16 министрликтин кызматкерлери жат жазуу  жазышты, бул өнөктүккө ылайык  республикалык деңгээлде бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан жазылышы зарыл. Жат жазуунун максаты —  калктын сабаттуулугун жогорулатуу, мамлекеттик кызматкерлердин кат жазууда кандай ката кетирээрин аныктаганга жардам берип, атайын семинар, тренингдер өтүп, ал жерде каталардын үстүнөн иштөө жүрөт. Ошону менен бирге  кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча да семинарлар өткөрүлүп келген жана дагы өтүлө берет.

  • 2015-жылдан баштап бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн Кыргызтесттин деңгээлдерине ылайык мамлекеттик тилди үйрөтүү жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окуу курстары жүргүзүлүүдө. Тил билүү деңгээлине жараша тест тапшырып турушат, — дейт маектешибиз.

Жада калса, 2004-жылдан тартып (КР Өкмөтүнүн №958 токтомуна ылайык) ар бир мамлекеттик мекемеде мамлекеттик тил адисинин жана котормочунун кызмат орду пайда болгон. Бул адистер бардык  кызматкерлердин расмий тилде жазган документтерин которуп гана отурушчу. (Кийин бул кызмат жоюлуп, лингвист-эксперт деген штаттык бирдик ачылган. Эми адистер кат, документтерди которбой, болгону кыргыз тилиндеги тексттин сапатын текшерип келүүдө).

Бирок, ошого карабай мамлекеттик кызматкерлер арасында кыргыз тилин колдонуу  деңгээли бир топ эле төмөн. Ага мисал, эмдигиче иш кагаздарынын басымдүү бөлүгү орус тилинде жүрүшү. Анын үстүнө, жогорку бийлик органдарынан ылдый турган органдарга жиберген кат-кагаздардын дээрлик 70 пайызы орус тилинде түшөт экен.

Анын шылтоосу менен, “кат кайсы тилде келсе, мыйзам боюнча ошол тилде жооп беришибиз керек” деген шылтоо менен расмий тилде жооп беришет. Бирок, Аида Ишеналиеванын айтымында,  мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга ылайык мамлекеттик органдарда бардык документтердин, каттардын түп нускасы кыргыз тилинде гана болушу зарыл.

Орусча окугубуз келет!  

Сабатсыздык бир көйгөй болсо, оозеки кыргыз тилинде бөтөн сөздөрдүн күндөн-күнгө көбөйүшү – башка чоң көйгөй.

Аида Ишеналиеванын ою боюнча, “аралаш” тилде сүйлөө көйгөйү негизинен Бишкек шаарында гана бар. Ал эми аймактардагы андай көрүнүштү, убактылуу, мода болуп кийин бара-бара өзү жоюлуп кетчү көрүнүш катары баалайт.

Белгилүү акын Жыргалбек Касаболоттун ою боюнча, мындай көрүнүштүн бир нече себеби бар.

Биринчиден, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын иштебегендиги. Экинчиден, кыргыз тилинин карьера жасоонун тилине, жумушка зарыл тилге айлана албагандыгында.

  • Иш кагаздарынын түп нускасы кыргыз тилинде түзүп, андан соң гана орусчага жана башка тилдерге которгон практика эмдигиче ишке кире элек, — дейт белгилүү акын.

Үчүнчү себеп, өлкөдө жумушсуздук күч алып, жумуш берген өлкөлөр албетте башка тилди талап кылганы.

  • Төртүнчү себеп, кыргыз тилинде сапаттуу контент аз. Айрыкча, балдар адабияты, балдар үчүн мультфильмдер бүт башка тилдерде. Балдардын тили орусча чыгып атканынын себеби да ушунда, — дейт Жыргалбек Касаболот.

Бешинчи жана балким башкы тамыры – элдин тилге болгон кызыгуусунун жоктугунда. Акындын айтымында, көптөгөн кыргыз  ата-энелер балдарынын орус тилинде билим алуусуна ынтызар.

Бул себепти Аида Ишеналиева да тастыктоодо. Бөлүм башчынын маалыматы боюнча жаңы салынып жаткан орто мектептерде кайсы тилде сабак берүү маселесин кароодо, ошол аймакта жашаган калктын каалосу чечүүчү ролду ойнойт. Ошол себептен, Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштарда мектеп, бала бакчалар  ачылганда, тегеректе жашаган тургундар көп учурда орус тилдүү мекеме болушун өтүнүшөт экен.

Андан тышкары, Улуттук тил комиссиясынын адистери аймактарга семинар өткөргөнү барганда, айрым тургундар семинарды расмий тилде өтүүсүн суранышат.

  • Алар мындай өтүнүчүн балдарынын Россияга барып иштеши менен түшүндүрүшөт, — дейт Аида Ишеналиева.

Бирок, ошол эле учурда түштүк аймакта өзбек, бир аз тажик улутундагы кыргыз жарандарынын кыргыз тилине болгон кызыгуусу артууда.

  • Алар семинарларга келип, “мен кыргыз тилинде сабак өтүшүм керек, кыргыз тилин жакшы үйрөнүшүм керек, кайсы китептерди окусам болот” деп кайрылышат, — дейт маектешибиз.

Сүйлөсүн!

Жыргалбек Касаболот айткандай, 30 жыл ичинде кыргыз тили карьера жасоо үчүн зарыл болгон тилге айлана алган жок. Бирок, өкмөт тарабынан аракеттер көрүлүп келүүдө. Кезектеги аракет — ушул жылдын 30-апрелинде Министрлер кабинетинде өткөн “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин абалы” аталыштагы ири жыйын.

  • Жыйында кабыл алынган чечим менен, Министрлер кабинетинин төрагасынын №15 протоколу бардык органдарга кеткен. Протоколдык тапшырмага ылайык, бардык мамлекеттик органдар 2022-жылдын 31-августуна чейин иш кагаздарын толук бойдон кыргыз тилине өткөрүү керек болчу, — дейт Аида Ишеналиева.

Министрлер Кабинетинин бул тапшырмасы аткарылдыбы-жокпу, али белгисиз. Учурда Улуттук тил комиссия бул маселе боюнча мониторинг жүргүзүүдө.

Байкалгандай, мамлекеттик мекеме-уюмдар толук кандуу мамлекттик тилге өтүүгө далалат жасап, аракеттери аздан ишке ашууда.

Экинчи олуттуу көйгөй – калың журт арасында кыргыз тилин колдонуу ареалынын кичирейиши, тилдин катуу өзгөрүүлөргө дуушар болушу.

“Биздин Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбековдун ою боюнча, мамлекеттик тилди күчтөндүрүш үчүн саясий эрк керек.

  • Мамлекет тил саясатын кагаз жүзүндө калтырбай, иш жүзүндө кылыш керек. Мамлекеттик тилди колдонууга саясий эрк керек. Бизде ошол жок. Жакында эле үлкөн чиновник документтердин баары кыргыз тилинде болот деди эле, башка бир өлкөнүн элчиси тынчсыздандыруу билдирдип, бул маселе токтоп калды, — дейт Чоробек Сааданбеков.

Акын Жыргалбек Касаболоттун ою боюнча, көңүлдү жаш муунга буруу зарыл. Ал өзүнүн “Гуманитардык билим берүүнүн жаңы парадигмасы” макаласында төмөнкүчө жазат: “Окуучулар кыргызча эркин сүйлөшүнө жетиш үчүн кыргыз тилине башка улуттарды окутуунун азыркы методологиясы түп-тамырынан бери жарабайт. Окуучуларды эреже жаттатып, орус тургай кыргыз балдар өзү да түшүнө бербеген ырларга шыкап, курулай мээсине күч келирүүнүн эч кандай кереги жок.  Баштапкы максат – Кыргызстандагы мектепти бүткөн балдардын кимиси болбосун күнүмдүк жашоосунда кыргыз тилин эркин колдонууга жетиш керек. Айтматовдун чыгармаларынын үзүндүлөрүн окубаса койсун. Эрежени жатка билбесе койсун. Ыр жаттабаса койсун. Сүйлөсүн! Жөпжөнөкөй эле кыргызча учурашканды, коштошконду, жол сураганды, соода кылганды, документ толтурганды, күнүмдүк ишинде колдонгонду жакшы өздөштүрүп, дайыма колдонуп чыкса болду. Күнүмдүк турмушунда суудай сүйлөп, эркин колдонуп калганга жетишсе бизге эң керектүүсү ошол. Ал үчүн TOEFL сыяктуу жөнөкөйлөштүрүлгөн стандарттарды киргизип, мектепти бүткүчө толугу менен өздөштүрүп чыкса бизге ашыгы менен жетиштүү”.

Кыргызча баарлашкан жасалма интеллект

Мамлекеттик тилдин эл арасында жайылышы, маалыматтык технологияларга да оң таасир этет экен. Аида Ишеналиеванын айтымында, интернет желесинде кыргыз тили канчалык көп колдонулса, Google Translate которгуч программасы ошончолук сапаттуу которот экен.

  • Биз канчалык маалымат киргизбейлик, калың эл соцтармактарда кыргыз тилинде көп жазса, жок дегенде ал-акыбалын, ден-соолугун кыргызча сурап турса, Викпедия, Google Translate ошончолук жаңыланып турат экен, — дейт маектешибиз.

Азыр Улуттук тил комиссиясы жасалма интеллектке кыргыз тилин киргизүү үстүндө иштерди баштап жатканын Аида айым билдирди. Ал аз келгенсип, сингармонизм мыйзамына ылайык, кыргыз тили жасалма интеллект аспаптарына оңой кирет экен. Себеби, кыргыз тилинде сөздөр кандай айтылса, ошондой жазылат. Учурда мамлекеттик санариптештирүү долбоорлорун ишке ашырып жатат, алардын катарында кыргыз тилин технологиянын тилине айлантуу жана жасалма интеллекет негизинде кыргызча түшүнүп-сүйлөгөн программалык аппараттарды иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө.

Мындан сырткары  Республикалык “Кыргыз тили” коому, “Ак-Шумкар Кут” аттуу коомдук уюмдары  мамлекеттик тилди өнүктүрүү ишин  алып барат. Бул уюмдар жалпы коомчулука кенен таанымал болбосо да, кыргыз тилин сактап калуу боюнча өз аракеттерин көрүп келишет.

Жалгыз болсо да, жалаң кыргыз тилинде чыккан адабияттарды саткан “Нуска” китеп дүкөнү ишин улантууда.

Сүйүнбек ШАМШИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии