11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары алмашылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары алмашылды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу КР Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев да ээлеген кызматынан бошотулду.

Борбордук аппараттын кызматкерлери менен болгон кеңешмеде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маалымдагандай, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругуна ылайык, Түмөнбай Колдошев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Эдил Байсалов министрликтеги эскирген иш ыкмаларын жана учурдун талабына, маданияттын заманбап тенденцияларына жооп берген жаңы демилгелердин, идеялардын жоктугун сынга алды.

«Мен кесиптештеримди Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ведомствонун алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бирдиктүү иш алып барууга чакырат элем», — деди ал.

Чолпонай Турдакунова

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии