6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КИТАЕКРдагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы: “Кытай тарап Синьцзян тууралуу...

КРдагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы: “Кытай тарап Синьцзян тууралуу “Азаттык үналгысынын” жалган маалыматтарын айыптайт”

Жакында “Азаттык үналгысы” “Синьцзян түрмөсүндө болгон кыргыз кызынын окуясы” жөнүндө макала жарыялады. Макала атайын Кытайга карата жалган жалаа жана кара ниеттик каралоо менен толтурулган. Кытай тарап муну чечкиндүү түрдө кескин айыптайт.

Макаладагы окуя Кыргызстанда билим алып, иштеп жаткан Кытайлык этникалык кыргыз кызынын колдонулбаган атын жамынуу менен чагылдырылган. Анын окуясы сыртынан чындыктай сезилгендиги менен, бирок тереңдеп изилдеп келгенде дал келбестиктер толтура. Мындай билдирүүлөр кээ бир Батыш ЖМКларынын Кытайга каршы маалымат каражаттарында көп кездешет, бул адаттагы көнүмүш кадамдар. Көпчүлүк фактылар мындай “жеке адамдардын” ушул сымал “окуялары” Кытайга каршы күчтөрдүн сценарийи боюнча атайын ойдон чыгарылган экендигин далилдеп келет. Чыныгы аты-жөнү бар ушул сымал окуялардын жалгандыгын алардын Кытайдагы туугандары жана достору ачыкка чыгарышкан. “Азаттыктын” макаласында “КЭРдин Кыргызстандагы элчилиги аны алдап, кытай-кыргыз Торугарт өткөрмө бекетине киргизип, дароо колуна кишен салып, кайра тарбиялоо лагерине камап салышкан” деп айтылат, бул таза калп жана жалган жалаа. КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин башкы милдети эки өлкөнүн ортосундагы кытай-кыргыз мамилелерин жана достук кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле Кыргызстандагы Кытай жарандарынын жана мекемелеринин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат. Элчилик мындай ишти жасай албайт жана жасабайт дагы. Ар-намыс, абийири бар адам Кытай дипломаттарын мындай жол менен каралабайт болчу. Бул чыдагыс жана кечирилбейт.

Терроризмди түп-тамырынан жок кылуу максатында Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Өкмөтү БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын терроризмге каршы алдын-алуу жана дерадикалдаштыруу боюнча тажрыйбасын эске алуу менен кесиптик-техникалык билим берүү мекемелерин түзгөн. Бул мекемелерде окуучулардын адамдык кадыр-баркы, жеке эркиндиги жана кат алышуу эркиндиги, үрп-адаттары жана салттары, дин тутуу эркиндиги толугу менен камсыздалган. Окууну аяктагандан кийин Өкмөттүн жардамы менен көпчүлүк окуучулар туруктуу жумушка орношуп, мекемелерде алган билимдерин жана көндүмдөрүн колдонуп, жашоо сапатын жакшыртышты. Кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин иши экстремисттик жана террористтик аракеттерди жок кылууга көмөктөшөөрүн фактылар тастыктап, СУАРда беш жыл катары менен бир дагы террористтик акт катталган эмес.

Аталган макалада эске салынган, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы жарыялаган “КЭР СУАРындагы адам укуктары маселелерин баалоо” боюнча айта турган болсок, ал АКШ жана айрым батыш өлкөлөрү тарабынан атайын пландаштырылып, ойдон чыгарылган жана толугу менен мыйзамсыз жана жараксыз болуп саналат. Ушул жылдын май айында КЭР Өкмөтүнүн чакыруусу менен БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет СУАРда иш сапары менен болгон. Ал СУАРдан көргөндөрүнүн бардыгы, уккандан таптакыр башкача экендигин мойнуна алды. Иш сапарынын аягында Мишель Бачелет айым Кашгар жана Үрүмчү шаарларына болгон иш сапарын чагылдырган расмий билдирүү жарыялап, Кытайдын жакырчылыкты кыскартуу, адамдардын конкреттүү топторун коргоо, адам укуктарын жана мыйзамдуулукту коргоо, ошондой эле мультилатерализмди камсыз кылуу жаатындагы жетишкендиктерин жана аракеттерин жогору баалады.

Синьцзяндагы адам укуктарынын абалына Синьцзяндагы бардык этникалык топтордогу адамдардын таасири чоң. Учурда Синьцзяндын этникалык биримдиги, социалдык стабилдүүлүгү жана экономикалык гүлдөп-өнүгүүсү куру сөз эмес, бул факт. Ошондуктан Синьцзянга байланыштуу бардык калп, ушак-айыңдар факт, далилдердин алдында суу кечпей калууда. АКШнын жана кээ бир Батыш өлкөлөрүнүн Синьцзян маселесин Кытайды ооздуктоо үчүн пайдалануу үчүн жасаган жаман саясий кутумдары ишке ашпайт!

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии