11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКоронавирус коркунучу Кыргызстанды кайрадан каптоодо 

Коронавирус коркунучу Кыргызстанды кайрадан каптоодо 

Күзүндө Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын COVID-19 өтө мутацияланган штаммы күтүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламент жыйынында билдирген.

Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаалда келип чыгуучу кыйынчылыктарга керебеттер жана медициналык кызматкерлер даярдалып жатат.

“Өлкөдө коронавирустук инфекциянын 5 мутацияланган штаммы жүгүртүлүп жатат, алар азыр өтө чоң кыйынчылыктарга алып келбейт. Ошондой эле биздин дарыгерлер жана илимпоздор бул оору боюнча кырдаалды көзөмөлдөп турушат, конференцияларды өткөрүп турушат”, — деп билдирген.

Ал эми Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Асыкбекова COVID-19 менен ооруп, толук айыккан жарандар карантин аяктагандан кийин 6 ай бою эмдөөдөн өтө албай тургандыгын билдирди.

Анын айтымында жарандар COVID-19 аныкталган же ооруга шектелген бейтаптарды эмдөө боюнча суроолорду көп беришет.

“Азыркы учурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан илдет менен ооругандарды толук айыккандан кийин жана карантин мөөнөтү бүткөндөн 6 айдан соң эмдөө сунушталган”,-деди ал.

Мындан тышкары, ал эгерде каалоо күч болсо COVID-19 илдетине чалдыккан же ооруга шектелген бейтаптарга эмдөө толугу менен айыгып, карантиндик мөөнөт аяктагандан кийин эмделе алаарын белгиледи.

“Бирок вакцинаны артыкчылыктуу колдонуу үчүн ооруп айыккандар күтө туруусу жана убакыт өткөндөн кийин эмдөөдөн өткөнү оң”,-деди ал.

ДССУнун (Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму) Иммунизация боюнча Стратегиялык Кеңешчи  Эксперттер тобунун Синофарм вакцинасын колдонуу боюнча сунуштары 

Биринчи кезекте кимди эмдөө керек?

COVID-19 вакцинасы инфекция коркунучу жогору болгон карыларга жана улгайган адамдарга берилиши керек. Ушул курактык топко кошумча изилдөө жүргүзмөйүнчө, 18 жашка чейинки балдарды эмдөө сунушталбайт.

Кош бойлуу аялдарды эмдөө керекпи?

Кош бойлуу мезгилинде кайсы гана вирустук инфекция болбосун – бул кош бойлуулуктун эрте мезгилиндеги кошумча тобокелчилик. Бирок коронавирус инфекциясына чалдыккан кош бойлуу аялдар башка дени сак адамдарга караганда олуттуу татаалдашуулардын жогорку тобокелчилигине дуушар болоруна күбө болуучу маалыматтар ушул кезге чейин жок. Ошондой эле Синофарм вакцинасынын кош бойлуу аялдарга тийгизген таасири, кош бойлуулукка алып келүүчү тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар дагы азырынча бериле элек. Бирок, бул вакцинанын курамында жогорку деңгээлдеги коопсуз, бир катар вакциналарды өндүрүүдө үзгүлтүксүз колдонулуп келген адъювант бар.

Азыркы тапта ДССУ кош бойлуу аялдарга эмдөөнүн пайдасы мүмкүн болгон тобокелдиктерден жогору болгон учурда COVID-19 вакцинасын колдонууну сунуштайт. Кош бойлуу аялдарга кырдаалды баалоого жардам берүү үчүн, аларга кош бойлуулук учурунда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу жөнүндө маалымат берүү керек; жергиликтүү эпидемиологиялык шартта эмдөөнүн пайдасы жана кош бойлуу аялдар үчүн вакцинанын коопсуздугу боюнча учурдагы такталган маалыматтарды байма-бай берип туруу зарыл. Муну менен катар ДССУ кош бойлуу айымдарга эмдөөнү эксперимент кылууну сунуштабайт жана эмдөөдөн кийин кош бойлуулукту токтотууга дагы чакырбайт.

Муну менен катар эле бала эмизип жаткан айымга вакцина алууга туура келсе, эмдөөдөн кийин деле баланы эмизүүнү уланта берсе болот.

Дагы кимдерди эмдөөгө болот?

Бул вакцинаны мурда COVID-19 жуктуруп алган адамдарга колдонсо болот. Инфекциядан кийинки алты айдын ичинде симптоматикалык реинфекциянын мүмкүн эместигин көрсөтүп турат. Ошондуктан вакцина менен камсыздоо чектелүү болгондуктан, 6 айдан кийин эмдөөдөн өтүп койсо болот.

Адамдын иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) жуктурган адамдар COVID-19 вирусунан катуу ооруп калуу коркунучун жогорулатышат. ВИЧ-инфекциясы бар бейтаптар тесттик этапка алынган жок, бирок вакцина жетишсиз болгондуктан, ВИЧ-инфекциясы бар адамдар сунуш кылынган эмдөө тобуна кириши мүмкүн. Пайда жана тобокелдиктерди жеке баалоодо жардам берүү үчүн бейтаптарга мүмкүн болушунча толук маалымат жана кеңеш берилиши керек.

Бул вакцина кимге сунушталбайт?

Мурда ушул вакцинанын ар кандай компонентине карата анафилактикалык реакцияны башынан өткөргөн адамдар аны менен эмделбеши керек.

Дене табы 38,5ºС жогору болгон адам эмдөөнү кийинкиге жылдырып, температура нормалдуу болгонго чейин күтүшү керек.

Сунушталган дозасы кандай?

Вакцина булчуңга инъекция жолу менен эки дозада (0,5 мл) сунуш кылынат. ДССУ биринчи жана экинчи дозалардын ортосундагы аралык 3-4 жума болуусу керек экендигин белгилейт. Бардык эмдөө иштеринде вакцинанын эки дозасын алуу сунушталат.

Бул вакцина колдонулуп келген башка вакциналарга салыштырмалуу кандай?

Тиешелүү изилдөөлөрдү иштеп чыгууда болгон айырмачылыктардан улам вакциналар менен түздөн-түз салыштыруу мүмкүн эмес, бирок жалпысынан ДССУнун чукул каттоо регистрациясынын процедурасынан өткөн бардык вакциналар инфекция коркунучун алдын алууда абдан натыйжалуу болуп саналат.

Коронавируска каршы эмдөө керекби? 

Учурда эл арасында коронавируска каршы эмдөө боюнча ар түрдүү ой-пикирлер айтылууда. Бирок, көпчүлүк вакцина алуу зарылдыгын белгилейт. Бишкек шаарынын тургуну Айдана Кыязбек кызы: “Вакцина алуу учурдун талабы. Коронавирус жакынкы жылдары жоголбойт. Ал сасык тумоо сыяктуу мезгил-мезгили менен эл арасында болуп турат деп жатышат. Ошондуктан мен үй-бүлөм менен вакцина алууну ойлонуп жатабыз. Бирок кайсы вакцинаны алаарыбызды билбей жатабыз, азыр вакциналар тууралуу толук маалымат издеп жаткан чагыбыз”, — деп билдирди.

Ал эми синофарм вакцинасын алгачкылардан болуп алган дарыгер Жылкычиева Айжамал эже учурда өзүн абдан жакшы сезип жаткандыгын айтты. “Биз эң биринчилерден болуп коронавируска каршы эмдөөнү алганбыз. Эки дозасын тең алдым. Жашым 67де болгондугуна карабай, эч кандай кыйналган жокмун. Эмдөө жеңил өттү. Эми эл арасында вакциналар боючна ар кандай кептер айтылып жатат. Бирок мен аларга ишенген деле жокмун. Башкысы учурда өзүмдү жакшы сезип жатам. Коронавирус кайрадан күчөп жаткан мезгилде, колдон келсе эмдөөнү алып койгон эле жакшы деп ойлойм. Өзгөчө жашы өтүп калгандар, өнөкөт оорулары бар жарандарыбыз үчүн бул эмдөө маанилүү” – деген ою менен бөлүштү.

Инфекционист Комонова Айнура дагы синофармды биринчилерден болуп алгандыгын айтып, азыркы тапта өзүн жакшы сезип жаткандыгын айтты. Ал: “Эмдөөнүн эки дозасын тең алдым. Эч жерим ооруган жок. Мени менен кошо вакцина алган кесиптештеримдин дагы абалы жакшы,” — деп билдирди.

Кыргызстанда учурда коронавируска каршы вакцинаны жалпы 89 миң 314 адам алды 

Маалыматка ылайык өлкө боюнча коронавируска каршы вакцинаны жалпы 89 миң 314 адам алды, анын ичинен 52 миң 760ына экинчи доза сайылды.

Аймактар боюнча алганда: Бишкекте – 21 миң 557; Ошто – 7 миң 505; Чүй облусунда – 15 миң 81; Ош облусу – 12 миң 16; Ысык-Көл облусу – 8 миң 293; Талас облусу – 4 миң 454; Нарын облусу – 4 миң 557; Жалал-Абад облусу – 11 миң 773; Баткен облусу – 4 миң 58.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Маалымат үчүн: Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү боюнча суроолор жөнүндө Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын иммуннопрофилактика бөлүмүнө (0312) 546521, (0312) 546104 номурлары аркылуу кайрылсаңыз болот.

Ош шаарына коронавируска каршы чектөөлөр киргизилди 

Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин маданий-массалык иш-чаралар токтотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары, бир катар чектөөлөр киргизилди:

  1. Коомдук транспорттордо:

-коомдук транспорттордо жүргүнчүлөргө толтурбоо зарылчылыгы жана бет кап кийүү милдеттендирилет;

— санитайзерлер коюлушу шарт;

— аралыктын сакталышы;

— маршруттук каттамдардын айдоочуларында патенттин сөссүз болушу.

Ошондой эле коомдук жайлар жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Учурдагы кырдаалга байланыштуу кошумча үч мобилдик топ кызмат кылат. Базарлар жумасына бир жолу жабылып, тийиштүү кызматтар тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрөт.

Тойканалардын, ресторан-кафелердин сыйымдүулугу 50 пайыздан ашпашы керек. Той-маарекелер кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин токтотулушу мүмкүн.

Учурда №52 жана №18- мектептерде күндүзгү стационарлар ачылган. Кырдаал курчуса кошумча күнү-түнү иштеген стационарлар ачылат, бул боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Медицина кызматкерлер үчүн «Умму Мухаммед» медресесинде жана Оштогу Ислам колледжинде обсервация даярдалган.

COVID-19 коронавирус тууралуу фактылар 

COVID-19 коронавирусу деген эмне?

COVID-19 же жаңы коронавирус (КоВ) — бул жакында эле ачылган коронавирустардын ичинен акыркысы тарабынан пайда болгон оору.  “CO” “коронавирус” (corona), VI — “вирус” (virus), ал эми D — “оору” (disease) дегенди билдирет. Буга чейин бул дарт “2019-жылдын жаңы коронавирусу” же “2019-нКоВ” деп аталып келген. COVID-19 вирусу оор респиратордук синдромду (ТОРС) жана КДВОнун (курч дем вирустук ооруларынын) айрым типтерин пайда кылуучу вирустар таандык болгон вирустардын түркүмү менен байланышкан жаңы вирустан турат.

Жаңы коронавирустун симптомдору кандай?

Дене табынын жогорулашы, жөтөлүү жана энтигүү. Дарттын оор учурларында инфекция өпкөнүн сезгенишин же дем алуунун кыйындашын пайда кылат. Сейрек учурда оору өлүм менен аякташы ыктымал. Бул симптомдор COVID-19 караганда, көп кездешүүчү грипп же КДВОнун симптомдоруна окшош. Ошондуктан тигил же бул адамда COVID-19 бар экендигин тастыктоо үчүн анализ жүргүзүү талап кылынат.

Жаңы коронавирус кандайча жайылат?

Вирус түз байланышта, жөтөлүү жана чүчкүрүү учурунда аба аркылуу, ошондой эле вируска булганган жерлерди кармалагандан кийин бетке (көзгө, мурунга, оозго) кол тийгизүү аркылуу жугат. Коронавирус буюм-тайымдардын беттеринде бир канча сааттарга чейин жашай алат, бирок аны жөнөкөй эле дезинфекциялоочу каражаттар жок кыла алат.

Тобокелчиликке кимдер көбүрөөк дуушар болот?

Биз COVID-19 адамдарга кандай таасир эте тургандыгы жөнүндө күн сайын көбүрөөк билип жатабыз. Диабет жана жүрөк оорулары сыяктуу өнөкөт оорулары бар улгайган адамдар, коронавирустун оор симптомдорунун өөрчүү тобокелчилигине көбүрөөк дуушар боло тургандай көрүнөт. Бирок бул жаңы вирус, азырынча биз анын балдарга кандай таасир этерин толук билбейбиз.

Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии