6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаШэньян сыймыгы – өтмүштүн доошу болгон Императордун ак сарайы

Шэньян сыймыгы – өтмүштүн доошу болгон Императордун ак сарайы

Шеньяндагы император сарайы — Кытайдын манжур династиясынын биринчи императорлорунун сарайы. Ал Пекиндеги Тыюу салынган шаардан кичинекей болсо да, уникалдуу өзгөчөлүктөргө жана көркөм-илимий мааниге ээ.

Ал 60,000 чарчы метр аянтты ээлейт жана Цин династиясынын 114төн ашык имаратын сактап, бөлмөлөрдүн жалпы саны 500дөн ашат. Комплекс курулуш убактысына жана негизги схемага ылайык Чыгыш, Орто жана Батыш жолдоруна бөлүнөт. Чыгыш жолу негизинен Дачжэн залын жана Он падыша павильонун ичине камтыйт.

Тыюу салынган Шэньян шаары бай салттуу манжур маданиятын камтыйт. Анда Хань, манжур, монгол жана тибеттиктердин архитектуралык жасалгасынын элементтери топтолуп, сарай имараттарынын жана жергиликтүү турак жайлардын архитектуралык өзгөчөлүктөрү интеграцияланган. Бул Цин династиясы өз борборун көчүргөнгө чейинки мезгилдеги сарай имараттарынын эң жогорку техникалык жана көркөм жетишкендиктерин билдирет. Ал жогорку тарыхый, көркөм баалуулукка жана маданий мүнөздөмөлөргө ээ.

Бул комплекс 2004-жылы Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген жана 2017-жылы “Улуттук биринчи класстагы” музей наамына татыган.

Шэньяндагы үйлөнүү алдында турган жаштар сөзсүз түрдө ушул жерге келип, атайын фотосессия кылышат экен. Атайын байыркы Цинь дооруна ылайык кийимдерди кийишип, тарыхый бир көз ирмемдерди жаратаарына күбө болдук. Биз бул жакты кыдырып жүргөндө эле мындай жаш жубайлардан 3-4 көрдүк.

Байыркы шаар мага дагы өзгөчө таасир калтырды. Анткени бул курулуш комплексиндеги ар бир буюм, ар бир сүрөт, ар бир белги, чийим тарыхый баалуулукка ээ. 400 кылымды карыткан бул жайдан чындыгында эле, өтмүштүн сүрү келип тургандай. Азыркы тапта императордук ак сарай жергиликтүү калктын, сырттан келген туристтердин сүйүктүү жайы болуп, кандайдыр бир деңгээлде эс алуучу жайына айланганы менен, тарых барактарында бараандуу орду бар байыркы шаар дагы да болсо өз сүрүн жоготпостон, кирген адамга кандайдыр бир сезим калтырат экен. Бул коркуу сезими эмес, бул кандайдыр бир өтмүштү, ушул жайды өзгөчө урматтап, сыйлоо сезими десем болот.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии