Биздин кезектеги сапарыбыз Кытайдын түндүк — чыгышындагы ири шаарлардын бири, Ляонин провинциясынын административдик борбору Шэньян шаарына болду. 22-август күнү сырттан келген журналисттер тобу менен Шэньян шаарына келдик. Бээжин ысыгынан чарчай түшкөн жаныбыз, сыдырым жел согуп турган шаарга келгенде кадимкидей эс ала түштүк. Шэньян бизди абдан жагымдуу маанайда тосуп алды.
Ушул эле күнү Шэньян шаардык Кеңешинин Басма сөз кызматы биргелешип уюштурган “Бир алкак-бир жол, силер менен бирге-2022” иш-чарасы болуп өттү. Бул жолугушууга жергиликтүү бийликтин, ЖМКнын өкүлдөрү катышып, чет элдик меймандарга Шэньян шаарынын ажайып жайлары менен катар, эле сыймыктарын дагы тааныштырып, журналисттерге ийгиликтүү сапар каалап өтүштү. Саамалык мыкты маанайда улантылып, кытай салттуу концерттик программасы менен дагы коштолду. Бул майрамдык маанай бизди ого бетер жакындатып, бир-бирибизди жакшы таанууга, мамилебизди дагы чыңдоого өбөлгө боло алды.
Шэньян байыркы маданияттын эстеликтери, мегаполистин заманбап көрүнүшү жана табигый байлыктары менен белгилүү. Ал гана эмес, бул аймак экономикалык жана аскердик-саясий потенциалы менен дагы дүйнөгө таанымал. Бирок мага анын заманбап колоритке жана чыгыш стилине ээ болгон курулуш имараттары өзгөчө таасир калтырды. Бул аймак тарыхка бай экендигине, андан өтмүштү дагы, келечекти дагы көрүүгө мүмкүн экендигине ынандым. Анткени, бир жагынан карасаң асман тиреген, өзгөчө дизайнга ээ курулуштар, автоматташтырылган техникалар… Бир жагынан карасаң, улуттук баалуулук катары сакталган тарыхый курулуштар, байыркы көчө, үйлөр…
Шэньянда болгон биринчи күнү кечинде эле ачык асман алдындагы Чонсам фестивалына сапар алдык. Бул иш-чара Кытайдын текстиль жана кийим-кече боюнча улуттук кеңешинин жетекчилиги астында жана Кытай Коммунисттик партиясынын Шэньян муниципалдык комитетинин жарнама бөлүмүнүн колдоосу менен өткөрүлдү. Быйыл Чонсамдагы маданий фестиваль “Ажайып Чонсам – жаңы шаар” аталышында уюштурулду. Бул иш-чара ичине бир канча багыттарды камтып, Шэньяндын тарыхый жана маданий мурастарын, улуттук баалуулуктарын жогорку деңгээлде көргөзө алды. Ал жерде биз жөн гана кийим индустриясынын өнүгүү жолуна сереп салбастан, сахналаштырылган эне менен кыздын мамилеси, энеден кызга өткөн салттуу кийим стили, убакыттын өтүшү менен кийим өзгөрүлүп, бирок анда байыртадан бери келе жаткан кытай орнаменттеринин сакталып калгандыгына күбө болдук. Жибектен түрлөп жасалган көйнөктөр, айымдар сулуулугу, кечки Шэньяндын дагы көркүнө-көрк кошуп турду.
“Жаңы жашоо булагы” – Дашизи эс алуу жайы
Биздин Шэньян шаарындагы экинчи күнкү сапарыбыз Дашизи паркы менен башталды. Бул парктын янты 1300 чарчы метрден ашат. 2021-жылы бул жерде тарых менен маданиятты айкалыштырган бир катар курулуш иштери жүргүзүлгөндүгүн айтышты. Учурда бул парк жеке гана жергиликтүү калктын сүйүктүү жерине айланбастан, сырттан келген туристтердин дагы көңүлүн өзүнө бурган аймакка айланыптыр. Себеби, дал ушул жерден биз чоң ата-чоң энелердин талантына күбө болуп, алар менен кошо бийлеп, кытай элинин ар тараптан таланттуу экендигине дагы бир жолу күбө болдук. Ар түрдүү аспаптарда ойноп, атайын топ түзгөн улуу муундун өкүлдөрү ар кеч сайын жергиликтүү тургундарга ыр-бий тартуулашат экен. Менин оюмча Кытайда эң кызык жашоо карылык келгенде башталат окшойт. Себеби, өмүр бою иштеп, бала-чакасын чоңойткондон кийин, кары адамдар өздөрүнө убакыт бөлүп, бир жагынан ден соолугун карашып, бир жагынан “жан дүйнө соолугун” дагы ушундай жол менен чыңдашат го деген ой келди.
Шэньян борбордук көчөсү – байыркы соода аймагы
Шеньян борбордук көчөсү — Бул Шэньян соодасынын булагы. Негизги көчөнүн узундугу 1360 метрди түзөт (анын ичинде борбордук көчөнүн батыш бөлүгүндө 315 метр). Анын жалпы аянты 1 миллион чарчы метрди жана жалпы соода аянты 500,000 чарчы метрди түзөт. Бул Шэньяндагы эң ири тарыхый-маданий бөлүк болуп саналат. Көп жылдык өнүгүүдөн жана курулуштан кийин борбордук көчө Кытайдагы алгачкы он белгилүү соода көчөлөрүнүн бири катары таанылган.
2021-жылы трансформациядан жана модернизациядан кийин борбордук көчө “улуттук жөө жүргүнчүлөр” көчөсү, “улуттук туризм жана эс алуу” жайы сыяктуу көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
Чындыгында, бул көчө тарых менен маданиятты айкалыштырып тургандыгына күбө болдук. Өтмүштө бул жол дагы ири соода борбору болуп, бул жерде жибектин түрлөрү сатылчу экен. Азыркы убакта заманбап соода, көңүл ачуу жайлары, ошондой эле ар түрдүү ашкана жайлары жайгашыптыр. Байкоом боюнча бул жер көбүнчө жаштардын, жаш үй-бүлөлөрдүн сүйүктүү жайы экен. Себеби жаштардын табитиндеги эс алуу жайларын көп кездештирдик.
Чолпонай ТУРДАКУНОВА