3.1 C
Бишкек
Пятница, 22 ноября, 2024
ДомойАналитика“Улуу ойлордун казынасы” – Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленди

“Улуу ойлордун казынасы” – Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленди

6-август күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда мамлекеттик деңгээлдеги мыкты иш-чара болуп өттү. Бул жерде кыргыздын сыймыгы, сөз чебери, улуу ойчул, алп акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленди. Маараке жалпы кыргыз элин көз жоосун алган жаратылыш койнуна чогултуп, сырттан келген меймандардын жогорку баасына татыды.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Саамалыктын алкагында этнофестиваль, улуттук оюндар, көргөзмө-жармаңке, улуттук даамдардын жармаңкеси жана концерттик программа уюштурулуп, катышуучулар кыргыздан ар тараптуу таланттарына күбө болушту.

Жармаңкеге сүр эт, чөбөгө, боорсок, эжигей, сары май, нандын түрлөрү, кымыз, максым, айран, күл азык, көжө жана башкалар коюлду. Муну менен катар эле колунан көөрү төгүлгөн уздардын, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлуп, жерге жайылган шырдактарга улуттук кийимдерди кийип отурган кыз-келиндерин сулуулугу жаратылыш менен айкалышып көз жоосун алып турду.

Ошондой эле М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын “Казыбек казалчы” спектакли жана төкмө акындардын өнөрү тартууланды.

Эскерте кетсек, Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. Акындын чыгармалары Совет доорунда жарыяланган да, окуп үйрөтүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп болгон. Сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда Жогорку сот тарабынан акталган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин атынан Нарын облусунун жана жалпы өлкөнүн тургундарын ушундай мыкты саамалыгы менен куттуктап өттү.

Ал: “Бул жөн гана катардагы бир акындын урматына арналган майрам эмес, бул жалпы улуттун майрамы. Казыбек акындын 120 жылдыгын белгилөө менен бирге бул окуяны репрессияга кабылып, “эл душманы”, “кулактын балдары” деген жалаадан арылган элдин жеңиши катары да бааласак болот.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев 10-15 жылдан бери Казыбек акынды реабилитациялоо боюнча тиешелүү кайрылууларды жасап, акыры акыйкаттыкка жетишти. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарыхый адилеттикти орнотуу максатында бул маселени Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүп, андан соң корутунду сот органдарына жөнөтүлгөн.

2022-жылдын 16-февралында “эл душманы” аталган Казыбек акын Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан акталган. СССРдин Аскердик трибуналынын жана Жогорку сотунун чечимдери жокко чыгарылды. Убакыт өтсө дагы, анын жакшы аты калыбына келтирилди”, — деп баса белгиледи.

Ошондой эле Эдил Байсалов иш-чарага катышып жаткан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге Казыбек казалчынын жаркын элесин калыптандырууга жана урматтоого колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө Нарын эзелтен эле чыгаан таланттары менен атагы чыкканын белгиледи.

“Нарын – кыргыздын түпкү жашоосун, тилинин түпкүлүгүн сактаган аймак. Сиздерди кыргыз элинин чыгаан уулу, залкар ойчул жана ырчы Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдык мааракеси менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Бүгүнкү мааракени агартуучулук иш-чара деп ишенимдүү айтсак болот. Бүгүн Казыбек Мамбетимин уулунун жаркын ысымын даңктоо жана даңазалоо эсте каларлык күн”, — деди ал.

Алмаз Барксызбаев, жеке ишкер: “Казыбек казалчы — биздин сыймык” 

— Мен бүгүнкү мааракеге катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Үй-бүлөм менен келдим. Балдарым шаарда чоңоюп калгандыктан, бул жерде өткөрүлүп жаткан ар бир иш-чараны өзгөчө кызыгуу менен көрүп жатышат. Айрыкча улуттук тамак-аш азыктарынан күл азыкты аябай жактырышты. Мен дагы кадимкидей сергип, эс алып жатам.

            Учурдан пайдаланып иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирмекчимин. Абдан жогорку деңгээлде даярдалыптыр. Бул жерде кыргыздын улуттук баалуулуктарынын бардыгы камтылыптыр.

Казыбек казалчы — биздин сыймык. Анын ар бир сөзү, ырларында улуу ойлор камтылган. Ушундай өзүбүздүн таланттарыбызды жаштарыбыз дагы таанып, алардын эмгектерин билишсе абдан жакшы болот деп ойлойм.

Бурул МУСАБЕКОВА, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин редактору: “Иш-чара кыргыздын нукура маданиятын, каада-салтын даңазалоого да чоң мүмкүнчүлүк жаратты”

— Айтылуу Ат-Башы өрөөнүндөгү керемет кооздукка бай Босого жайлоосунда өткөн Казыбек казалчынын120 жылдык мааракесине журналисттер тобу да катышты. Элибиздин эркиндиги үчүн күрөшкөн Казыбек Мамбетимин уулун эскерүү, эрдигин даңазалоо иш-чарасы мыкты деңгээлде өттү. 150гө жакын боз үй тигилди. Ар биринде келген коноктор кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам сызып, Ат-Башынын уздарынын кол өнөрчүлүгүнө суктанып, манасчы, төкмө акын, кыякчы, комузчу, ырчы, айтор кыргыздын мыкты өнөр ээлерин бир арага чогулткан салтанатка күбө болдук. Карагай чер толгон, шаркырап аккан суусу бар, тоолору асман тиреген Босого жайлоосунда иш менен эс алууну айкалыштырып, төркүндүн сыйын да көрдүк. Келген меймандар да жерибиздин кооздугуна суктанып бүтпөй жатышты. Таяк тартыш, эр эңиш, кыз куумай жана башка улуттук оюндар мааракенин көркүн ачты. Кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен улуттук тамак-аштар көргөзмөгө коюлуп, кызыккандар белек катары да сатып алып жатышты. Казыбек казалчынын өмүр жолу тууралуу китеп да сатыкка коюлуп, иш-чаранын акырында издеп таппай калдык. Демек, казалчынын өмүр жолуна кызыккандар көп болду.

Мындай мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара кыргыздын мыкты инсанын гана эмес, элибиздин нукура маданиятын, каада-салтын, улуттук буюмдарын, тамак-ашын даңазалоого да чоң мүмкүнчүлүк жаратты. “Өткөндөр даңкталмайын тирүүлөр баркталбайт” дейт. Казыбек Мамбетимин уулундай өз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн тарыхый инсандар даңазаланып, алардын изи келечек муунга белгилүү болушу керек.

Казыбек казалчы тууралуу даректүү тасма тартылмакчы 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Казыбек Мамбетимин уулунун (Казыбек казалчы) 120 жылдыгына карата өтө турган иш-чаралар планы талкууланды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Планга ылайык, жыл ичинде Казыбек казалчы жөнүндө китеп чыгаруу, даректүү тасма тартуу, мектеп программасына кирген анын чыгармаларын жаңылоо жана толуктоо, буга чейин Казыбек казалчы жөнүндө чыгарылган китепти түрк тилине которуу, басып чыгаруу жана бет ачаарын өткөрүү, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Казыбек казалчынын чыгармаларын даңазалоого арналган Эл аралык акындардын айтышын өткөрүү, Бишкек шаарынын мектептеринин бирине анын ысымын ыйгаруу жана «Казыбектин арманы» аттуу китеп чыгаруу сыяктуу бир катар иш-чаралар өтө турганы маалым болду.

Мындан улам Маданият министрлиги иш-чаралар планына ылайык, тиешелүү иштерди алып барууну жана анын жүрүшү тууралуу маалыматты коомчулук менен бөлүшүп турмакчы.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии