6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаБилим берүү тармагына кандай суроолоруңуз бар?

Билим берүү тармагына кандай суроолоруңуз бар?

19-август күнү Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Мектептеги билим берүү саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева жана ушул эле башкармалыктын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова мектептеги билим берүүгө байланышкан суроолорго министрликтин расмий “Facebook” жана “Instagram” баракчалары аркылуу түз эфирде жооп беришти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, мындан ары социалдык байланыш тармактары аркылуу элдердин суроолоруна жооп берүү түз эфирлери туруктуу уланмакчы.

Байланышка чыга турган жетекчилер тууралуу күн мурунтан кабар берилмекчи.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 14-июлунда Министрлер Кабинетинин кеңейтилген жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирге чыгып, аткарылган иштер тууралуу кыргызстандыктарга маалымат берүүнү тапшырган.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии