6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕwww.dobro.med.kg  - COVID-19 пандемиясынын алкагында ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди

www.dobro.med.kg  — COVID-19 пандемиясынын алкагында ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди

Учурда Кыргызстан COVID-19 оорусунун үчүнчү толкунун башынан өткөрүп жатат. Бишкек жана Ош шаарлары COVID-19 пандемиясы боюнча «кызыл» зонага киргизилди. Ошондой эле, республиканын дээрлик бардык аймактарында COVID-19 оорусунан катталгандардын санынын өсүшү байкалууда. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык жарандык сектор менен даярдыкты жана координацияланган ишти камсыз кылуу, ошондой эле Covid-19га каршы туруштук берүүнүн ар кандай аспектилерине катышкан ыктыярчыларды окутуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги, Соцсервистин техникалык колдоосу менен волонтер болууну каалаган уюмдарды жана адамдарды каттоо үчүн электрондук порталын ишке киргизди, ал www.dobro.med.kg сайтында жеткиликтүү.

Электрондук порталда төмөнкү функциялар ишке ашырылат:
1. Электрондук реестрге киргизүү үчүн ыктыярчыларды жана ыктыярдуу кыймылдарды каттоо;
2. Муктаждыкка жараша ыктыярчылардын электрондук реестри Кызыл Ай коомунун колдоосу жана валидациясы менен курсту өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
3. QR кодун колдонуп ыктыярчыларды аныктоо. Ар бир ыктыярчы жеке QR коду бар ыктыярдуу паспортун ала алат, бул республиканын бардык аймактарындагы процесстерди жана иш-аракеттерди координациялоону тездетет.

Автор: Чолпонай Турдакунова

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии