8.1 C
Бишкек
Пятница, 18 октября, 2024
ДомойАналитикаПекин чет элдик журналисттерди тосуп алды

Пекин чет элдик журналисттерди тосуп алды

12-август күнү Кытайдын борбору Пекин шаарында “Басма сөз жаатындагы Кытай эл аралык алмашуу борборунун семинарынын” ачылыш аземи болуп өттү.  Бул саамалык Евразия, Африка жана Латын Америкасынын мыкты журналисттерин бир арага чогултту.  Иш-чара абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, бардык катышуучулардын жогорку баасына татыды.  Мыкты даамдардын түрлөрү, музыка, жаркыраган зал… мына ушунун бардыгы өзгөчө маанайды жаратып турду.

Семинардын ачылыш салтанатына чет элдик журналисттерден сырткары Кытайдын белгилүү саясатчысы, Тышкы иштер министринин жардамчысы Хуа Чуньин айым, Кытай элдик дипломатия Ассоциациясынын президенти Ву Хайлунг мырза, ТИМ өкүлдөрү, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана КЭРдин ЖМКлары катышышты.

Ву Хайлунг мырза майрамдык кечени ачып жатып, сырттан келген бардык ЖМК өкүлдөрүнүн иштерине ийгилик каалап, Кытайды кыдырып, анын жашоосу менен жакындан таанышып, өз баасын берүүгө чакырды.

Хуа Чуньин айымдын дагы сөзү абдан таасирдүү жана кызыктуу болду. Мага иш-чара абдан жакты. Көптөгөн маалыматтырды алдык. Дүйнөнүн ар тарабынан келген журналисттер менен тааныштык.

Кеченин соңунда ар бир журналисттер тайпасы бирден концерттик номер даярдашып, семинардын ачылыш салтанатын көркүнө чыгарышты. Мындай жол аркылуу ар башка өлкөлөрдүн маданиятын менен дагы тааныштык десек болот.

Учурда Кытайды өзүбүз көрүп, кыдырып, анын өнүгүүсү менен таанышып жатабыз. Бул коңшу мамлекетти жакындан таанып, пандемиядан кийинки жашоосун билүүгө мыкты мүмкүнчүлүк болууда. Ошондуктан бул иш-чаранын бардык уюштуруучуларына, Кытай тарапка терең ыраазычылык билдирмекчимин.

Семинардын ачылыш аземи дүйнөгө белгилүү Дяоюйтай дипломатиялык корпусунда болуп өттү. Өз мезгилинде бул жерде дүйнөдөгү эң глобалдуу маселелер чечилген. Андыктан бул резиденцияда болуу мен үчүн чоң сыймык болду.

Хуа Чуньин, КЭРдин Тышкы иштер министринин жардамчысы: “Бардык өлкөлөрдүн элдери өз өнүгүү жолун тандап алууга укуктуу жана жакшы жашоого татыктуу” 

-Мен бүгүнкү иш-чарага катышып, дүйнөнүн ар бурчунан келген ЖМК өкүлдөрү менен таанышып, көрүшүп жаткандыгыма кубанычтамын. 2014-жылдан бери Кытай элдик дипломатия Ассоциациясы атайын борбор ачып, басма сөз жаатында эл аралык байланышты  бекемдеп келет. Бүгүнкү күндө бул борбор Азия, Африка жана Латын Америкасынын ЖМКларынын Кытайды түшүнүү жана изилдөө аянтчасына айланып калды десек жаңылышпайм. Пандемия убагында дагы борбор өз ишин токтотпостон, аралыктан иш жүргүзүп жатты.

            Араңыздарда Кытайга биринчи жолу келип жаткандар болсо, эми чыныгы Кытай менен сиздер уккан Кытайдын айырмачылыктарын жакшылап изилдеп биле аласыздар. Анткени, көптөгөн чет элдиктер Кытайга алгачкы жолу келгенде, биздин мамлекет жөнүндө буга чейинки болгон түшүнүктөрү такыр башкача болгондугун айтышат.

Чындыгында эле, учурда дүйнөдө Кытай тууралуу эки түшүнүк бар: биринчиси – коркунуч жана чакырык, экинчиси – үмүт жана мүмкүнчүлүк. Керек болсо, кытайлардын арасынан деле өз өлкөсүнүн билерманын табуу оңойго турбайт. Анткени Кытай 9.6 млн. км территорияга ээ болгон 1.4 млрд калкы жана 5000 жылдык тарыхы бар өлкө. Ошондуктан аны бир сөз менен айтып, түшүндүрүп берүүгө мүмкүн эмес.

            Менин муунумдагы адамдар Кытайда реформалардын жана ачылыштардын башталышына жана Кытайдын ИДПнын көлөмү боюнча эң артта калган өлкөлөрдүн биринен дүйнөнүн экинчи экономикасына кандайча секирик жасаганына күбө болушту. 800 миллиондон ашык адам жакырчылыктан чыгып, бактылуу жашай башташты.

Кытай укмуштуудай өнүгүү ийгиликтерге жетишти. Биз космостук жана деңиз изилдөө программасын баштадык. Жогорку ылдамдыктагы темир жолдорду курдук. Мындан 5 же 10 жыл мурун, эң мыкты фантастикалык жазуучулар дагы, бүгүнкү күндө Кытайда болуп жаткан мындай чоң өзгөрүүлөрдү элестете алышкан эмес деп ойлойм.

Эгерде  Кытай компартиясы болбосо, биздин өлкө мындай мыкты жетишкендиктерди багынта алмак эмес. Өткөн жылы биз 100 жыл мурун 50дөн ашык мүчөсү болгон уюмдан 96 миллион мүчөсү бар дүйнөдөгү эң ири башкаруучу партияга айланган ККП негизделгендигинин 100 жылдыгын салтанаттуу түрдө белгиледик. КПКнын жетекчилиги астында кытай эли чет элдик агрессорлорду кууп чыгып, милитаристтик чыр-чатактарды жана жарандык согушту токтотуп, улуттук көз карандысыздыкка ээ болуп, эгемендүү мамлекетти түзгөн. Кордуктан жана ачарчылыктан арылып, эми жаңы милдетти — Кытайды заманбап модернизацияланган социалисттик мамлекетке айлантууну көздөп жатат. Ар бир кытайлык адам муну менен сыймыктанат жана ККПны чын дилден колдойт, муну элдин 90% дан жогору жылдык колдоосу тастыктап турат.

КПК элге кызмат кылат, ал ар дайым элдин түпкү кызыкчылыктарын коргойт. Негизделген күндөн тартып КПК өзүнүн баштапкы миссиясы катары элдин бактысына умтулуп, ар дайым элди, анын кызыкчылыктарын, муктаждыктарын жана канааттануусун биринчи орунга коюп келет.

КПК прогрессивдүү партия болуп саналат. Ал үйрөнүүгө жана баарлашууга, тажрыйба топтоого жана тарыхтан сабак алууга жөндөмдүү. Ал кырдаалды өзгөртүү үчүн жаңы теорияларды жана стратегияларды иштеп чыгат жана байытат.

Бүгүнкү күндө Кытай өнүгүү жаатында бир топ ийгиликтерге жетишти жана биз дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн гүлдөп жашашына аракет кылабыз. Бардык элдерди бактылуу жашоо менен камсыз кылуу, узак мөөнөттүү гүлдөп-өнүгүүгө, адам укуктарынын ишенимдүү коопсуздугуна жана корголушуна жетишүү башкы шарт. Ушундан улам, Кытай “Бир алкак-бир жол” глобалдык өнүгүү жана глобалдык коопсуздук демилгесин көтөрүп чыкты. Биз дүйнө өлкөлөрү эмгекчилдик менен биргелешип гүлдөп-өнүгүүгө жетише алат деп ишенебиз. Бардык өлкөлөрдүн элдери өз өнүгүү жолун тандап алууга укуктуу жана жакшы жашоого татыктуу. Кытайда байлыкка жана байлыкка жетүү жолунда эч ким четте калбайт деп айтылат. Биргелешип гүлдөп өнүгүү жолунда бир дагы өлкө четте калбайт деп ишенем.

 

“Дяоюйтай”- 800 жылдык тарыхы бар ак сарай 

Пекиндин батышындагы кооз аймакта жайгашкан “Дяоюйтай” резиденциясы Кытай императорлорунун ак сарайы катары кызмат кылган. Анын 800 жылдык тарыхы бар. Цзинь династиясынын тушунда / 1115-1234 / император Чжанцзун бул жерде балык уулоо үчүн терраса курууга буйрук берген, ошондон улам резиденциянын аты келип чыккан (“Дяоюйтай” сөзүн кытайчадан которгондон “балык уулоо” дегенди түшүндүрөт). Ал эми Цин династиясынын тушунда / 1644-1911 / бул кооз жерди жактырган император Цяньлун “Дяоюйтайды” өзүнүн жайкы сарайына айланткан.

1959-жылы Кытай Эл Республикасынын түзүлүшүнүн 10 жылдыгына карата салтанатка катышуу үчүн Кытайга келген дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жетекчилерин жана жогорку даражалуу конокторду кабыл алуу үчүн, Кытай өкмөтү бакчанын айланасында 19 коттеджди курууну чечкен. Ошентип, азыркы заманбап «Дяоюйтай» резиденциясы пайда болгон.

Анын аймагы 430 миң чарчы метрден ашат. Бул резиденцияда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн лидерлери жана өкмөт башчылары, ошондой эле экономикалык, илимий, маданий жана диний чөйрөлөрдүн көрүнүктүү ишмерлери кабыл алынган.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии