8.1 C
Бишкек
Пятница, 18 октября, 2024
ДомойАналитика“Жашыл ден соолук коду”, “Бажы карточкасы”... Кытайга кирүү үчүн кандай документтерди толтуруу...

“Жашыл ден соолук коду”, “Бажы карточкасы”… Кытайга кирүү үчүн кандай документтерди толтуруу зарыл?

Сүрөттөр редакцияга таандык

Дүйнө жүзүн онлайн режимге өткөрүп, эки жылдан ашуун эл аралык карым-катнашты токтотуп койгон коронавирус пандемиясы 2022-жылдын башы менен басаңдап, аз да болсо мамлекеттер аралык байланыштар кайрадан өз нугуна түшө баштады. Пандемияга каршы вакцинанын чыгышы жашоону бир топ жеңилдетип, ооруга адамдар мурункудай баш бербей калышты. Пандемия мезгилин ар бир мамлекет өз күчүнө, өз каражатына жараша башынан өткөрдү. Оорунун чыгышы менен ага ишенбей, карантинге маани бербей койгон дагы өлкөлөр кездешти. Мамлекет жетекчилигин укпай, изоляция эрежелерин сактабай койгон адамдар дагы көп болду. Мына ушундай кайдыгерликтин, кенебестиктин айынан канчалаган өмүрлөр кыйылып, канчалагандар жакындарын келбес сапарга узатышты.

Ал эми пандемия мезгилинде карантин эрежелеринин так сакталышына болгон күчүн жумшап, оорунун очогун жайылтпоо үчүн бардык иш-аракеттерди көрүп, өз жарандарынын өмүрүн сактап, коронавирустун толкундарынан минималдуу жоготууларга учураган мамлекет бул Кытай Эл Республикасы болду десек жаңылышпайбыз. Учурда көптөгөн мамлекеттер ПЧР тестинин жыйынтыгы жок эле, сырттан келген адамдарды кабыл алып калышты. Кытай Эл Республикасы дагы аба каттамын ачып, эл аралык байланышты өз калыбына келтирүү менен алек. Ошондуктан эки жылдан кийинки тыныгуудан кийин алгачкы жолу 5-июль күнү Үрүмчү-Бишкек, Бишкек-Үрүмчү рейси каттады. Эки мамлекет ортосундагы аба каттамы Түштүк Кытай авикаттамдары тарабынан жүзөгө ашырылып, бир айда эки жолудан кайталанып турмакчы.

Мен дагы КЭР элчилиги өткөргөн бир долбоордун алкагында өз тажрыйбамды, билимимди жогорулатуу максатында 19-июль күнү Кытай жергесине учуп келдим. Учурда Кытайга келүү боюнча көптөгөн суроолор болуп жаткан үчүн бүгүнкү макалам коңшу мамлекеттин борбору болгон Пекин шаарына чейинки басып келген сапарым тууралуу болмокчу. Анткени, Кытай жергесине кирүү үчүн бир катар кошумча маалыматтарды билүү эч кимге ашыктык кылбайт деп ойлойм.

Менин коңшу мамлекетке 19-июль күнү боло турган сапарым Кыргызстанда 14-июль күнү эле башталды. Анткени, Кытайга кирүү үчүн Кыргызстанда беш күн карантинде болуубуз керек болду. Бул бардык жүргүнчүлөр үчүн милдеттүү талап экен. Карантинди өткөрүү үчүн борбор калаабыздан атайын беш мейманкана тандалып алыныптыр. Биз Хаят мейманканасында болдук. Карантинге ПЧР тестинин жыйынтыгы менен киргизишти. Карантинде комнатадан чыгууга, сырттан бир нерсе алдырып келүүгө, сыртка берүүгө уруксат берилген жок.  Күнүнө үч маал дене табыбызды текшерип, жалпы жүргүнчүлөр үчүн ачылган топко жиберип турдук. Тамакты мейманкананын кызматкерлери өз убагында эшиктин алдына алып келип калтырып коюп турушту. Ал эми ПЧР тести 5 күн ичинде 4 жолу жасалды. Аны медайымдар эшиктин алдынан алып кетип жатышты.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында, жүргүнчүлөр, бардыгыбыз  учакка отурардан мурун “Жашыл ден-соолук кодун” WeChat (вичат) кичи тиркемеси аркылуу толтурдук. Эгерде вичат болбосо http://hrhk.cs.mfa.gov.cn/H5 / дареги аркылуу дагы толтурса болот. Бирок менин пикиримде, Кытайга бара турган ар бир жүргүнчүдө вичат тиркемесинин болуусу шарт. Себеби Кытайда болгон иш-аракеттердин бардыгы ушул тиркеме аркылуу ишке ашырылат.

Жүргүнчүлөр биринчи ПЧР-тестин “AQUA” лабораториясында учакка отураардан 48 саат мурун жана экинчи ПЧР-тестин «Бонецкий» лабораториясында 12 саат мурун тапшырышы керек. “Жашыл ден-соолук кодун” алуу үчүн кайрылганда, ушул эки лабораториянын жыйынтыктары тиркемеге кошо жүктөлөт. Ал эми бул ден соолук коду элчилик тарабынан каралып, толук текшерүүдөн өткөндөн кийин гана берилет. Муну менен катар эле, бажы карточкасын дагы толтуруу зарыл. Ушул бажы карточкасы, “Жашыл ден соолук коду” болгондо гана учакка отурууга уруксат берилет.

Мына ушундай иш-аракеттерди аткарган кийин биз учакка отуруп Үрүмчү шаарына учуп келдик. Үрүмчүгө келип конгондон кийин, учактан ондон кишини кезеги менен чыгарып турушту. Түшөөрүбүз менен бажы карточкасынын QR кодун кагазга чыгарып беришти. Ошол кагаз менен бардык бажы текшерүүсүн өттүк. “Жашыл ден соолук коду” дагы каралды. Бир сыйра кол жүгүбүздү дезинфекциядан өткөрүштү. Ошол жерден эле ПЧР-тестин алышты. Андан соң бажы аэропорттун кызматкерлери Кытай жарандарын өзүнчө, чет элдиктерди өзүнчө бөлүп карантинди өткөрө турган жайларга алып келишти. Бул учакта Кыргызстандан төртөөбүз болдук. Ошентип Үрүмчү шаарындагы 10 күндүк карантинибиз башталды.

Үрүмчүдө дагы Кыргызстандагыдай тартип менен карантинди өткөрдүк. Он күн ичинде 6 жолу ПЧР-тести алынды. Күнүнө эки маал дене табыбызды ченеп берип жаттык. Чындыгында чет элдиктер үчүн карантин шарттары бир топ жакшы каралыптыр. Бирок интернетти кошууда бираз маселе жаралды. Анткени, аны кошуу үчүн Кытай симкасы керек болду. Бизде симка болбогону үчүн мейманканын кызматкерлери өздөрүнүн телефон номерлерлери аркылуу интернетти кошуп беришти. Вичат аркылуу үйдөгүлөр менен байланышып турдук.

Көптөгөн интернет баракчалары, мисалы: whatsapp, instagram, facebook жана башкалар  Кытайда ачылбайт. Аларды ачуу үчүн ВПН программасын алдын-ала жүктөп алуу керек. Бирок ВПНдин бекер тиркемелери бул жакта иштебейт экен. Ошондуктан аны бир канча убакытка чейин колдонууга мүмкүн болгон кызматын сатып алуу зарыл. Бирок эгерде ал социалдык тармактарга муктаждык болбосо, вичат аркылуу деле бардык жумуштарды бүткөрүүгө болот. Кыргызстанда вичат тиркемесин көчүрүү оорчулукка деле турбайт.

Чындыгында Кытайда дагы да болсо карантиндик эрежелер абалга жараша өзгөрүп турат. Ошондуктан коңшу мамлекетке кирүүдө дал ушундай эрежелер болот деп да айтуу кыйын. Эпидемиологиялык абалга жараша талаптар күчөтүлүшү же жокко чыгарылуусу дагы толук мүмкүн.

Үрүмчүдө карантинден чыгаардын алдында бара турган шаарың үчүн дагы атайын “Жашыл ден соолук кодун” толтурат экенсиң. Ар бир шаардын өзүнө тиешелүү тиркемеси бар экен. Мен Пекинге бара жаткандан кийин, ошол жактын ден соолук кодун толтурдум. Он күндүн өтүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатканда 30-июль күнү боло турган Үрүмчү-Пекин каттамы коопсуздукту сактоо чараларынын негизинде 1-августка жылдырылып калды. Тилекке жараша Сиань шаары аркылуу Пекинге билет табылып, 30-июль күнү КЭРдин борборуна учуп келдик. Дал ошол күнү Пекинге Үрүмчүдөн келген жүргүнчүлөр 7 күнгө карантинде болушу керек деген буйрук чыкты. Ошентип Пекинде жашай турган жерибизде, үйдөн чыкпай 7 күн карантинде болдук. Бир жолу ПЧР-тести алынды. Ошонун жыйынтыгы менен шаар ичинде кенен  жүрүүгө уруксат алдык. Бирок Пекиндин жашоочулары, сырттан келген меймандар ар бир 72 саат аралыгында “ден соолук кодун” жаңылап, ПЧР-тестин тапшырып туруусу керек. Анын жыйынтыгы жок эч жерге кире да, чыга да албай калат экенсиң. ПЧР-тестин тапшыруу бекер.

Бул жол үстүндө, карантинде өткөн сапарым менен эмнени айткым келет. Азыркы тапта дагы Кытайда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер өз күчүндө. Жашоо өз нугуна түшкөнү менен, баары бир беткап тагынуу, дезинфекция иштерин жүргүзүү талаптарын аткарып туруу керек. Өз убагында ПЧР тапшыруу зарыл. Кытай кесиптешим айтмакчы, бул иш-аракеттердин бардыгы жалпы элдин коопсуздугу, ден соолугу үчүн аткарылып жаткан иштер.

Чындыгында эле Кытайда эл көп, улуу муундун өкүлдөрү чоң ата, чоң энелердин дагы саны арбын. Алардын бардыгы тобокел тобуна кирет. Ошондуктан, Кытай сыртка ачылганы менен ооруну жайылтпоо үчүн азыр дагы болгон күч-аракеттерин көрүүдө. Бул эрежелерди сырттан келген бардык меймандар дагы так жана туура аткарууга милдеттүү. Эгерде бул жааттагы кандайдыр бир эрежелер бузулса, айып пулдан баштап үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.  Азыркы тапта Кытайга келүү чоң өжөрлүктү, сабырдуулукту талап кылат. Анткени карантинде көпкө болуу дагы оңой эмес. Ар кандай кырдаалдар болот. Бирок жумушу, окуусу Кытайга байланыштуу болгон чет элдиктер үчүн Кытайга кирүү үчүн мүмкүнчүлүктөр пайда болду.

Ал эми менин Пекинде болгон жашоом жаңы гана башталды. Эми гезитибиздин ар бир санына Кытай тууралуу кызыктуу макалаларды чыгарып турууга аракет кылмакчымын. Ошондой эле actualinfo_kg аттуу инстаграм баракчасынан дагы Пекин тууралуу айтып берип, КЭРдин борбор калаасынын ажайып жайлары менен тааныштырмакчымын. Каалоочулар ушул баракчага дагы катталып койсоңуздар болот.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии