Эл аралык деңгээлде таанылган кыргыз элинин руханий мурасынын көрөңгөсү болгон “Манас” эпосу дүйнө жүзүндөгү уникалдуу чыгармалардын бири, эң аз болгондо 150 жылдан бери окумуштуулардын көңүл борборунда болуп келет. “Манас” кыргыз тарыхынын, маданиятынын, көөнөргүс баалуулугу катары гана эмес, бүткүл адамзаттын руханий жана тарыхый-маданий энчисинин бир бөлүгү катары белгилүү.
Бул баян алмустактан бери ооздон-оозго өтүп жүрүп ХХ-кылымда гана анын жазма түрү пайда болду. Кылымдарды карыткан “Манас” эпосунун эл оозунда сакталышына зор салымын кошкон инсандар – манасчылар.
Чындыгын айтканда, “Манасты” толугу менен тааанып-билүүгө, ийне-жибине чейин изилдөөгө мүмкүн эмес. Анткени анын ар бир сабы, ар бир сөзү өзүнчө бир философия. Жакында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Синьцзянга иш сапары менен келгенде этникалык кыргыздардын “Манас” айтуусуна күбө болуп, бул багытта өзүнүн жылуу пикирин билдирген эле.
Биз дагы ушул саамалыктан алыстабай журналист, коомдук ишмер, манастаануучу, “Манас жаңырыгы” телеканалынын директору Темирбек Токтогазиев менен “Манас” эпосу, анын Кыргызстанда жана Кытайда изилденүүсү, корголуусу боюнча кызыктуу маек курдук.
-
“Манас” эпосунун жалпы изилденүүсү боюнча кыскача айтып берсеңиз?
-
“Манас” эпосун алгачкылардан болуп Чокан Валиханов 1857-жылы изилдей баштаган. Ал 1880-жылдары “Манас” жөнүндө кыскача маалыматты Санкт-Петербургда, Москвада жарыялап, басып чыгарган. Андан кийин Василий Радлов аттуу окумуштуу эпосту изилдеген. Ал атайын Орус империясынын атынан бул аймактагы жергиликтүү элдин жашоо-турмушун, маданиятын, эпос, санжыраларын изилдөөгө жиберилген. Радлов дагы 1885-жылы “Манасты” немис, орус тилинде чыгарган. Совет бийлиги мезгилинде Ибраим Абдрахманов Сагынбай Орозбаковдун Манас айтуусун төрт жыл бою жаздырып чыккан.
Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан кийин “Манас” терең изилденип, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үч бөлүмү 2013-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурасы катары кыргыз элинин атынан киргизилди. Ага чейин 2009-жылы кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын аткаруусунда дагы Кытай элинин үч берметинин бири катары ЮНЕСКОНун каттоосуна алынган.
Азыркы тапта дагы Кыргызстанда “Манасты” коргоо, сактоо боюнча жакшы иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, “Манас” театры, “Манас” академиясы ачылган. Ошондой Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы тарабынан дагы “Манастын” 60 ашуун варианты каралып чыккан.
-
“Манас” эпосун колдоодо Кытай Эл Республикасы кандай иштерди аткарды, ушул багытта айтып бере аласызбы? Өзүңүздүн дагы изилдөөлөрүңүз боюнча кыскача маалымат бере кетсеңиз?
-
Манас – жалпы адамзаттын баалуу мурасы. Андыктан аны жаштарга таратууга дагы аракет кылышыбыз керек. Албетте, 21-кылымда, интернет доорунда жашап жатканыбызды түшүнөм. Жаштар китеп окушпайт. Негизинен социалдык тармактарда отурушат. Ошондуктан, жакында эле КР Президентинин кабыл алуусунда болгонумда “Манастын” негизинде мультфильмдерди, компьютердик оюндарды тартсакбы деген сунушумду киргиздим. Бул сунушту Президент колдоду. Андыктан ушул багытта дагы иштер башталып калат деп ишенем.
Ал эми Кытай Эл Республикасы тууралуу айта турган болсом, Кытай бийлиги “Манас” эпосунун изилдөөнүсүнө, корголуусуна өзгөчө көңүл буруп келет. Мен өзүм алардын бул багытта уюштурган бир нече иш-чараларына катышкам. Мисалы 10 миң манасчынын катышуусундагы манас айтуу иш-чарасы. Бул толугу менен Кытай Эл Республикасынын бийлиги тарабынан каржыланган. Бардыгыбыз билгендей Кытайда манасчылар айылы дагы бар. Аларга кадимкидей айлык төлөнүп турат.
КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин бир нече жолу сөзүн “Манас” менен баштаганын укканым бар. Мына жакында эле ал Синьцзянга иш сапары менен келип, этникалык кыргыздардын “Манас” айтуусун көрдү. Ушул жерден дагы ал таланттарды баалап, маданий мурастын корголуусуна өзгөчө көңүл бураарын байкадым.
Ал эми Кытайдын алдыңкы өнөрпоздору тарабынан даярдалган “Манас” операсы эки мамлекеттин, эки элдин маданий алакасын бекемдөөгө чоң салымын кошту. Кыргызстанга бул опера 2019-жылы ШКУнун саммитинин алкагында коюлду. Ал биздин эл тарабынан дагы жогорку баага татыды. Бир жарым миллиардга жакын калкы бар Кытай Өкмөтү ушундай ири иш-чараларды каржылап, саны 200 000дей болгон этникалык кыргыздардын маданий мурасын сактоого, коргоого аракеттерди көрүп жатканы албетте, мактоого татырлык. Муну бардыгы Кытай өкмөтүнүн азчылык улуттардын маданиятына кош көңүл болбогонун билдирет. Ал ушундай эле Жаңгыр, Гисар эмгектерине дагы көңүл бурат. Мен билгенден “Манас” кытай окумуштуу, изилдөөчүлөрү тарабынан дагы мыкты изилденип келет. Профессор, белгилүү кыргыз таануучу Ху Чжэнхуанын бул багытта кошкон салымы абдан зор.
Мен 2010-жылы Пекинде профессор Ху Чжэнхуа менен жолуккам. Ошол жерден таанышып, анын изилдөөлөрү менен жакындан тааныштым. Андан соң, Борбордук улуттар университетинин профессору, манас таануучу Лан Йиң айым менен дагы ушул багытта маектешүүм үзүрлүү болгон. Андан соң Жаң Юңхай деген профессор менен тааныштым. Ал Пекин университетинде академик, мугалим. Профессор Жаң Юңхай өзүнүн бир канча жыл мурунку изилдөөлөрүнүн негизинде жарык көргөн макаласын көрсөткөн эле. Макаласында “Манас” эпосундагы Кытайдын шаарларын тактап чыгыптыр. Бул эмгек кыргызчага которулуп, биздин журналдарда дагы жарыяланган.
Мына ушул сыяктуу тыкыр изилдөөнүн арты менен, мен “Айкөл Манас – улуттук саясий лидерликтин туу чокусу” аттуу китеп жазып чыккам. Ал жерде Манасты мамлекет түптөгөн, империя түзгөн саясий улут лидери катары карап, изилдеп, фактыларга таянып жаздым. Маалыматтар негизинен 8-12-кылымдардагы араб жана кытай булактарынан алынды. Бул жалпысынан “Манас” боюнча 20 жылдык изилдөөмдүн жыйынтыгы болду.
Албетте, кытайлык кыргыздардан чыккан, манасчылардын арасында өзгөчө орунга ээ болгон инсан – Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Кызыл-Суу автоном облусунда жашап өткөн залкар манасчы Жусуп Мамайдын дагы кошуна мамлекетте “Манастын” баркталып, корголуусуна кошкон салымы зор.
-
“Манас” эпосун биргеликте изилдөө боюнча Кыргызстан менен Кытай ортосунда кандайдыр бир иш-аракеттер барбы, бул багытта келечекте дагы кандай иштерди аткарсак болот?
-
Негизинен мурун Синьцзян педагогикалык университетинде “Манас изилдөө” борбору бар эле. Азыр ал жабык. Ошол борбор аркылуу бир топ жакшы иштер аткарылган. Манасты изилдөө эки жактын тең окумуштуу, манастаануучулары менен биргеликте жүргүзүлчү.
Алдыда дагы ушундай борборлор ачылса, эки тарапка тең жакшы болмок. Мындай багыттагы иштер эки элдин достугун дагы бекемдеп, маданий алакасын өнүктүрөөрүнө ишенимим чоң. Эки жыл пандемиянын айынан эл аралык байланыштар солгундай түштү. Эми азыр жашоо кайрадан өз нугуна келүүдө. Жолдор ачылды дегендей. Эми алдыда дагы кыргыз-кытай алакасы бекемделип, биргеликте өнүгө берсин демекчимин.
Чолпонай ТУРДАКУНОВА